Болот Шамшиев менен Айтурган Темированын кызы Сүйүтай. "Ак кемеден" таберик сүрөт

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.

Белгилүү режиссер Болот Шамшиев менен анын кичинекей кызы Сүйүтайдын сүрөтү 1975-жылы Ысык-Көл облусунда тартылган.

Ошол жылы Ысык-Көлдүн күңгөйү менен тескей жээгинде Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде "Ак кеме" фильми тартыла баштаган.

Ал кезеңди сүрөтчү Александр Федоров мындайча эскерет:

"Актриса Айтурган Темирова менен режиссер Болот Шамшиевдин кичинекей кызы Сүйүтайдын сүрөтү иш маалында тартылган. Кичинекей кара тору кыз чыгармачыл топтун сүймөнчүлүгү болуп, колдон түшчү эмес. Кичине чүрпө сууда агып бараткан бешиктеги баланын ролун жараткан. Шамшиев аялын тамак ичкени жиберип ийип, ымыркайдын ыйлап сууда агып бараткан жерин тартып алган. Кийин Айтургандын ызы-чуу салганы эсимде", — деди Федоров.

Фильмде Асанкул Куттубаев, Орозбек Кутманалиев, Нургазы Сыдыгалиев, Сабира Күмүшалиева, Даркүл Күйүкова жана Айтурган Темирова роль жараткан.

Тасма 1976-жылы Фрунзеде өткөн Бүткүл союздук IX кинофестивалда баш байгеге ээ болуп, кийин СССРдин мамлекеттик сыйлыгына татыган.

Жаңылыктар түрмөгү
0