Тогуз-Тородогу жаратылыш паркына фотокапкан коюлду

© Фото / пресс-служба ПРООН в КРТогуз-Торо районундагы "Кан-Ачуу" жаратылыш паркына фотокапкандар коюлду.
Тогуз-Торо районундагы Кан-Ачуу жаратылыш паркына фотокапкандар коюлду. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Фотокапкандар жапайы жаныбарларды илимий жактан изилдөөгө чоң жардам берет.

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Тогуз-Торо районундагы "Кан-Ачуу" жаратылыш паркына фотокапкандар коюлду. Бул тууралуу ПРООНдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн коммуникация боюнча консультанты Мирлан Дыйканбаев билдирди.

Анын айтымында, жаратылыш паркынын аймагына жергиликтүү жаныбарларды жакындан таануу үчүн биринчи жолу фотокапкан орнотулду. 

© Фото / пресс-служба ПРООН в КРУстановка фотоловушек в природном парке "Кан-Ачуу"
Установка фотоловушек в природном парке Кан-Ачуу  - Sputnik Кыргызстан
Установка фотоловушек в природном парке "Кан-Ачуу"

"Жергиликтүү аң сакчыларга (егерь) фотокапкандарды колдонуу жана жапайы жаныбарлардын көбөйүшүн илимий жактан изилдөө боюнча атайын окуулар уюштурулду. Орнотулган гаджеттер тигил же бул жапайы жаныбардын жүргөн жерин так аныктай алат. Ошондой эле илимий жактан маанилүү болгон маалыматтарды алууга жардам берет", — деп айтылат маалыматта.

Фотокапкандар жаныбарлардан тышкары браконьерлерди да аныктоого көмөктөшөт.

Мындай аракеттер Кыргызстандын башка аймактарында да жүргүзүлгөн. Мисалы, Талас облусунун бийик тоолорун байырлаган ак илбирс фотокапканга түшүп калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0