Бишкекте өлкөдөгү диний окуу жайлардын жетекчилери окуудан өтөт

© Фото / пресс-служба Ошского областного казыятаСеминар для для религиозныз служателей в Оше
Семинар для для религиозныз служателей в Оше - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуу семинардын ачылышы "Биринчи кадам" медресесинде болот.

БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы 10-11-ноябрь күндөрү Бишкекте өлкө аймагындагы диний окуу жайлардын директорлоруна "Диний билим берүүнүн коомдогу орду" аталышында окуу семинарын өткөрөт. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Мусульмане в мечети - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда имамдар үчүн колдонмо китептер чыгат
Семинардын ачылышы борбор калаадагы "Биринчи кадам" медресесинде болот. Ага муфтий Максат ажы Токтомушев, "Дүйнөлүк Куран жана Сүннөт" уюмунун өкүлү, доктор Ахмад Сайфуддин Туркистаний катышат.

Анын алкагында окутуунун жаңы усулдары, программаларды жакшыртуу жана тереңдетип үйрөтүү, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу менен студенттердин кызыгуусун арттыруу, заманбап технологияларды колдонуу маселелери каралмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0