Нарын рестораны. Архив

Мэр Суракматов "Нарын" рестораны канчага сатылганын айтып берди

1212
(жаңыланган 13:13 10.11.2018)
Шаар башчысы мурунку ресторандын ордуна сквер курулса, аталган райондогу үчүнчү парк болорун айтты.

БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Бишкек мэри Азиз Суракматов "Нарын" рестораны кытай компаниясына 7 миллион долларга сатылганын Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына айтып берди.

Эскерте кетсек, аталган жай архитектуралык маанидеги эстеликтер тизмесинен 2016-жылы чийилген. Бир жылдан кийин имаратты кытайлык компания сатып алып, түрттүрүп салган. Ал жерге "Хуалинь" деп аталган 20 кабаттуу мейманкана куруу пландалып, бирок ошол кездеги мэр Албек Ибраимов аталган аймак скверге айланарын, ал эми инвесторлорго башка жер тилкелери сунуштала турганын билдирген.

"Бул райондо "Театральный" сейил багы бар, андан тышкары Жеңиш аянты турат. Мындан улам үчүнчү сквер курууга негиз жок. Менин баамымда, "Нарын" рестораны шаардын сыймыктана турган курулушу болчу, дароо көзгө урунуп турчу", — деди Суракматов.

Буга чейин "Бишкекбашкыархитектура" ишканасынан аталган аймактын ээлери байланышка чыкпай жатканы айтылган.

1212
Белгилер:
сквер, "Нарын" рестораны, Азиз Суракматов, Бишкек
Тема боюнча
Албек Ибраимов: "Нарын" ресторанынын ордуна парк курулат
Кайран "Нарын"! Чаң арасында калып... ресторан түрттүрүлө баштаган видео
Пикирлер