Бетин боегон кыз. Архивдик сүрөт

Бетти эле жыша бербей, курсакты тартып койчу! Сулуулар кыжырды кайнатканда

1794
(жаңыланган 22:36 13.11.2018)
Кыргызстанда той, андан кийинки орунда эле сулуулар сынагы көп өткөрүлсө керек. "Бишкек сулуусу, Кыргызстан периси, дүйнө сулуусу, аалам сулуусу", айтор сулуу тандай албай эле убарабыз. Алар же бир шумдук сулуу болсочу...

Sputnik Кыргызстан агенттиги сулуулар сынагына катышып жүргөн кыздардын кыжырга тийген учурларын калаа тургундарынан сураштырып көрдү.

Жасалма сулуулар. Бетке косметиканын баарын чаптап, кирпик, чачты коштуруп, өзүн сулуу сезип сынакка катышкандар аман эле болсун. Тулку бою келишкен болсо дагы мейли дейсиң, купальник кийип подиумга чыкса жоон буттарын көрүп уялып кетесиң. 

Курсактуулар. Сулуулар сынагына чыгып жаткандан кийин бети эле эмес, фигурасы да келишип турушу керек да. Айрымдары курсагы чыгып турса деле "сулуумун" деп чыга келишет. "Байлыгынын баары" купальник кийип чыкканда көрүнөт. Бетиңерди эле жыша бербей, фигурага деле көңүл бөлүп койсоңор боло.

Чачы узун, акылы кыскалар. Жүздөгөн, миңдеген элдин алдына чыгып жаткандан кийин "уят болуп калбайын" деп интеллектуалдык суроолорго даярданып келишсе. Кыргыздын беделдүү эле инсандарын билбей тантыраганда сынакты суутуп коюптурбу дегиң келет. Анан да "дүйнө сулуусуна ат салышам" дегенде күйбөгөн жериң күл болот.

Таажы талашкандар. Таажы тагынса эле жашоосу өзгөрүп кетчүдөй жеңилип калса ыйлап, анысы аз келгенсип жеңүүчү кызды болушунча жамандаган сулуулар да жинге тиет. Сынак деген сынак да, аны менен жашоо бүтүп калбайт. Баш байгени албаса эле сулуу болбой калмак беле, кызык. Башкысы, келбетиңди эл бааласа болду.

Коендой окшоштор. Сулуулук сынактар сандан сапатка өтпөй эле, сапаттан санга өтүп кеткендей. Катышуучулар деле бири-биринен айырмаланбайт, инкубатордон чыккансып макияжы, чач жасалгасы бүт окшош. Өх… тажап кетесиң! Ар ким өзүнө сулуу деңизчи, бирок сырткы келбетин элдин сынына койгондон кийин өзгөчөлүк деген болуш керек да.

1794
Белгилер:
келбет, сулуу, сынак
Тема:
Кыжырды кайнаткандар (57)
Тема боюнча
Бишкекте эң сулуу кыргызстандык бийкеч тандалды. Конкурстун видеосу
Сүрөт жөнөтүп кууратасыңар! WhatsApp тайпадагылар кыжырды кайнатканда
Маалкатпай тез өтчү! Жөө жүргүнчүлөр кыжырды кайнатканда
Эшикти катуу жапканда ыргып кетейин дейм! Жүргүнчүлөр кыжырды кайнатканда
Фантазия нөл, изденгенди билесиңерби?! Тамада кыжырды кайнатканда