Экинчи аялым менен колунда бар үчүн жашап жүрөм... Ара жолдо калган эркек

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүКол чатыр астында турган жуп. Архив
Кол чатыр астында турган жуп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында биринчи үй-бүлөсүнө бара албай жүргөн эркектин тагдыры баяндалат.

Жогорку окуу жайды бүткөндөн кийин өз күчүм менен мамлекеттик мекемелердин бирине кызматка орноштум. Жумушту баштап-баштабай жатып эле мага окшоп жумушка жаңы келген кызды жактырып калдым. Бир жыл сүйлөшүп, сүйүшүп жүрүп баш коштук. Ата-энелерибиздин деле колунда жок болчу. Ошондуктан өз арбайыбызды өзүбүз согуп, айлык маянабыз батирден ашчу эмес. Анысына деле кайыл болуп, кышкысын бир жылыткыч менен чыгып кетчүбүз.

Кучакташып турган түгөй. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көңүлдөш болуудан тажадым! Үй-бүлөлүү эркектин очогун бузгусу келген аял
Ошентип жүрүп бир жарым жылдан кийин кыздуу болдук. Менин тапканым эч нерсеге жетпейт. Мындан улам кошумча жумуштарда иштөөгө туура келди. Үй-бүлөгө дээрлик убактым жок, эртең менен кетем, кечинде келем. Келинчегим бала менен үйдө отуруп тажай баштадыбы, айтор, жарым жылга жетпей сүйлөнүп "бизди карабай калдың, түндө келесиң" деп мээмди жей баштады. Ушундай эле майда-чүйдө уруштан бир күнү чырдаша кеттик. Жиним менен дос балдарымдыкына кетип калдым. Анда теңтуштардын баары бойдок, кыз жандап жүргөн кездери. Кыздар менен отуруш уюштурушуп, анысына катышып калгам. Эки-үч күндөн кийин эсиме келип, жубайыма барып кечирим сурап, элдешип жашап калдык. Ошондон кийин такыр эле урушпай калганбыз.

Бир күнү жумушта отурсам, бир кыз мени издеп келгенин кесиптештерим айтып калды. Чыксам жакшынакай, шыңга бойлуу, арыкчырай бийкеч күтүп туруптур. "Шашпай отуруп сүйлөшөлү, ушул номерге чалып коюңуз" деп номерин таштап кетти. Жумуш бүткөндө баягы кызга чалып жолуктум. Көрсө, ал баягы аялым менен урушуп жүргөн убакта досторумдун отурушуна барган кыздардын бирөө экен. Мени жактырып калганын айтып, көпкө чейин издегенин билдирди. Унаа айдаган, кычырап кийинген неме экен. Ага үй-бүлөм бар экенин түшүндүрүп кетип калгам.

Андан кийин дагы бир иш-чарадан жолугуп калдык. Ошондон баштап экөөбүз телефон менен сүйлөшүп тез-тезден кезиге баштадык. Аны кантип жакшы көрүп калганымды да түшүнбөй калдым. Үйгө барып аялым менен кызымды көргөн сайын ушунчалык өзүмдү жемелейм, жек көрөм. Анымды жубайым сезген да жок.

Көп өтпөй инимдин айынан аялым экөөбүз уруша кеттик. Окууну бүтүп келген иним биз менен чогуу турчу. Келинчегим аны "өзүнүн артынан жыйнабайт, жалкоо, эч нерсеге жардам бербейт" деп айта берчү. Бир күнү дагы ошентип айтып баштаганда жиним менен кагып салдым. Эки-үч күн сүйлөшпөй жүрдүк. Ал ортодо баягы кызга болгон сезимим күч алды. Ошентип бир айдын ичинде майда-чүйдө уруш-талаштын айынан аялым менен ажырашып тындым. Кызымды талашкан жокмун, ата-энебиздин "кой-ай" дегенине карабай экөөбүз тең көк бет экенбиз, сот менен ажыраштык тындык. Кызыма алимент чегертип алды.

Келин. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Же кете албай, же кала албай... Кайын журтун кыя албаган жесир келин
Ажырашкандан кийин баягы кыз экөөбүздүн мамилебиз мурункудан да жакындап, баш кошсок, экөөбүз эч нерседен кем болбой жашаарыбызды айтып калды. Ата-энеси чоң кызматтарда иштеген, өзүнүн бизнеси бар экенин билдим. Жетпеген жашоодо жүрө беремби деп ата-энемдин ой-боюна койбой тиги кызга сөйкө салып, анан баш коштук. "Кыз кезинде баары жакшы, жаман аял кайдан чыгат" болуп баягы "сүйүктүүмдүн" кылык-жоругу, жаңылыктары жарым жылга жетпей чыга баштады. Көрсө, ал мага чейин күйөөгө тийип чыгыптыр, эки эркек уулу бар экен. Ажырашкандан кийин уулдарын ата-энеси өздөрүнө жаздырып алыптыр. Баары бир бардар жердин кызы да, бирин мени менен кеңешсе, кээде кеңешпей каалаганын жасайт. Үйлөнгөнүбүзгө эки жылга чукулдады, балалуу боло албай жүрөбүз. Жыл өткөн сайын акыл кирип атабы, айтор биринчи үй-бүлөмдү, аялымды, кызымды көп ойлоп, аларды сагынчу болдум.

Азыр кызым 5 жашка чыкты, таене-таятасынын колунда экенин уктум. Биринчи аялым болсо мурдагы жумушунда иштеп жатыптыр. Чалып аны менен сүйлөшкөнгө даай албайм, кызыма баргандан да уялам. Тили чыгып калган неме "эмнеге мени таштап кеттиң" деп сураса кантип жооп берем деп корком.

Өкүнөм… Баштапкы жашоомду кайра артка кайрып алгым келет. Ата-энемдин алдында да өзүмдү күнөөлүү сезчү болдум. Атам "небереме барам" деп кызыма көп барат экен. Аны мага апам айтты. Атам экинчи аялымдын ата-энесин да "бой көтөрүшөт" деп көп жактырбайт. Өзүмдү байлыкка алданган байкуштай сезип, кырдаалдан кантип чыгышты билбей жүргөн чагым…

Психолог Асель Сүйүнбаеванын жообу

Бул үй-бүлөнүн жаралышы жана бузулушу азыркы жаштардын бүлө курууга, дегеле мамиле түзүүгө даяр эместигин айгинелейт.

Бирок ал үчүн жаштарды күнөөлөп эле отуруунун кажети жок, анткени аларды туура нукка бурган, убагында акыл айткан адамдары жок болгон. Негизи эле азыркы мезгилде үй-бүлө институту жокко эсе, бузулган. Ага мамлекеттин экономикалык абалы, ааламдашуу, көбүрөөк акча табууга болгон умтулуу себеп. Ошондой эле азыр бири-бирибизге туура, сылык, мээримдүү мамиле кылганды унутуп бара жатабыз…

Города мира. Витебск - Sputnik Кыргызстан
Аялым башканы таап алган окшойт. Жубайы чет жакта иштеп жүргөн эркектин баяны
Ар бир адам жашоосунда жаңылыштык кетириши мүмкүн. Бул үй-бүлөдө башында жакшы мамиле эмне үчүн бузулганын карап көрөлү. Аял кишинин организмине кош бойлуулук жана эмизүү күчтүү таасир тийгизет. Сыртынан билинбегени менен психикасы ошол мезгилде аябай өзгөрөт. Бул өзгөрүүлөрдү билбеген адамга, күйөөсүнө ошол мезгил чындап эле оор болот. Бирок аны түшүнүүгө аракет кылыш керек. Анткени ошол учурда кичинекей эле чыр-чатак үй-бүлөнүн ажыроосуна себеп болушу толук мүмкүн.

Бизге кайрылган адамдын жазган катында сезимдери биринчи жубайына арналганы, аны унута албай куса болуп жатканы көрүнүп эле турат. Ураган үй-бүлөнү кайра калыбына келтирүү оңой эмес. Ошентсе да эгерде биринчи аялы менен гана бактылуу болоруна көзү жетсе, уялбай эле чечкиндүү болуп келинге барып, аны менен жакшылап сүйлөшүп көрсүн. Балким биринчи аялы анын кайра келерин күтүп жүргөндүр. Аял үчүн эркектерге салыштырмалуу экинчи жолу, анын үстүнө баласы менен үй-бүлө куруу оңой эмес. Бири-биринен кечирим сурап, бир чечимге келүү керек. Ортодо кызы бар экен. Ар бир бала толук үй-бүлөдө чоңойгусу келет. Эгер чындап эле биринчи аялы менен жашай турган чечим кабыл алса, анда экинчи аялы менен да баарын ачык сүйлөшүп, ага түшүндүрсүн. Ар бир адам бактылуу же бактысыз болуусу өз колунда!

Эгер "Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын алкагында ичиңиздеги букту чыгарып, кеңеш алгыңыз келсе, news@sputnik.kg дарегине "Адиске анонимдик кайрылуу" деген белги менен кат жолдоңуз. Каттар ар кыл темада кабыл алынат.

Жаңылыктар түрмөгү
0