Өкмөт бала бакчага барбаган балдардын санын айтты

Жазылуу
Бөбөктөрдүн баарын камтуу үчүн 250 орундуу 1600 бала бакча керек.

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Кыргызстан боюнча 400 миңден ашык бала бакчага барбай турганын вице-премьер Алтынай Өмүрбекова Жогорку Кеңеште "Өкмөттүк саат" учурунда билдирди.

Анын айтымында, республика боюнча 3-6 жаштагы 608 миң бала бар. Анын 187 миңи гана бакчага барат.

"Бала бакчага барбагандардын бардыгын жайгаштыруу үчүн 250 орундуу 1600 бала бакча керек. Аны салууга учурдагы баалар менен алганда 80 миллиард сом зарыл", — деди ал.

Өмүрбекова ошондой эле Кыргызстан боюнча 1 050 китепкана бар экенин, аларга күнүнө 3-4 сааттан балдарды алып барып, китеп окутуу сыяктуу иштер аткарылып жатканын белгиледи. Учурда 9 китепкана балдарды күнүнө 3-4 сааттан кабыл алат. Дагы 40 китепканада бала кабыл алуу үчүн аракеттерди көрүп жатат. Бул 2019-жылга пландаштырылган.

Ал эми билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева депутат Сайдулла Нышановдун суроосуна жооп берип жатып, бүгүнкү күнү убагында менчиктештирилип кеткен 209 бала бакча мамлекетке кайтарылып, алардын 177си толук графикте иштеп жатканын билдирди.

Вице-премьер Өмүрбекованын айтымында, учурда 190 бала бакчанын имаратында мамлекеттик органдар жайгашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0