Бишкектин жолдорун "Тазалыктын" 740 жумушчусу кар-муздан арылтып жатат

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Тазалык" ишканасынын кызматкери. Архив
Тазалык ишканасынын кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тазаланбаган, кум чачылбаган жолдор болсо WhatsApp аркылуу кайрылууга болот.

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. "Тазалык" ишканасынын жумушчулары калаанын жолдорун кардан тазалап жатат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Бүгүнкү күнгө чейин калаанын жолдоруна 573 тонна кум, 49 тонна туз себилди. Андан сырткары, 43 атайын техника тартылды.

Ошондой эле "Тазалыктын" 740 жумушчусу жолду, тротуарларды тазалап жатат.

Уборка от снега дороги Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин көчөлөрү быйылкы кышта реагенттер менен тазаланабы? Мэриянын жообу
Мэриянын маалымат кызматы эгер тазаланбаган же кум чачылбаган жолдор болсо WhatsApp аркылуу төмөнкү номерлерге кайрылса болорун эскертет.

Аскат Карынбаев (Ленин району) — 0557 99-79-27;

Таалайбек Акматбаев (Октябрь району) — 0554 95-55-09;

Мавлян Аскарбеков (Биринчи май району) — 0555 66-60-96;

Рустам Касымбеков (Свердлов району) — 0703 611 806.

Андан сырткары күнү-түнү иштеген 185 жана 1840 номерлери аркылуу байланышса болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0