Айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги: Бишкектин абасынын кири нормадан ашкан жок

© Sputnik / Эмиль СадыровСмог над Бишкеком, вид с дрона
Смог над Бишкеком, вид с дрона - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкектин түрдүү жерине атайын 7 пост коюлган. Алар абанын химиялык курамын анализдеп, өлчөп турат.

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги Бишкек шаарынын абасынын кири белгиленген нормадан ашпаганын маалымдады.

Ага ылайык, Бишкектин түрдүү жерине атайын 7 пост коюлган. Алар абанын химиялык курамын анализдеп, өлчөп турат.

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча сентябрь айында Кыргызстандын шаарларындагы абанын булгануу деңгээли бир аз өзгөргөн. Бирок абанын өтө кирдеп кеткен учуру аныкталган эмес.

"Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүндө абанын булганычы шаар боюнча алып караганда ортодон жогору. Күкүрт диоксидинин бир айдагы орточо көлөмү кубметрине 0,001 (нормасы 0,002) миллиграммды түзгөн. Азот диоксидиники 0,05 миллиграмм (нормасы 1,25), формальдегиддин кубометрине болгон катышы 0,007 миллиграммды (нормасы 2,3) түзгөн", — деп айтылат маалыматта.

Бишкек кара түтүндөн улам таанылбай калганда. Видео - Sputnik Кыргызстан
Бишкек кара түтүндөн улам таанылбай калганда. Видео
Атмосферанын булганышын көзөмөлдөгөн автоматташтырылган станциялардан алынган маалыматка ылайык, абадагы көмүртек оксидинин, күкүрт диоксидинин, азоттун оксиди менен диоксиди белгиленген норманын чегинде.

Учурда автотранспорт абаны булгаган эң биринчи булактын катарына кирери маалыматта белгиленген.

Жыл сайын Бишкектин атмосферасына 240 миң тонна уулуу газ чыгат, анын 180 миңин автоунаадан чыккан уулуу заттар түзөт. Ал эми өнөр жайдан чыккан уулуу заттар болгону 10 пайызды эле түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0