Депутат мектеп курулушунан кантип 5 млн. сом үнөмдөсө болорун айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат ЖК шестого созыва Канатбек Исаев
Депутат ЖК шестого созыва Канатбек Исаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Кеңеште "Өкмөттүк саат" өттү.

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаев жаңы панелдүү типтеги мектептерди салуу менен ар бир курулуштан 5 миллион сом үнөмдөсө болорун Жогорку Кеңештеги "Өкмөттүк саат" учурунда айтты.

Рабочий визит председателя Госдумы РФ С. Нарышкина в Киргизскую Республику - Sputnik Кыргызстан
Өмүрбекова: окуучуларды кооптуу мектептерде да окутууга мажбурбуз
Депутат парламентке чакырылган өкмөт өкүлдөрүнө кайрылып, быйыл канча мектеп салынганын сурады. Курулуш агенттигинин өкүлү былтыр 54 мектеп салынса, быйыл жыл аягына чейин 76 мектеп курулуп бүтөрүн айтты.

Исаев эмне үчүн панелдүү типтеги мектептерди салууга тендер жарыяланбай жатканын сурап: "Силерге мамлекеттин акчасынын санагы жокпу?" — деп кайрылды.

"Бул боюнча эмнеге тендер өткөрбөйсүздөр? Ушундай ыкма менен салганда ар бир мектептен 5 миллион сомдон үнөмдөмөкпүз. Мындай ыкма менен мектептер СССР учурунда эле салынып келген, азыркы технология менен жылуу да болмок", — деди ал.

Өз кезегинде курулуш агенттигинин өкүлү панелдүү типтеги мектеп салуу боюнча эки долбоор келип түшкөнүн, аны учурда адистер толуктап карап чыгып жатканын жана ал 2019-жылдан тарта киргизилерин белгиледи.

Депутат өкмөт ушунтип создуктуруп жаткандыктан мамлекетке жылына 100 миллиондогон сом зыян келип жатканын айтып нааразы болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0