Ошто кайыр сурап жан багып жүргөн казакстандык өспүрүм табылды

© Sputnik / Табылды КадырбековКөчөдөгү бала. Архивдик сүрөт
Көчөдөгү бала. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өспүрүмдү энеси бир жыл мурда Кызыл-Кыя шаарына таштап кеткен

ОШ, 13-ноя. – Sputnik. Энеси Кызыл-Кыя шаарындагы медресеге таштап кеткен 13 жаштагы өспүрүм окуу жайдан качып, Ош шаарында кайыр сурап жан багып жүргөн. Бул тууралуу ИИМдин өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Азамат Абдрахманов билдирди.

Анын айтымында, өспүрүм рейд учурунда кайыр сурап жүргөн жеринен табылган.

"Баланын апасы Казакстандын жараны экендиги белгилүү болду. Өспүрүмдүн милиция кызматкерлерине берген көрсөтмөсүнө ылайык, мындан бир жыл мурда энеси аны Кызыл-Кыя шаарындагы медреселердин бирине окууга киргизип, өзү Россияга иштегени кеткен экен. Күйөөсү менен ажырашкан экен. Бала медреседен Ош шаарына качып келип, кайыр сурап, көчөдө жашап жүрүптүр. Учурда ал Оштогу балдарды реабилитациялоо борборуна жайгаштырылды", — деди Абдрахманов.

Ал кошумчалагандай, эртең, 14-ноябрь күнү өспүрүм Бишкек шаарына алынып келип, андан ары Казакстандын ИИМине өткөрүлүп берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0