Ымыркай. Архив

ИИМ Бишкекте сатылган 6 наристе тууралуу

379
(жаңыланган 13:43 16.11.2018)
Кармалган алты гинекологдун төртөө тергөө абагында жатат, экөө үй камагында.

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Милиция төрөтканадан алты ымыркай сатылып кеткен фактыны аныктады. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, балдардын улуусу эки жашта, кичүүсү төрт айлык.

"Учурда балдар бакма ата-энелеринде, ал эми өздөрүнүн ата-энелери баш тартып коюшкан. Кармалган алты медиктин төртөө тергөө абагында жатса, экөө үй камагында. Буга чейин сыртка чыкпоо жөнүндө тил катка кол коюп бир гинеколог, дагы бири ден соолугу начарлаганына байланыштуу кое берилген", — дешти маалымат кызматынан.

Эскерте кетсек, 7-сентябрь күнү Бишкекте бала сатуу жана мыйзамсыз аборт жасаган деген шек менен бир нече гинеколог кармалып, сегизине айып коюлган. Маалыматка ылайык, үчөө №1 жана №8 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда жана Шаардык перинаталдык борборунда (№4 төрөт үйү) иштеген. Тергөө абагына беш медик киргизилип, аларга 116 (Мыйзамсыз аборт жасоо), 124 (Адам сатуу) жана 350-беренелер (Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, мөөр, бланкаларды жасалмалоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Милициядагы булактын айтымында, кое берилген гинекологдун айыбы Кылмыш-жаза кодексинин "Шалаакылык" беренесине өзгөртүлүп, ал эч жакка чыкпоо боюнча тил кат жазып берген.

Тергөө чет элдик жарандардын буга эч кандай тиешеси жоктугун аныктады. Балдарды сатып алгандар — Кыргызстанда төрөлүп, Россиянын жарандыгын алган адамдар.

Гинекологдорго карата төртүнчү кылмыш иши козголду. Аларды айыптап жаткан аял арызында аны жасалма жол менен мөөнөтүнөн мурда төрөткөн гинекологдор ымыркай чарчап калды деп калп айтышканын билдирген.

379
Белгилер:
кылмыш, ымыркай, гинеколог, Бишкек, Кыргызстан
Тема:
Бишкекте ымыркайлардын сатылышы (7)
Тема боюнча
Бала сатууга шектелген гинекологдун бири экс-жетекчиси менен соттошуп жатат
Гинекологдор ымыркайларды кимге сатканы маалым болду