Кыргызстандыктар эми Тажикстанда 60 күн каттоосуз жүрө алат

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүДушанбе шаарынын жашоочулары. Архив
Душанбе шаарынын жашоочулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мыйзамга президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Тажикстанга барган кыргызстандыктардын 60 күн каттоосуз жүрүүгө мүмкүнчүлүк берген макулдашууну ратификациялады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Первый рейс Москва — Бишкек из нового аэропорта Жуковский - Sputnik Кыргызстан
Ноябрда айрым кыргызстандыктар Россиянын “кара тизмесинен” чыгарылат. Шарттары
Маалыматта келишимге 2018-жылдын 1-февралында кол коюлуп, КР парламенти тарабынан 11-октябрда кабыл алынганы айтылат.

Эми кыргызстандыктар 60 күн бою каттоого турбастан Тажикстандын аймагында жүрө алат. Ушундай эле система Кыргызстанга келген тажикстандыктарга да каралган.

Ал эми бүгүнкү күндө Тажикстанга барган чет элдиктер беш күндүн ичинде укук коргоо органдарында каттоодон өтүшү керек.

Маалыматта документ расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирери айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0