Электрондук кезек менен бакчага кирген бөбөктөр. Кезекке туруунун жолу

© Sputnik / Табылды КадырбековНарод Кыргызстана в фото — Нарынская область
Народ Кыргызстана в фото — Нарынская область - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйылкы жылдын март айынан тарта Бишкек шаарындагы бакчалар балдарды электрондук кезек менен кабыл ала баштаган. Электрондук кезек боюнча калаа тургундарында кайчы пикир жаралып, айрымдары кезек оңой менен келбейт экен десе, башкалары балдарын тез эле бакчага киргизгенин айтууда.

Sputnik Кыргызстан агенттиги долбоор ишке ашкандан бери жалпы канча бала электрондук кезек менен бакчага киргенин сураштырганча жол-жобосун да билди.

Арча-Бешик конушунун тургуну Нурзада Тургунбаева эки уулун тең бакчага электрондук кезек менен киргизген. Айтымында, кезеги бир айдын ичинде жеткен.

"Тааныштарыбыз "балдарды бакчага берем десең эртерээк электрондук кезекке туруп кой" деп айтышканынан эрте эле кезекке тургузуп койгонбуз. Бир айга жетпей эле күтүүсүздөн "балаңыздын бакчага кезеги келди" деген телефонго билдирүү келип калды. Чынын айтсам күтүүсүз болду", — деди Тургунбаева.

Министр образования КР Гульмира Кудайбердиева - Sputnik Кыргызстан
Министр Кудайбердиева китептеги каталар, ЖОЖдогу окуу акысы, жеке турмушу тууралуу
Бирок бакчага кезегин айлап-жылдап күткөндөр да жок эмес. Ак-Ордо конушунун тургуну Алтын Бердибаева шаардын чок ортосундагы бакчалардын бирине кезекке туруп, кызын бир жылдан кийин араң бакчага киргизгенин айтты.

"Негизи бала төрөлгөндө эле кезекке туруп коюш керек экен, үч жаштагы кызымды киргизүү үчүн орто тайпага кезекке турганбыз, 4кө чыккандан кийин араң бардык. Жеке бакчаларга берели десек шартыбыз жок, айла жок бир жыл күтүүгө туура келди. Көрсө, биз барчу бакчада бала көп экен", — деди Бердибаева.

Билим берүү министрлигинин маалыматында, электрондук кезекке турарда ата-эне билим берүү министрлигинин алдындагы "Бала бакча" деген сайтынан онлайн түрүндө бара турчу бакчанын, анын ичинде тайпада (кичине, орто, жогорку) канча бала бар жана орун качан тийиши мүмкүн экендигин бир карап алышы зарыл. Эгер ата-эне тандаган бакчада бөбөк көп болсо, кезек узакка созулушу мүмкүн.

"Ар кайсы тайпада орундардын саны ар кандай болушу мүмкүн. Ошондуктан кээде кезекке биринчилерден болуп турган жарандар дагы орунду кийинчерээк алып калышы ыктымал. Эгерде кенже тайпага кезекке туруп, бирок бош орун орто тайпада болуп калса, кезек орто тайпада тургандарга биринчи берилет", — деп жазылат министрликтин сайтында.

Мындан тышкары, жеңилдик берилген жарандарга да кезек биринчилерден болуп жетет. Башкача айтканда, бардык балдар бир кезекте турушат дагы, биринчи бош орундарды "жеңилдик берилген" жарандар алат, ал эми калган балдар кезектин жалпы тартиби боюнча кете берет.

Жеңилдик алуучу балдар:

— көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдары (5 жана андан ашык балдары бар);

— 1-2-топтогу майып адамдардын балдары;

— жетим жана жарым жетим балдар, ата-энесинин камкордугу жок калгандар;

— согуштук окуялардын катышуучуларынын балдары (2002-жылкы Аксы окуяларынын, 2010-жылдын апрель окуяларынын катышуучуларынын жана курман болгондордун);

— камкордукта болгон балдар;

— аскер кызматкерлеринин балдары.

Министрлик арыз ээси кезекти тездетүү процессине эч кандай таасирин тийгизе албай турганын жана каттоо акысыз экенин баса белгилеп кетти.

Жалпы канча бала электрондук кезек менен бакчага кабыл алынган

Пригородная средняя общеобразовательная школа - Sputnik Кыргызстан
Мектепке бара албаган балдар үйдөн кантип билим алса болот? Жол-жобосу
2018-жылдын март айынан баштап ноябрь айына чейин жарандардан электрондук кезекке туруу боюнча 13 990 арыз катталып, анын ичинен 9000 (Бишкек — 7000, Ош — 2000) балага бакчадан орун берилген.

Башка райондордо жайылтуу максатында "Электрондук кезек" системасы сынамак иретинде ноябрь-декабрь айларында Чүй облусундагы Ысык-Ата районунун мектепке чейинки билим берүү уюмдарына киргизилет.

Электрондук кезекке туруунун жол-жобосу

— balabakcha.edu.gov.kg сайтына киресиз. Сайт ачык, баарына жеткиликтүү;

— сайтта "арыз берүү" деген бөлүмүн басып, ал жактан бош талааны толтурасыз. Арызга атасынын же энесинин аты-жөнү, паспорттогу керектүү маалыматтары телефон номерлери жазылып, документтин көчүрмөсү тиркелет. Андан соң бакчага бара турчу баланын аты-жөнү, туулгандыгы тууралуу күбөлүктөгү маалыматтары жазылып, документтин көчүрмөсү тиркелет.

— каттоодон өткөндөн кийин ата-энелер бош орун жөнүндө билдирүү алышат (электрондук дарекке);

— арыз жазылгандан кийин "кезектин статусун текшерүү" деген бөлүктөн баланын кезегин текшерип, карап турса болот;

— орун бошогондо министрликтен ата-эненин арызда көрсөтүлгөн телефон номерине "балаңыз кабыл алынды" деген билдирүү келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0