Ютубер Жолдошев: кызматкериме 140 миң сом айлык төлөгөнгө даярмын

© SputnikЮтубер Курманбек Жолдошев
Ютубер Курманбек Жолдошев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Курманбек Жолдошев окуучу кезинде эле интернет десе жанын берчү. Убактысын компьютердеги оюнга эмес, сайт жана тиркеме жасоонун сырларына, социалдык тармактардын ишмердүүлүгүн билүүгө жумшачу. Аракетинин акыбети кайтып, коомчулукка YouTube хостериндеги ишкер катары таанылды.

Былтыр Жолдошевге YouТube видеосервисинин администрациясы "Алтын баскыч" сыйлыгын тапшырган.

Блоггер жана ишкер Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине маек куруп, жаштарга сырын ачты.

— Биринчи өзүңүз тууралуу айтып бересизби?

— 35 жаштамын. Балалыгым Жалал-Абаддын Базар-Коргонунда өттү. Атам дарыгер, апам мугалим болуп иштейт. Алты баланы эрезеге жеткиришти. Кичинекей чактан эле бир нерсени кураштырып жасаганга кызыгып радио, телевизорлорду оңдоп, ток эсептегичтин ары-бери жагын чукулай берчүмүн. Биринчи жолу күкүрттөн ат жасаганым эсимде. Физика тармагына кызыгып китептерин окуп жүрдүм. Бирок лицейди аяктаганда Түркиядан экономика багыты боюнча билим алдым.

© Фото / предоставлено Курманом ДжолдошевымКурман Жолдошев: Баракчасына жүз миң көрүүчү катталса, "күмүш баскыч" берилет. Миллион көрүүчү катталса, "алтын баскыч", он миллион көрүүчү топтосо "бриллиант баскыч" ыйгарылат. 50 миллион көрүүчү катталган автор "рубин баскычын" алат.
Кыргызстанец Курман Джолдошев - Sputnik Кыргызстан
Курман Жолдошев: Баракчасына жүз миң көрүүчү катталса, "күмүш баскыч" берилет. Миллион көрүүчү катталса, "алтын баскыч", он миллион көрүүчү топтосо "бриллиант баскыч" ыйгарылат. 50 миллион көрүүчү катталган автор "рубин баскычын" алат.

— YouTube видеосервисиндеги ишкерлик эмнеден башталды?

— Негизи айылымдагы түрк лицейине компьютер үчүн баргам десем болот. Ал кезде атам окуу жайдын технологиясы заманбап деп кызыктырып жатып алып барган. Окуучу кезимде интернеттен чыкчу эмесмин. Жуманан эки күнү эс алчу элек. Мен кетпей кечке чейин интернетте отура берчүмүн. Түркияга кетип студент болгондо да ал адатым калган жок. Максатым — сайт, тиркеме, социалдык тармактардын жасалышы, ишмердүүлүгү тууралуу билүү эле.

Предприниматель Тилек Токтоналиев - Sputnik Кыргызстан
Тилек Токтоналиев: үйдө отуруп Amazon аркылуу айына 1000 доллар тапса болот
Москвада жүргөндө досторум бир фирмага сайт жасап беришимди суранып, 2000 доллар сунушташты. Ошондон кийин буйрутма менен иштеп баштадым. Элге жасап бергенден тышкары өзүмө 100дөй сайт ачып иштеттим. Ал жакка көңүл ачуучу видеолорду, ыр, бий, клиптерди, видео-сабактарды жүктөп турчумун. Бирок 2014-жылы кризиске туш болдук. Биздин сайттар орус тилдүү болгондуктан ошол жылы Россияда нефтинин баасы төмөндөп, жарнама бергендер кескин азайып кетти. Биз негизи жарнаманын аркасы менен жан багабыз да. Сайттарды жаап, YouTube видеосервисин колго алууну эп көрдүм.

— Учурда канча каналыңыз бар?

— Бишкекте 2-3 кеңсебиз бар. Командам менен беш-алты каналды иштетем. Азыр YouTube компаниясынын шарт-талаптары өзгөрүүдө. Ошого жараша жаңы концепцияларды иштеп жатабыз.

© Фото / из личного архива Курманбека ЖолдошеваЖолдошев: Москвада жүргөндө досторум бир фирмага сайт жасап беришимди суранып, 2000 доллар сунушташты. Ошондон кийин буйрутма менен иштеп баштадым.
Ютубер Курманбек Жолдошев - Sputnik Кыргызстан
Жолдошев: Москвада жүргөндө досторум бир фирмага сайт жасап беришимди суранып, 2000 доллар сунушташты. Ошондон кийин буйрутма менен иштеп баштадым.

— YouTube каналын алдыга жылдырат элем дегендерге кандай кеңеш бересиз?

— Алгач окшоштуктардан качыш керек. Маселен, санжыра деген канал ачкыңыз келсе, мурда-кийин мындай аталышта канал бар-жогун караштырыңыз. Эгерде болсо алардан өзгөчөлөнүп, атаандаштыкты жеңе аламбы деп ойлонуңуз. Негизи каналдын картинасы менен аталышы өзгөчө болушу керек. Андан соң аны элге жайылтуу максатында социалдык тармактарга шилтемесин коюп жарнамалайсыз. Мунун баары оптималдаштыруу деп аталат. Кыскача ушундай. Үйрөнөм деген кишиге мониторду коюп алып көрсөтпөсө, сөз менен түшүндүрүү кыйын.

— Сиздердин каналга кандай шартта каражат топтолот?

— Бир гана жарнама аркылуу. YouTube хостери жүктөлгөн видеого жараша тектеш жарнаманы автоматтык түрдө кошуп берип турат.

— Сыр болбосо канча табасыздар?

— Көпчүлүк канча каражат табарыма кызыгат. Акчага эле басым жасай берип, негизги максатыбыз ачылбай калып жатат. Менин максатым аз болсо да жаштарга билгенимди үйрөтүү. Өзүм Москвада жашап калгандыктан мигранттардын жашоосун жакшы билем. Маселен, таанышым ал жакта жүк ташып иштечү эле, бизге келип модельер кызматын аркалап кетти. Негизи айына болжолу менен 5-10 миң долларга чейин болот. Майрам күндөрү, өзгөчө жаңы жылда абдан жакшы акча түшүп калат.

© Фото / Курманбек ЖолдошевИшкер: Айына болжолу менен 5-10 миң долларга чейин табам. Майрам күндөрү, өзгөчө жаңы жылда абдан жакшы акча түшүп калат.
Ютубер Курманбек Жолдошев - Sputnik Кыргызстан
Ишкер: Айына болжолу менен 5-10 миң долларга чейин табам. Майрам күндөрү, өзгөчө жаңы жылда абдан жакшы акча түшүп калат.

— Эң жемиштүү канал кайсыл болду?

— KIDS 312. Катталуучулары төрт миллионго жетти! Андан кийинки каналдарымдыкы 2-3 миллонго чукулдап калды. Бирок аталыштарын айтпаганга аракет кылам. Себеби Америкада, Россияда жарнама берүүчүлөр көп болгондуктан контентти ошол жакка бурганга аракет кылабыз. Эгер кыргызстандыктар кире берсе, робот географиясын өзгөртөт. Тилекке каршы, бизде жарнама берген компаниялар өтө аз.

Мен ишкермин деп аталган ишкерлер клубунун негиздөөчүсү Асел Алымбаева - Sputnik Кыргызстан
Окуучу кезимде акчаны белиме байлап, шаардан товар ташычумун. Ишкер аял менен маек
Бир мисал айтып берейин. Учурда ырчы Самара Каримованын каналын иштетип жатабыз. Ал катышкан "Акшоола" сериалын жүктөгөнбүз, көрүүчүлөрдүн саны 2 миллондон ашты. Видеого киргендердин 90 пайызы Россиядагы мигранттар экен. Ушундан улам Кыргызстандын рыногунда каражат жок экендигин көрсө болот. Бирок ошол 90 пайыз биздин өлкөнүн ичинде көрүлсө деле жарнама арзан баада болгондуктан мага пайда түшпөйт.

— Жакшынакай видео көрүп жатсаң капталдан жарнама чыга калып кыжырга тиет. Мындайда башка видеого аттап кетесиң…

— Видеонун четинде жарнама чыкпай турган режимди басып койсо болот, бирок ага да каражат төлөш керек. Бир нерсени эске алышыбыз керек, сиз каалаган видеонун жетип келишине жарнама себепкер.

— Маселен Instagram тармагында катталуучунун саны 10 миңге жетмейинче сториз функциясына шилтеме кое албайсың, YouTube хостеринде мындай талаптар каралганбы?

— Каналда миң катталуучу болушу керек жана күнүнө төрт миңдей адам кириши шарт. Бизде видеонун сапаты менен автордук укугу тыкыр каралат. Себеби канал бир жабылса, кайрадан ачтыруу мүмкүн эмес. Instagram бул жаатта кандай иш алып барарын билбейм.

© Фото / из личного архива Курманбека ЖолдошеваЖолдошев: Лид-аниматорду көптөн бери издеп келем. Ал мындайча айтканда курулуштун бригадири сыяктуу кызматты аткарат.
Ютубер Курманбек Жолдошев с коллегами - Sputnik Кыргызстан
Жолдошев: Лид-аниматорду көптөн бери издеп келем. Ал мындайча айтканда курулуштун бригадири сыяктуу кызматты аткарат.

— Үйрөт дегендер көппү?

— Жеке консультация бербейм. Өтө зарыл сунуштар менен кайрылгандар болсо, окуучуларыма табыштап коем. Кээде мага тиешеси жок, күлкүлүү суроолор менен кайрылгандар бар. Маселен, компьютерим өчүп-күйүп атат же ачылбай жатат дейт… Интернет менен каражат табууга анын кандай тиешеси бар экенин түшүнбөйм. Үйрөнөм дегендар арбын. Жакынкы айларда уюм, агенттиктер менен семинарларды өтөйүн деген ой бар.

— Социалдык тармактагы постуңуздан 70-140 миң сомго чейин айлык бере турган кызматкер издеп жатканыңызды окудум…

Предпринимательница Амина Мамытбекова - Sputnik Кыргызстан
Батирден куулуп, көчөдө калган... Бишкектик ишкер айымдын окуясы
— Лид-аниматорду көптөн бери издеп келем. Ал мындайча айтканда курулуштун бригадири сыяктуу кызматты аткарат. Өзүнүн да тажрыйбасы мол, башкаларга дагы үйрөтө билиши керек. Тапсам 1-2 миң доллар төлөмөкмүн. Болбосо Москва, Украинадан 3-5 миң доллар айлыкка караштырып жатабыз. Сырттан адис келсе, биздин балдар дагы үйрөнүп алат эле. Аалам интернетке туташып калды, демек аниматорлор жерде калбайт. Мен бул тармакты билем.

— Былтыр YouTube хостерининин алтын баскыч сыйлыгын алдыңыз эле. Ага кантип жетсе болот?

— Баракчасына жүз миң көрүүчү катталса, "күмүш баскыч" берилет. Миллион көрүүчү катталса, "алтын баскыч", он миллион көрүүчү топтой алса "бриллиант баскыч" ыйгарылат. Элүү миллион көрүүчү баракчасына катталган автор "рубин баскычын" алат. Мында каналдардын иши, авторлук укуктун сакталуусу, видеолордун сапаты толугу менен Youtube каналынын комиссиясынын кылдат текшерүүсүнөн өтөт. Талаптарга жооп бербесе, канчалык катталуучуң болбосун, сыйлыктарга жете албайсың.

© SputnikЮтубер: Жеке анимациялык киностудиямды ачып, тасмаларды интернетке жүктөп тургум келет. Жакынкы айларда Мосвквага жана Кореяга барып тажрыйба топтоп келели деп жатабыз.
Ютубер Курманбек Жолдошев - Sputnik Кыргызстан
Ютубер: Жеке анимациялык киностудиямды ачып, тасмаларды интернетке жүктөп тургум келет. Жакынкы айларда Мосвквага жана Кореяга барып тажрыйба топтоп келели деп жатабыз.

— Эми алдыдагы пландарыңыз менен бөлүшө кетсеңиз?

— Жеке анимациялык киностудиямды ачып, тасмаларды интернетке жүктөп тургум келет. Жакынкы айларда Мосвквага жана Кореяга барып тажрыйба топтоп келели деп жатабыз. Учурда мен продюсерлик кылган "Жетикс" тасмасы тартылып жатат. Аны интернетке эмес, кинотеатрларга көрсөтөбүз.

— Интернеттеги ишкерликтен тышкары эмне менен алектенесиз?

— Сырткы жарнама жасап жана оор жүк ташый турчу эки фирмам бар. Кээде курулуш компанияларга өнөктөш болуп коем.

— Соңку сөз үй-бүлөңуз тууралуу болсун.

— Жубайым экөөбүз үч баланы тарбиялап жатабыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0