Бывший начальник отдела ГСБЭП Русланбек Умаров

Уулум өлөрдөн мурун эскертүү алгам... Кыргызстандык милиционердин баяны

4105
(жаңыланган 09:35 12.11.2018)
Асель Минбаева
Милициянын мурдагы ыкчам кызматкери Русланбек Умаров бир кезде прокуратура, УКМКнын жемкорлукка малынган кызматкерлерине каршы күрөшүүдөн эч тайманган эмес. Айланасындагылар "Руслан, кимдин куйругун басканыңды билбей жатасың", — деп эскерткен күндөр болгон.

Үч жыл мурун Русланбек Умаровдун ысымы жаңылыктарда катуу жаңырган. Ал Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын Талас жана Чүй облустары боюнча атайын кызматтын кызматкерлерине каршы кылмыш иштеринин бетин ачкан.

Бирок 2015-жылдын май айында анын 17 жашар уулу Азиз жол кырсыгында набыт болгон. Кийин эксперттер автомобилдин дөңгөлөгүн бекиткен буроону таба албай коюшкан. Бир-эки ай өткөндөн кийин тажрыйбалуу кызматкерди суракка алышат, алтургай, аскердик билети жасалма деген шылтоо менен Финполдон да кетүүсүн өтүнүшөт.

"Мен эч качан эч кимге бут тоскон жокмун, эч кимден пара алган эмесмин. Болгону алкымы чоң паракорлорго каршы күрөшүүгө жан үрөгөм", — дейт ал.

— Өзүңүз тууралуу кеп салсаңыз.

— Мен интернационалдык үй-бүлөдөнмүн, атам кыргыз, апам орус улутунан. Ата-энем мен эки жашка толгон кезде эле эки ача жолго түшүшкөн экен. Ага карабастан, агам экөөбүз жакшы шартта чоңойдук, атам апамдын ордун жоктоткон жок.

Биз шаардык балдар болуп өстүк. Кыргыз тилин унутпашыбыз үчүн атам жайкысын жайлоого жөнөтчү. Ал жактан атка мингенди, мылтык атканды, чүкө ойногонду, койдун курттарын тазалаганды дагы үйрөнгөнбүз. Үч ай өткөн соң атам чачтары саксайган, биттеген балдарын шаарга алып кетер эле.

— Келечек турмушуңузга таасир эткен бир учур болду беле?

— 9-класста баскетбол ойноп, бөйрөгүмдү жабыркатып алдым. Абалым оор болгондуктан, мени Ысык-Көлдөн Бишкекке учак менен алып келишти. Борбордон Москвага учууга туура келди. Төрт ай ооруканада жаттым, ошончо убакыт атам мени карап, үч маал ысык тамак даярдайт. Майып болуп калышым толук ыктымал болчу. Бактыма жараша, толугу менен айыгып кеттим. 

Бывший начальник отдела Государственной службы по борьбе с экономическими преступлениями Русланбек Умаров
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Милициянын мурдагы ыкчам кызматкери Русланбек Умаров: эл биздин милдетибизди пара алган аткаминерлерди кармоо деп ойлошот. Бул кандай жагымсыз иш экендигин алар билишсе кана, адам аргасыз, аялы көз жашка муунган, балдары чочулаган, улгайган ата-энеси ыйлап турат… Бир үй-бүлө үчүн бул жер караткан окуя!

— Бала кезден бери эле кылмыштуулук менен күрөшкүңүз келчү беле?

— Жок, мен доктур болууну самачумун, атам Айыл чарба институтуна тапшыр деп туруп алды, ал менден саясий кызматкер бир чыгат деп ойлочу. Өзүм кызыкпаган кесипти беш жыл өздөштүргөн соң Фрунзе мэриясына ишке орноштум. Кийин туризм, бажыкана, салык инспекциясы, акыры Финансы полициясында иштедим.

— Финполдо милдетиңиз кандай эле?

— Чоң иликтөөлөрдү жүргүзүүнү туура көрдүм: бир кишини (адатта, эң чабалын) гана кылтакка илбей, бүтүндөй бир чынжырды үзгүм келген.

Бир мисал айтып берейин, бир убакта Кыргызстанда бензин жүктөлгөн унаалардын өтүшүнө тыюу салынган. Себеби алар оордугунан улам жолду талкалашчу. Так биле албайм, бирок тыюу салууну вагон-вагон күйүүчү май ташыгандар демилгелеген деген божомол бар. Тыюу салынгандан кийин эле машиналар токтоп калган жок, болгону тескөөчү органдар үчүн жемкорлуктун булагы пайда болгон. Кызматкерлер бензин ташуучу унааларды токтотуп, акча талап кылышкан. Айдоочу Бишкектен Баткенге чейинки бир сапар үчүн үч миң доллар пара берген.

Иштин чоо-жайын өз көзүм менен көрүш үчүн бул багыт менен айдоочунун шериги катары жолго чыктым. Машинанын кабинасында жашыруун камера орнотулган. Бизди баары, ким кааласа бүт токтотуп, акча алып жатышты: ар бир жолу 200-400 доллардан берип жүрүп отурдук. Бажы, УКМК, ИИМ, Транспорт министрлигинин кызматкерлерине төлөдүк.

Кылмыш иши козголуп, бир саат ичинде төрт ири тутумда кылмыш үстүнөн элүүгө чукул киши кармалган. Аларды Бишкекке алып келишти, көбү камалды. Бирок жемкорлук түп-тамырынан жоюлуп кеткен жок, андан кийин паранын "чени" эки эсеге жогорулады.

Чындыгында бул жемкорлук схемасын бузуу абдан оңой эле болчу: өкмөт ашыкча жүк үчүн расмий акы киргизе алмак, маселен, 50 миң сом. Ошол менен маселе чечилмек! Бензин ташуучу унаалардын айдоочулары кан жолдо тонолгондун ордуна кассага акы төгүшмөк. Бирок андай аракеттер жасалган жок.

— Балким кимдир бирөөгө дал ушул нерсе керек болгондур…

— Албетте. Кептин аныгында жемкорлук маселелеринде эки кадам алдыга карай ой жүгүртө билүү зарыл. Эл биздин милдетибизди пара алган аткаминерлерди кармоо деп ойлошот. Бул кандай жагымсыз иш экендигин алар билишсе кана, адам аргасыз, аялы көз жашка муунган, балдары чочулаган, улгайган ата-энеси ыйлап турат… Бир үй-бүлө үчүн бул жер караткан окуя!

Чындап келсе, анык вазыйпабыз — андай көрүнүшкө жол бербөө. Бир учурду мисалга келтирейин. Бишкектиктер бир кезде көп кабаттуу үйлөрдөгү балкон дубалдарын кеңейтүүгө жапырт киришкен. Анүчүн Сейсмология институтунан уруксат алуу керек эле, албетте, акысыз берилчү эмес. Бул туурасында калаа тургундарынан мага кайрылгандар көп болгон.

Биз эксперимент жасоону чечтик: балконун кеңейткиси келген айымды таап, батирин карызга алып турдук. Батирдин "жаңы кожоюну" Сейсмология институтуна кайрылды, дарек боюнча инспектор жөнөп кетти. Ал "уруксат кагазы үчүн 20 миң сом төлөш керек, бирок документте эки миң сом деп гана көрсөтүлөт" деди.

Ошол инспекторго кылмыш иши козголду. Кийин Сейсмология институтунун директоруна кирип, бир бөлмөлүү батирдин балконун кеңейтүүгө уруксаттын расмий акысын эсептеп берүүсүн өтүндүм. Ал эсептеп көрдү да, "500 сом" деп жооп берди. Андан соң эң чоң акысын сурадым. Көрсө, ал 5 миң сомду түзөт экен.

Башкача айтканда, расмий түрдө гана алар 500дөн 5000 сомго чейин сурай алышат, карапайым эл мындай сан кайдан чыккандыгынан да кабарсыз. Директорго: "Жемкорлукту жойгуңуз келеби? Бир бөлмөлүү батирге бул акы 1000 сом, эки бөлмөлүүгө 2 миң болсун, андан ары да бөлмөсүнө жараша эсептеңиздер. Мындай ыкма ар бир бишкектик адамга түшүнүктүү болот. Баа өлчөмүн ачык жарыялагыла, ошондо жемкорлуктун бардык чийимин жогото аласыздар",- дедим.

Эртеси күнү буйрук чыгып, институттун далисине документтер илинди. Көп өтпөй ал буйрукту кайрадан жокко чыгарып коюшту. 

Бывший начальник отдела Государственной службы по борьбе с экономическими преступлениями Русланбек Умаров
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Русланбек Умаров: 2015-жылы мага каршы күрөшкөн кишилердин курчоосунда калдым. Башкы прокуратура, УКМК, ИИМдегилер ызырынышты. Алтургай, жетекчилик дагы менден жүзүн буруп кетти.

— Финполдогу ишиңиздин акыркы жылы тууралуу айтып бериңизчи.

— 2015-жылы мага каршы күрөшкөн кишилердин курчоосунда калдым. Башкы прокуратура, УКМК, ИИМдегилер ызырынышты. Алтургай, жетекчилик дагы менден жүзүн буруп кетти.

Мамлекеттик коопсуздук комитетинин жана Башкы прокуратуранын тутумундагы жемкорлукка каршы күрөшө баштаганымда, УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын жетекчилиги жана кызматкерлерине карата чараларды иштеп чыкканымда ушундай көрүнүшкө кабылдым.

Анткени жарандардан жана бизнес өкүлдөрүнөн мага аябагандай көп маалымат түшкөн, аларды кылдаттык менен текшерип чыккам. Жыйынтыгында мен ким канча, кайда жана эмне үчүн акча алгандыгын так билип калгам. Менин жетекчилигим ал материалдарды каттоодон баш тартып, маалыматтарды кимге карата иштеп чыксам, ошолорго тымызын берип турушкан.

Кысым катуу болду. Башкы прокуратура да мен ачкан учурлар боюнча иш козгоодон баш тарткан. Жеке тиреш башталган. Азыр да менде абдан көп маалымат калды, бирок аларды далилдей аларым күмөн. Тескөөчү органдар жана соттор чечимди кантип кабыл аларын билесизби?

Уулумдун өлүмүнөн үч ай мурун мен топтогон материалдардын жыйынтыгы менен атайын кызматтын кызматкерлерине карата ар кандай эпизоддор боюнча бир нече кылмыш иши козголгон.

Сотко күбөлөрдү алып келдим. Алар соттолуучуларга жеке өздөрү акча бергендигин айтып беришти, бирок алардын көрсөтмөлөрү эске алынган жок. Соттолуучулардын күнөөсүнүн далилдери жазылган диск бош болуп чыкты. Ноутбукта сакталганы бар эле, аларды дароо көрсөк болорун айттым, бирок сот ал сунушумду четке какты. Айыпталуучулар акталды.

— Сизди качан коркута башташты?

— Түз коркутуулар болгон эмес. Чындап келсе, мен эч нерседен корккон эмесмин. Эч кимге бут тоспой, мыйзамдан тайбай ак иштедим.

Күч жана тескөөчү структуралардын желмогуздарына каршы туруу татаал болорун билгем. Мага: "Руслан, этият бол, сен алардын ким экендигин билбейсиң",- дешкен. Уулумду жоготкон күн – өмүрүмдөгү эң каргашалуу күн. Ушундай сонун бала эле…

Кийин экспертиза машинанын дөңгөлөгүн бекиткен буроо жок экендигин көрсөттү. Аны бирөө атайын алып койгондой, машина жүрүп баратканда дөңгөлөк ыргып кетиптир.

Көп ойлондум. Ушунун баары керек беле мага? Баары бир акыйкатка жете албадым… Бирок, экинчи жагынан, мен карапайым калкка көмөктөшкөм да! Ар бир арыз берүүчү, күбөлөрүм үчүн акырына чейин күрөштүм, муну бөркүңүздөй көрүңүз.

— Сизди кийин аскердик билетиңиз жасалма деп иштен кетиришти, туурабы?

— Дароо эле УКМК, ИИМ жана прокуратура текшере баштады. Башка бир илинчек таба алышкан жок. Чындап эле мен алгачкы чакыруу комиссиясынан 9-класста окуп жүргөнүмдө өткөм. Ошондо мен жаңы операциядан чыккан кезим болчу.

Врачтар: "Чоң жигит, сен майып болуп калышың ыктымал, ден соолугуңду бекемдешиң керек. Аскердик кызмат өтөмөй сага кайдан?" – дешкен. Аскердик милдет өтөөгө жараксыз деген бүтүм чыгарышкан.

10 жылдан соң Финполго ишке чакырылдым. Кайрадан медициналык кароодон өтүшүм керектигин айтышты. Ал убакта ден соолугум жайында, эч кандай көйгөй жок болчу. Кызматка жарактуу деп таап, мага жаңы аскердик билет беришти.

Качандыр бир кезде ден соолугумдун жабыркаганын эч ким деле эстеген эмес. Алтургай, июнь окуясы чыккан маалда Ошко да баргам. Анын алдында жетекчилик бизди катарга тизген, жүзгө чукул киши болчубуз. Коопсуздукка эч ким кепилдик бере албасын, башаламандыкка чулганган калаага ыктыярчылар гана жөнөтүлөрү айтылган.

Төртөө гана баш тартып, калгандарына автомат таратылган. Биз Ош шаарындагы коопсуздукту жана тартипти камсыздоого тийиш элек. Бактыбызга жараша, ок чыгарууга туура келген жок.

Анан ошол убактан ушунча мезгил өткөн соң атайын кызмат менин аскердик билетимди туура эмес, саламаттыгымды начар дешти. Башкы прокуратура ИИМ жана УКМКнын материалдары боюнча аскердик билетти мыйзамсыз жол менен алгансың деп аны жок кылууну талап кылды. Көрсө, аскердик комитеттин врачтары мени кайрадан кароого укуксуз экен. Кудай ой, бул болбогон эле бир нерсе!

Алар аны дароо өрттөп, мени жумуштан кетиришти. Ошентсе да мында бир кызык жагдай бар: эгер документ мыйзамсыз болсо, анда эмнеге мага, аскердик кызматтагыларга, ошол врачтарга карата кылмыш иши козголбоду? Эмнеге бизди сот жоопкерчилигине тартышпады?

— Сиздин жетекчилигиңиз чындап эле сизди коргоого тырышкан жокпу?

— Тескерисинче! Алар менден кутулганына сүйүндү, себеби мендей кызматкерлерди башкаруу татаал эмеспи. Бир жыйында төрага кызматкерлерди жемелей баштады: "Биздин ыкчам кызматкерлердин жүрөктөрү тоо болуп калганбы! Элден 300-500 доллар аларыңарды билем", – деп калды. Ошондо ага карап: "Сиз муну чындап айтып жатасызбы? Сиздин орун басарларыңыз 50-100 миң доллардан жешет, мындан кабардар эмес белеңиз?" — дедим.

Кийинчерээк жалгыз калганыбызда анын орун басарына чоң акчалар кантип келерин айтып бердим. "Жакшы бир таанышым бар, ал ай сайын орун басарыңызга "отметка" алып келет. Банкноттордун көчүрмөсүн алсын, орун басарыңыздын ишин териштирели",- дедим.

Ал ачуусунан кызарып-татарып, мага ызырына да түштү. Акыл калчоосу керектигин айтты. Эгер ак иштеген жетекчи болсо, кеби ушундай болмок беле? Кабылдамада катчы кыз отурган, акырын андан: "Эгер орун басар төраганын кабинетине кирсе, мага чалып койчу",- деп сурандым. 10 мүнөттөн кийин: "Руслан байке, орун басарды шеф чакырды",- деп чалды ал.

Төрага ага баарын айтып берерин дароо түшүндүм. Ошондон бир айча убакыт өттү. Баягы пара берип жүргөн таанышым мага өзү чалды: "Эч нерсе түшүнбөй турам. Мындан ары акчаны башка кишиден беришим керектигин айтышты". Ким аларды карматып коерун так билбегендиктен, кандай болсо да бардык каналды алмаштырууну туура көрүшкөнү айдан-ачык болду. 

Бывший начальник отдела Государственной службы по борьбе с экономическими преступлениями Русланбек Умаров
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Умаров: күч жана тескөөчү структуралардын желмогуздарына каршы туруу татаал болорун билгем. Мага: "Руслан, этият бол, сен алардын ким экендигин билбейсиң",- дешкен. Уулумду жоготкон күн – өмүрүмдөгү эң каргашалуу күн. Ушундай сонун бала эле…

— Органдан кеткенден кийин эмне иш кылып атасыз?

— Детективдик агенттик ачтым. Ири жана орто бизнестин коопсуздугун камсыздайм, ошондой эле биздин адистер үй-бүлөлүк көйгөйлөрдү да чечишет, киши издешет. Көптөгөн маселелер боюнча кеңеш бере алам.

Маселен, бизге заводдун ээси кайрылат: "Англиядан келген жаңы инвестор бар, биз аны менен келишим түзгөнү турабыз. Ал туурасында иликтеп бергиле" дейт. Биз Англиядагы кесиптештерибиз аркылуу маалымат топтоого киришебиз. Ал көз боемочу жана аферист болуп чыгат.

Дагы бир мисал. Бизге өлкөгө чай ташыган бизнесмен кайрылат. Анын ишканасынын аты менен кимдир бирөө жасалма өндүрүмдү эки эсе арзан баада чыгарып жаткандыгына нааразы. Болгону ал жасалма өндүрүмдө чайдын ордуна боек жана саман аралаштырылган.

Мунун артында ким бар, алар кайда, кампалары кайсы даректерде жайгашканын иликтей баштайбыз. Топтолгон маалыматтарды арыз менен биргеликте финполго тапшырып: "Силер үчүн бүт ишти аткардык, кармагыла материалдарды", — дейбиз.

Ушунда эң кызыгы башталат. Мындай материалдар боюнча кылмыш ишин козгоо керекпи же жокпу, тергөөчү чече албайт. Андай маселелерди тийиштүү прокурор чечет. Ал ар бир бетти тыкыр карап чыгат… Көрсө, анын пикиринде, кылмыш ишин козгоого негиз жок экен! Эмнеге андай экендиги прокурордон башка жанга белгисиз.

Бардык далил – сатып алуулар боюнча маалымат, өндүрүмдүн жасалма экендигин тастыктаган экспертизанын натыйжалары колуңда, бирок кылмыш курамы жок… Ошондой эле прокурордун өз кол тамгасы документтердин эч бир жерине коюлган эмес, ал көлөкө гана сымал. Дал ошол киши чечим кабыл алууга тийиш экендигине карабастан, бүт жоопкерчилик байкуш тергөөчүнүн мойнунда калган.

Албетте, мен моюн бербейм, ар кыл арыздарды көп жаза баштадым, жыйынтыгында баары бир кылмыш ишин козголушуна жетише алдык. Бирок алгачкы баш тартуу үчүн эч ким жоопко тартылбайт.

— Жемкорлук менен күрөш жөнүндө өлкөдө дайым айтылып келет го…

— Ооба. Бийликке келери менен ар бир президент коррупцияга каршы аеосуз күрөш жарыялайт. Бирок "майда чабактардын" изине түшүп, ал эми алптары баягы эле жылуу-жумшак орундарында. Маичи, мугалим же катардагы доктурларды кармоодон эмне жыйынтык чыгат? Адегенде коррупция менен күрөшө турган кишилердин катарын тазалоо кажет.

— Коррупцияга каршы күрөшкөндөрдүн маянасы көбөйтүлсө, алар пара алганды токтотобу?

— Өз тажрыйбамдан улам муну айтар элем: бюджетти жогорулатуунун да зарылдыгы жок. Кызматкерлердин 30-40 пайызын кыскартууга болот, алар баары бир пайдалуу эч нерсе аткарышпайт. Андан көрө алардын эмгек акысын чындап иштегендердин маянасына кошкон оң.

— Кайра органга кайтат белеңиз?

— Ошондой ой келген, бирок азыр таптакыр кайткым жок. Азыр укук коргоо жана тескөөчү органдардын структураларында ири иштин бетинин ачылганы же камоолор дээрлик кездешпейт.

— Эмнеге мындай?

— Тажрыйба көрсөткөндөй, алар жең ичинен сүйлөшүп алышы мүмкүн: биз бири-бирибизге тийбейбиз, керек болсо, бири-бирибиздин айыбыбызды жаап турабыз. Бул — эң кооптуу коррупция. Пара берүү токтоп калган жок, алар мурдагыдай эле уланууда, бизнестин коопсуздугунун көп маселелери менен алектенем, айткандарымды так билем.

Жакшы иштеген кишиге эч качан талап жок. Аны бийликке жолотушпайт. Андай адам системага керексиз, артыкбаш алар үчүн.

4105
Белгилер:
бийлик, пара алуу, коррупция, милиция
Тема боюнча
Бала тирүү экен, кайра бергиле! "Тез жардам" фельдшеринин бир күнү
Куткаруучу: аялдын үзүлүп калган бутун көрүп өзүбүздү жоготуп койдук
Пикирлер