Тазалык муниципалдык кызматынын кардан жолду тазалоосу. Архивдик сүрөт

Бишкекте "Тазалык" таңкы төрттөн тарта иштеп жатат. Видео

205
(жаңыланган 15:56 12.11.2018)
"Тазалык" муниципалдык кызматы Бишкек шаарында таңдан тарта жааган карды атайын техника менен тазалоодо. Жолдорго таңкы саат төрттөн баштап беш-алты саат аралыгында 92 тонна кум жана 8 тонна туз себилди.

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Ага 25 атайын техника, карды тазалоочу 18, кум чачкан, кар жүктөгөн жана универсалдуу бир нече автоунаа иштеген.

Бишкек мэриясынын маалымат кызматынан жолдор менен тротуарларды тазалоо улана тургандыгын билдиришти.

Тротуарларды тазалоого 740 кызматкер тартылып, шаарды санитардык тазалоодо 113 техника иштеп жаткандыгы кабарланды.

Анткен менен эртең мененки саат тогузда Бишкек шаарынын бир катар көчөлөрү тайгалак болгондугу байкалды.

"Тазалык" ишканасынан жол четинде токтотулган автоунаалар жолду тазалоого тоскоолдук кылгандыгын айтып, аларды алып коюуну суранды.

205
Белгилер:
Бишкек, 'Тазалык' ишканасы, жол, кум, туз
Тема боюнча
Дүйшөмбүгө карата аба ырайы
"Тазалык" ишканасы кышка даярданып бүттү
Олимпиада оюндарынын күмүш байге ээси Айсулуу Тыныбекова. Архив

Айсулуу Тыныбекова көпчүлүк көрө элек сүрөттөрүн жарыялады

52
Сүрөткө Айсулуу күздүн күнү түркүн түскө боелгон кайың токойдон түшкөн. Спортчунун менеджери бул кадрлар эл назарына алгачкы ирет чыгарылып жатканын билдирди.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Олимпиада оюндарынын күмүш байге ээси Айсулуу Тыныбекова Facebook социалдык тармагы аркылуу кырызстандыктарды Мамлекеттик тил күнү менен куттуктап, улуттук кийим кийген сүрөттөрүн жарыялады.

"Баарыңыздарды бүгүнкү Мамлекеттик тил күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм."Эне тили болбосо, аты аталбайт улуттун" дегендей, кыргыз тилинин тарыхы — бул биздин элибиздин тарыхы. Бүгүнкү күндө тил маселеси  мамлекетибиздин негизги багыттарынан болуп эсептелет. Келгиле достор, кыргыз тилинде сүйлөшүп эне тилди өнүктүрөлү!" — деп жазды спортчу кыз.
Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Tynybekova Aisuluu (@tynybekova.aisuluu)

Сүрөткө Айсулуу күздүн күнү түркүн түскө боелгон кайың токойдун ичинен түшкөн. Спортчунун менеджери бул кадрлар эл назарына алгачкы ирет чыгарылып жатканын билдирди.

Тыныбекованын постуна бир нече мүнөт ичинде жүздөгөн колдонуучулар "лайк" басып, комментарийлерди жазып жатышат.

52
Белгилер:
Айсулуу Тыныбекова, пост, сүрөт, майрам, куттуктоо
Тема боюнча
Эч кандай акция уюштурган жокмун! Тыныбекова фейк аккаунт ачылганын айтты
Камкордук керек. Жапаров элди Мамлекеттик тил күнү менен куттуктады
Крандан суу алып жаткан кыз. Архив

30-сентябрда Бишкектин чок ортосунда бир күн бою суу токтотулат. Карта

22
Бир аптадан кийин суу тосмону оңдоо пландалууда. Бишкек шаарынын бийлиги бул ыңгайсыздык үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Бишкектин чок ортосунда 30-сентябрда эртең мененки саат 09:00дөн кечки саат 21:00гө чейин таза суу болбойт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Суу "Тоголок Молдо" тосмосунда жүргүзүлүүчү оңдоо иштерине байланыштуу токтотулат.

Ошондой эле Панфилов, Фрунзе, Манас проспекти жана темир жол линиясы менен чектелген аймактарда дагы болбойт.

Шаар бийлиги убактылуу ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, аталган аймакта жашаган тургундарды жана мекеме-ишканаларды ичүүчү сууну камдап алууга чакырат.

22
Белгилер:
Бишкек, таза суу, өчүрүү, оңдоо, карта
Тема боюнча
Суук эрте түшөбү? Октябрь айына карата аба ырайы