Бишкекте эми коомдук тартипке атчан милиционерлер да көз салат

© Sputnik / Сергей Ермохин / Медиабанкка өтүүАт минген милиция кызматкери. Архив
Ат минген милиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкекте коомдук тартипке кайгуул милициясы атчан, жөө жана унаада жүрүп көз сала турганы пландаштырылууда.

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Бишкекте коомдук тартипке атчан милиционерлер да көз сала турганын Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчи орун басары Нур Сатыбалдиев билдирди.

Бүгүн Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык борборунда тегерек стол өткөн.

Сатыбалдиевдин айтымында, ички иштер органдарында бүгүнкү күндө бир атчан взвод бар. Анда 22 ат жана 25 адам бар.

"Ушу тапта кайгуул үчүн ат сатып алуу маселеси чечилип жатат. Жылкылардын унаадан, ар кандай ызы-чуудан үркпөшү үчүн аларды үйрөтүү керек. Машиналар көчөдөгү аттарды койдуруп кеткен учурлар кездешкен. Азыр жылкылар күнүгө үйрөтүлүп жатат", — деди ал.

Сатыбалдиев атчан кайгуул Бишкектин сейил бактарында болорун белгиледи.

Гарнизонный развод-инструктаж столичной милиции на площади Ала-Тоо - Sputnik Кыргызстан
Автоинспекцияны реформалоо: кайгуул милиция кызматкерлери канча айлык алат
Эскерте кетсек, ички иштер органдарынын бөлүктөрүн реформалоо боюнча эксперттик топтун жетекчиси Тамерлан Ибраимов президент Сооронбай Жээнбековго аталган топ Бишкекте кайгуул милициясын түзүү боюнча сынамык долбоорду ишке киргизүүнүн планын иштеп чыкканын маалымдаган.

Бишкекте коомдук тартипке кайгуул милициясы атчан, жөө жана унаада жүрүп көз сала турганы пландаштырылууда.

Автоинспекция эгемендүүлүк алгандан бери ушуну менен бешинчи ирет реформадан өтүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0