Жогорку Кеңештин маркум депутаты Улан Чолпонбаев. Архив

Каракол шаарындагы жаңы конушка маркум Улан Чолпонбаевдин ысымы ыйгарылды

314
(жаңыланган 12:57 12.11.2018)
Улан Чолпонбаев Жогорку Кеңештин V жана VI чакырылышынын депутаты болуп иштеп келген.

БИШКЕК, 10-ноя. – Sputnik. Ысык-Көл облусунун борбору Каракол шаарындагы жаңы конушка Жогорку Кеңештин маркум депутаты Улан Чолпонбаевдин ысымы ыйгарылды. Бул тууралуу шаардык кеңештин депутаты Азамат Айтбаев билдирди. 

  • Ысык-Көл облусунун борбору Каракол шаарындагы жаңы конушка Жогорку Кеңештин маркум депутаты Улан Чолпонбаевдин ысымы ыйгарылды
    Ысык-Көл облусунун борбору Каракол шаарындагы жаңы конушка Жогорку Кеңештин маркум депутаты Улан Чолпонбаевдин ысымы ыйгарылды
    © Фото / Азамат Айтбаев
  • Үстүбүздөгү жылдын 11-июлунда Каракол шаардык кеңешинин 21-сессиясында Карасаев жана Элебесов көчөлөрүндө жайгашкан жаңы конушка депутаттын ысымын ыйгаруу чечими кабыл алынган
    Үстүбүздөгү жылдын 11-июлунда Каракол шаардык кеңешинин 21-сессиясында Карасаев жана Элебесов көчөлөрүндө жайгашкан жаңы конушка депутаттын ысымын ыйгаруу чечими кабыл алынган
    © Фото / Азамат Айтбаев
  • Жаны конушка Улан Чолпонбаевдин ысымын ыйгаруу ошол конуштун тургундары тарабынан демилгеленген.
    Жаны конушка Улан Чолпонбаевдин ысымын ыйгаруу ошол конуштун тургундары тарабынан демилгеленген.
    © Фото / Азамат Айтбаев
1 / 3
© Фото / Азамат Айтбаев
Ысык-Көл облусунун борбору Каракол шаарындагы жаңы конушка Жогорку Кеңештин маркум депутаты Улан Чолпонбаевдин ысымы ыйгарылды

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын 11-июлунда Каракол шаардык кеңешинин 21-сессиясында Карасаев жана Элебесов көчөлөрүндө жайгашкан жаңы конушка депутаттын ысымын ыйгаруу чечими кабыл алынган. 

“Жаңы конушка Улан Чолпонбаевдин ысымын ыйгаруу ошол конуштун тургундары тарабынан демилгеленген. Бүгүн болсо Чолпонбаевдин ысымы жазылган стела тургузулуп, жалпы конуш тургундарына маркум эл өкүлүнүн бир туугандары тарабынан жашоочуларга боз уй белекке берилди”, — деди Айтбаев. 

Улан Чолпонбаев 1977-жылы Фрунзеде дарыгердин үйүндө туулган. 1997-жылы Кыргызстан эл аралык университетинин эл аралык укук адистигин аяктаган. Жогорку Кеңештин V жана VI чакырылышынын депутаты болуп иштеп келген.

2017-жылы 11-ноябрда узакка созулган оорудан улам көз жумган.

314
Белгилер:
жаңы конуштар, депутат, Улан Чолпонбаев, Каракол, Ысык-Көл
Тема:
Депутат Улан Чолпонбаевдин өлүмү (7)
Тема боюнча
Депутат Улан Чолпонбаевдин сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду
Оору менен алышкан депутат Улан Чолпонбаев тууралуу 7 факты
Пикирлер