Сооронбай Жээнбеков 60 жаш курагын кантип тосот

© Sputnik / Табылды КадырбековПразднование 27-летия независимости Кыргызстана в Бишкеке
Празднование 27-летия независимости Кыргызстана в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сооронбай Жээнбеков 1958-жылы 16-ноябрда Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Тельман айылында туулган.

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков туулган күнүн үй-бүлөсү менен тосот. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына өлкө башчынын маалымат катчысы Толгонай Стамалиева билдирди.

Эртең, 16-ноябрда президент 60 жашка толот.

"Президент күндүз жумушта болот. Ал эми туулган күнүн кечинде үй-бүлөсүнүн жана досторунун курчоосунда тосот", — деди Стамалиева.

Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдын 24-ноябрында Кыргызстандын президенти болуп шайланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0