Сүннөттөн кийин 5 оору таптакыр жолобойт. Урологдун маеги

© Sputnik / Табылды КадырбековГлавврач железнодорожной больницы Мирлан Султаналиев
Главврач железнодорожной больницы Мирлан Султаналиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мирлан Султаналиевдин үй-бүлөсүндө ак халатчандар дегеле жок болчу. Студент кезде нефрология, хирургия, дермовенерология, травматология тармагынан практика өткөндөн кийин "менден уролог чыгат!" деп кесибин так аныктаган.

Учурда Султаналиев Кыргызстандын Темир жол ооруканасынын башкы дарыгери. Ал Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине оорукананын ишмердүүлүгү жана урологияга байланыштуу кеңештерди айтып берди.

— Эгер тарыхка үңүлсөк, темир жол ооруканасы деп атайын бөлүп ачуунун зарылчылыгы эмнеден келип чыгыптыр?

Детский гинеколог Диля Боромбаева - Sputnik Кыргызстан
3-4 жаштагы кыздар кансырап келет. Балдар гинекологу Боромбаева менен маек
— Темир жол ооруканасын түзүү совет учурунда эле көтөрүлгөн экен. Илгери ага катардагы айдоочунун жүрөгү кармап калып поездди башкара албай чоң кырсыкка кириптер болгону түрткү берген. Ал эми кыргыз темир жолунун алгачкы фельдшердик пункту 1931-жылы ачылып, кийинчерээк отуз беш орунга ылайыкталган оорукана иштеп баштайт. Өлкө эгемендүүлүк алганга чейин жолдор Алма-Ата темир жолунун бир бөлүгү болуп эсептелинип, оорукана Темир жол ишканасы тарабынан каржыланып турган. Кыскасы, аталган тармактын кызматкерлери менен үй-бүлөлөрү гана кайрыла алчу. Кийинчерээк оорукана Саламаттык сактоо министрлигинин карамагына өткөрүлгөн. Мындайча айтканда, темир жолчулардан сырткары жолдомо менен келген башка бейтаптарды да тейлеп калдык. Бизде азыр үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, бейтапкана жана стационардык бөлүмдөр иштейт.

— Жылына канча бейтап дарыланат?

— Биздин адистер оорунун бардык түрүн карайт. Стационардык бөлүмдөрдө хирургия, терапия жана кардиология тармагы бар. Хирургияда лапароскопиялык жол аркылуу аялдардын жатын ооруларынын бардык түрүнө жана ички органдарга операциялар жасалат. Бир гана жугуштуу оорулар боюнча адисибиз жок. Өкмөттүн алдындагы Милдеттүү медициалык камсыздоо фонду менен түзүлгөн келишим боюнча жылына 3500дөй бейтапка жардам көрсөтө алабыз. Күнүнө 300гө жакын адамды кабыл алууга мүмкүнчүлүк бар. 

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын Темир жол ооруканасынын башкы дарыгери, уролог хирург Мирлан Султаналиев
Главврач железнодорожной больницы Мирлан Султаналиев - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын Темир жол ооруканасынын башкы дарыгери, уролог хирург Мирлан Султаналиев

— Кырсык каш-кабактын ортосунда эмеспи, маселен, поезд кырсыкка учураганда жүргүнчүлөр сиздерге келип түшөбү?

— Биздин темир жолдо ири кырсык деле каттала элек. Илгери мен бала кезимде, тагыраагы 1986-жылы, поезд менен автобус кагышып, жүргүнчүлөр каза болгонун уккан жайым бар. Көп учурда поезд адамды сүзүп кетет. Буга көбүнчө мастар менен кулакчын (наушник — ред.) тагынгандар кириптер болот. Кырсыктагандар аймактык ооруканага, эгерде сынык, жарааттар болсо Травматология жана ортопедия борборуна жеткирилет. Бирок поезддин астынан аман калуу деле мүмкүн эмес го… Адатта ал тогуз же андан көп вагон менен жүрөт эмеспи. Машинист канчалык аракет кылса да ошончо вагон менен дароо локомотивди токтотууга мүмкүн эмес. Жүрүү эрежесине ылайык, вагон акырындап барып токтоого тийиш. Айдоочу маңдайындагы адамды алыстан көрсө, анда токтогонго мүмкүнчүлүгү бар. Жакындан болсо, албетте, окуя кайгылуу аяктайт. Келтирилген чыгымды Темир жол ишканасы көтөрөт.

— Медициналык жайда канча адам эмгектенет? Сиз канча жылдан бери жетекчилик кызматта иштеп жатасыз?

— 2006-жылы уролог дарыгери катары келгем. Андан кийин оорукананын башкы дарыгеринин уюштуруу иштери боюнча орун басары, 2013-жылдан тарта башкы дарыгермин. Жалпысынан 225 кызматкер бар, анын 51и дарыгер, 104ү медайым, калганы башка тармактагылар. 

© Фото / Пресс-служба железнодородной больницы КР Султаналиев: ооруканада жалпысынан 225 кызматкер бар, анын 51и дарыгер
Деятельность железнодорожной больницы в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Султаналиев: ооруканада жалпысынан 225 кызматкер бар, анын 51и дарыгер

— Кызматкерлерге эмгеги үчүн жакшы эле төлөнүп берилеби? Маселен сиз канча аласыз?

— Ак халатчандардын айлыгы аз экендиги жашыруун эмес. Дарыгердин айлык акысы 5 миң сом, буга категориясы менен иш жылдары үчүн кошумча акыны кошкондо 10-12 миңдей алат. Ошондой эле коюмга жараша 18 миңге чейин алгандар бар. Меники илимий даражамды эсепке алганда 11 миң сом алам. Медайымдар 6-8 миң, ал эми кенже медициналык кызматкерлердики 4-6 миң сомду түзөт.

— Биздин медицинага дагы эмне жетишейт?

Ооруканадагы бейтаптар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эркектер эрте же кеч үйлөнсө эмне болот? Уролог менен турмуштук маек
— Айта берсе көп. Эң башкысы, көйгөйдү чечүүнүн жолун табышыбыз керек. Маселен, биз үй-бүлөлүк дарыгердин даражасын түшүнө албай келебиз. Ал бир эле учурда — медайым, терапевт, гинеколог, педиатр, кыскасы ар тараптуу адам болушу керек экен. Мисалы, мен урологмун, убагында бир нече адистиктин биригишине каршы болчумун. Мындай караганда бул абдан үнөмдүү жана универсалдуу тармак болуп эсептелет экен.

— Эми дарыгерлик ишиңиз тууралуу суроо берсем, эмне себептен тандап алдыңыз?

— Үй-бүлөмдө дарыгер аттуулар дегеле жок болчу. Мен бала кезимден эле дарыгер болууну кааладым. Бирок мектепти аяктаганда медициналык институтка өтпөй калып, кийинки жылы тапшырдым. Уролог болом деген оюмда деле жок болчу. Нефролог (бөйрөк оорусунун адиси — ред.) болсом деп жүрчүмүн. Анткен менен 1-курста хирург Мамбет Мамакеевдин ооруканасында санитар болуп иштеп, анан Эрнст Акрамовдун колунан практика өтүп жүрүп хирургияга кызыгып кеттим. Кийинки жылдары дермовенерологиялык ооруканага практикага бардым. Андан кийин травматологиядан да практикадан өтүп жүрдүм. Үйрөнгөн нерселердин баарын чогулта келгенде уролог болууну чечтим. Урологияда инфекциялык ооруну аныктайсың, бөйрөктү сөзсүз текшересиң, анан операция да жасайсың. Кыскасы 3-курстан кийин кайсы жакка бара турганым анык болду. 

© Sputnik / Табылды КадырбековСултаналиев: 2006-жылы уролог дарыгер катары келгем, 2013-жылдан тарта башкы дарыгермин
Главврач железнодорожной больницы Мирлан Султаналиев - Sputnik Кыргызстан
Султаналиев: 2006-жылы уролог дарыгер катары келгем, 2013-жылдан тарта башкы дарыгермин

— Биринчи жасаган операцияңыз эсиңиздеби?

— Албетте, сүннөт операциясын кылган болчумун.

— Балдарды үй шартында отургузууга кандай көз караштасыз?

— Алгач сүннөттүн орду тууралуу айтсам. Бул медициналык жактан абдан керектүү нерсе. Бала отургузулгандан кийин беш дарт такыр жолобойт. Алар: баланит, баланопостит, фимоз, парафимоз жана жыныс мүчөнүн башынын шишиги. Аталган оорулардын бардыгы жыныс мүчөнүн башынын сезгенишинен келип чыгат.

Дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эркектер гана ооруй турган 5 дарт
Ушуга байланыштуу бир нерсе эсиме түштү. Эки жаштагы бала гидронефроз оорусу менен келди. Анын бөйрөгү шишип, заара кыла албай жатыптыр. Тагыраагы, жыныс мүчөсүнүн башы бүтөлүп, ыйынган сайын органга күч келе берген. Дарыгерлер сүннөт кылып койду эле, жакшынакай болуп айыгып кетти.

Үй шартында отургузуп жүргөндөргө караманча каршымын. Медициналык билимиң жок кантип бирөөнүн баласына жоопкерчилик аласың? Бирок тилекке каршы, дарыгерлер арасында да ишин жөндөй албагандар бар. Атын атабай эле коеюн, бир хирург кичинекей баланы майып кылып койгон. Ата-энеси айыктырам деп Германияга чейин барган. Колуңан келбесе, даражаң жетпесе, бейтапка жолобош керек.

— Башыңыздан өткөн оор операция кайсы болду?

— Аденома. Бейтабым жашы өтүп калган киши болчу. Анын жумуртка бездери көтөн чучуктагы ичегиге жабышып калган экен. Же заара кыла албай, же заңдай албай төрт жыл кыйналды. Элге да аралаша албай чөгүп кеткен. Бизге маалы менен келип дарыланып турчу. Абдан күчтүү киши экен, аягына чейин чыдап, жакшы болуп кетти.

— Ишиңизде кайсыл нерсе сүйүндүрөт?

— Кайрылган бейтаптарыбыз аман-эсен айыгып кетсе, жасаган операциябыз ийгиликтүү болсо сүйүнөбүз. Мага келип көрүнүп жакшы болуп кеткен эки бала "уулдуу болсок сиздин атыңызды коебуз" деп жүрүшөт. 

© Sputnik / Табылды КадырбековУролог Мирлан Султаналиев: кайрылган бейтаптарыбыз аман-эсен айыгып кетсе сүйүнөбүз
Главврач железнодорожной больницы Мирлан Султаналиев - Sputnik Кыргызстан
Уролог Мирлан Султаналиев: кайрылган бейтаптарыбыз аман-эсен айыгып кетсе сүйүнөбүз

— Бейтаптарга кандай кеңеш бересиз?

— Биринчиден, урологго көрүнгөндөн тартынбаш керек. Экинчиден, ооруну дарылагандан мурда алдын алганды үйрөнүшүбүз кажет.

Работа городской клинической больницы № 59 в Москве - Sputnik Кыргызстан
Оор дартын уккан бейтап өксүп ыйлады. Хирургдун маеги
Мындай бир учур болду. Жаш жигит бөлөк аял менен жакын мамиледе болот. Анан аялыма оору жукпасын деген максатта дары ичет. Жыл айланып аялы жыныстык катнаш аркылуу жугуучу ооруга кириптер болот. Аны күйөөсү туура эмес кабыл алып, жарын "туура эмес басты" деп урушуп, ажырашканга чейин барышкан. Муну менен эмнени айткым келет? Инфекция сасык тумоо сыяктуу иммунитет төмөндөгөндө козголо берет. Ошондуктан жакшылап дарылануу керек же ыплас жолдон алыс болуу шарт. Бул ден соолукту гана сактабастан, үй-бүлөлүк чыр-чатактан оолак кылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0