Акаевдин бирден-бир атаандашы болгон. Насирдин Исанов тууралуу 7 факты

© предоставлено Марией ИсановойМамлекеттик ишмер, өлкөнүн туңгуч премьер-министри Насирдин Исановдун архивдик сүрөтү
Мамлекеттик ишмер, өлкөнүн туңгуч премьер-министри Насирдин Исановдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, өлкөнүн туңгуч премьер-министри Насирдин Исановдун туулган күнү. Көзү тирүү болгондо бул инсан быйыл 75 жашка чыкмак.

Sputnik Кыргызстан агенттиги белгилүү саясатчынын баскан жолун эскерип, кызыктуу фактыларды сунуштайт.

Күндүзү иштеп, кечинде окуп… Насирдин Исанов 1943-жылы 7-ноябрда Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Көк-Бел айылында туулган. Айылдагы мектепти аяктаган соң Москвадагы Куйбышев атындагы инженердик-курулуш институтуна тапшырат. Ал жакта билим алып жүргөн кезинде кечинде окууга барса, күндүзү курулуш тармагында иштеген.

© предоставлено Марией ИсановойНасирдин Исанов эмгек жолун куруучулуктан баштап өкмөт башчылыкка чейин жеткен
Ко дню рождения государственного деятеля Насирдина Исанова - Sputnik Кыргызстан
Насирдин Исанов эмгек жолун куруучулуктан баштап өкмөт башчылыкка чейин жеткен

Куруучу — министр. Жогорку окуу жайдан 1965-жылы инженер-куруучулук кесипти алып чыккан. Мекенине кайтып келген жаш адис "Ошгорстрой" ишканасында мастер, прораб, башкы инженер, башкы технолог болуп эмгектенген. Кийин Коммунисттик партиянын катарына өтүп, 1976-жылы Алматыдагы жогорку партиялык мектепти аяктаган. 1983-жылдан тарта Кыргыз ССРинин курулуш министри болуп, анын жетектөөсү менен борбор калаадагы тарых музейи, "Ала-Тоо" аянты, Өкмөт үйү салынган. 1988-жылы Ысык-Көл облусунун аткаруу комитетинин төрагасы болгон.

Акаев менен ат салышкан. 1990-жылдагы президенттик шайлоодо Аскар Акаев менен Насирдин Исанов экинчи турда күч сынашкан. Анда Акаев алдыга озуп чыгып Исанов вице-президент болгонго жетишкен. Кийин саясатчылар чыныгы атаандаштар катары мамлекет башында чогуу туруп, бирге иштешкен.

© предоставлено Марией ИсановойНасирдин Исанов 1991-жылы Кыргызстандын биринчи өкмөт башчысы болуп, бул кызматты бир нече ай аркалаган
Ко дню рождения государственного деятеля Насирдина Исанова - Sputnik Кыргызстан
Насирдин Исанов 1991-жылы Кыргызстандын биринчи өкмөт башчысы болуп, бул кызматты бир нече ай аркалаган

Кыргызстандын биринчи премьер-министри. Эгемен Кыргызстандын биринчи өкмөт башчысы болуп саясатчы 1991-жылы январь айында шайланган. Кыйын кезеңде ал өлкөнүн базар экономикасы боюнча концепциясын иштеп чыгып, мамлекеттин демократиялык жол менен кетүүсүнө өз салымын кошкон. Замандаштары Исановдун калыс, кесипкөй жана принципиалдуу жетекчи болгонун эскерип келишет.

© предоставлено Марией ИсановойНасирдин Исанов өмүрлүк жолдошу менен бир уул, бир кызды тарбиялап өстүргөн
Ко дню рождения государственного деятеля Насирдина Исанова  - Sputnik Кыргызстан
Насирдин Исанов өмүрлүк жолдошу менен бир уул, бир кызды тарбиялап өстүргөн

Комуз чертип, ырдап… Саясатчы комуз, мандолинде ойноп обон созуп, ыр жазган. Ошондой эле кесиби куруучу болгондуктан үйдөгү курулуш иштерин башка адамга карматчу эмес. Мындан сырткары, ал лыжаны мыкты тепкен.

Эмгекчил уул-кыздын атасы. Саясатчы өмүрлүк жолдошу менен бир уул, бир кызды тарбиялап өстүргөн. Учурда тун кызы Мария Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо бөлүмүн жетектейт. Ага чейин IV чакырылыштын депутаты болуп, президенттик администрацияда дагы иштеген. Ал эми уулу Алмаз Инвестицияларды алга жылдыруу жана коргоо агенттигинде эмгектенет. Анын уул-кызы атасы жумуштагы маселени үйгө айтып келбеген, балдарга кол көтөрбөй, мыкты тарбия берген үй-бүлө башы болгонун эскеришти.

© Фото / из семейного архива семьи ИсановыхӨлкөнүн туңгуч премьер-министри Насирдин Исановдун көзү тирүү болгондо быйыл 75 жашка чыкмак
Первый премьер-министр КР Насирдин Исанов - Sputnik Кыргызстан
Өлкөнүн туңгуч премьер-министри Насирдин Исановдун көзү тирүү болгондо быйыл 75 жашка чыкмак

Каргашалуу жол кырсыгы… Аткаминер 1991-жылы 29-ноябрда Ош — Жалал-Абад унаа жолунда автокырсыктан каза болгон. Тергөөнүн расмий маалыматы боюнча 48 жаштагы Исанов бараткан унааны ЗиЛ-130 жүк ташуучу унаасы сүзгөн. Бирок каргашанын чоо-жайы азыркыга чейин ачыкталбай, саясатчынын жакындары тергөө иштерине ынанбай келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0