Зарыл болгондо издеп калбаңыз. Муниципалдык кызматтардын телефон номерлери

Жазылуу
Жарандар көрсөтүлгөн телефон номерлер аркылуу жооптуу кызматкерлерге түрдүү маселелери менен кайрыла ала тургандыгы айтылды.

БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэриясы таштанды чыгаруу, жылуулук берүү өңдүү маселелер боюнча калаа тургундары кайрыла турган мекемелердин байланыш телефондорун жарыялады.

Шаардыктар жылуулук берүү, ысык суу боюнча өздөрүнүн көйгөйлөрүн ыкчам чечүү үчүн төмөндөгү телефондорго кайрыла алат:

— (0312) 61-11-69 – Керектөөчүлөрдү колдоо борбору, 1980 кыска номери;

— 36-57-19, 30-07-67 – Борбордук райондун нөөмөт инженерлери;

— 51-06-22, 21-74-06 – Түштүк райондун нөөмөт инженерлери;

— 56-85-58 – Диспетчердик кызмат.

Муздак суу менен камсыз кылуу маселеси боюнча "Бишкексууканал" өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгына 56-03-20 (борбордук нөөмөт диспетчердик кызматы) телефону менен кайрылса болот.

Турак жай, коммуналдык чарба маселелери менен WhatsApp номерлерине кайрылууга болот:

— Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) — 0557 997 927;

— Акматбаев Таалайбек Таберикович (Октябрь району) — 0555 209 911;

— Аскарбеков Мавлян Амангелдиевич (Биринчи май району) — 0555 66-60-96;

— Касымбеков Рустам Асаналиевич (Свердлов району) — 0707 94 08 60.

Бишкек шаарынын мэриясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Коммуналдык кызматтар майрам күндөрү да иштейт
Ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын телефон аркылуу байланышуу борбору күнү-түнү иштейт, ал үчүн 185 жана 1840 номерлерине чалса болот. Андан сырткары, шаардыктардын кайрылуусун кабыл алуу үчүн "Бишкек 312" тиркемеси ишке кирген.

Тиркеменин колдонуучулары коомдук транспорт, жол куруу, коммуналдык чарба, социалдык мекемелердин иши, жашылдандыруу боюнча бөлүмдөргө чалып байланыша алат. Ошондой эле жарандар арыз-сунуштарын "Бишкек шаарынын мэриясынын расмий каналы" бөлүгүнө да калтыра алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0