Папка көтөргөн киши. Архивдик сүрөт

Прокурордун өлүмү: облустук прокуратуранын жетекчилиги иштен алынды

879
(жаңыланган 12:30 20.11.2018)
Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун сөөгү 18-ноябрга караган түнү Төрт-Көл суу сактагычына жакын жердеги жолдон табылган.

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнөн улам облустук прокуратурада жетекчилик кызматта иштегендерди жумуштан алды. Бул тууралуу башкы көзөмөл органдын маалымат кызматы билдирди.

Башкы прокурор Баткенге учуп келип, аймактагы бардык укук коргоо органдарынын катышуусу менен жыйын өткөрдү. ИИМдин маанилүү иштерди иликтеген бөлүмүнө прокурордун өлүмүн иликтеп чыгуу тапшырмасы берилди.

Тергөө иштери маалында облустук прокурордун эки орун басары, прокуратуранын эки бөлүмүнүн башчысы жана Баткен районунун прокурору иштен четтетилди.

Баткен облустук прокурорунун милдетин аткаруучу болуп Орозбек Бердибаев дайындалды.

Прокурор Анарбай Мамажакыповдун сөөгү 18-ноябрга караган түнү Төрт-Көл суу сактагычына жакын жердеги жолдон табылган. Анын денесинде зомбулуктун белгилери болгон. Укук коргоо органдары шектүү катары Капиталдык курулуш башкармалыгынын начальнигин кармаган. Каргашалуу окуяга чейин прокурор менен чогуу жүргөнүн көргөндөр болгон. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси ("Адам өлтүрүү") боюнча кылмыш иши козголду.

879
Белгилер:
Башкы прокуратура, Анарбай Мамажакыпов, Өткүрбек Жамшитов, Баткен
Тема:
Прокурор Анарбай Мамажакыповдун өлүмү (17)
Тема боюнча
Киши колдуу болгон депутат, ок жеген прокурор. Жыл ичиндеги чуулуу өлүмдөр
Өткүрбек Жамшитов каза болгон прокурордун окуясын тактоо үчүн Баткенге учуп кетти
Түндө киши колдуу болгон Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өмүр баяны
Муштумун түйүп турган адам. Архив

Насыя үчүн аялын өлтүрө сабаган зөөкүр. Июлдагы соттук чечимдер

6
(жаңыланган 16:08 11.08.2020)
Узап кеткен айда өлкө аймагындагы Фемида өкүлдөрү бир топ чуулуу иштерди карап чыкты. Алардын арасында кызматтык, экономикалык мүнөздөгү жана адам өмүрүн алган кылмыштар да бар.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги июлдагы төбө чачты тик тургузган кылмыштардын айрымдарын сунуштайт.

Россияда сатылган КРдин паспорттору. Өзбекстандын жараны 2015-жылдан бери Россияда айдоочу болуп иштеп келген. Бирок 2019-жылдан баштап ЕАЭБдин миграция боюнча мыйзамдары күчүнө кирип, уюмга мүчө эмес мамлекеттерден баргандардын иштөөсүндө кыйынчылыктар жаралган. Ошондо айыпталуучу интернет аркылуу 45 миң рублге КРдин жасалма паспортун алган. Көп өтпөй ал россиялык укук коргоо органдарынын колуна түшүп, Кыргызстанга депортацияланган. Аны кайра "Манас" эл аралык аэропортундагы чек арачылар жасалма документ менен кармаган. Сот чет элдикти бир ай үй камагына калтырып, 110 миң сом айып салды.

Бишкекте 5 адамга кычкылтек концентраторун убадалап, алдап кеткен шектүү кармалды

Мурдагы аялын зордуктаган мамкызматкер. Мамлекеттик органда иштеген 29 жаштагы эркек ажырашып кеткен келинчегин түндө үйгө алып келип сабап, андан соң анын эркине каршы күч колдонуп зордуктаганы боюнча жабырлануучу милицияга арыз менен кайрылган. Тергөө маалында күнөөлөнүүчү ал түнү үйдө чогуу болгонун, кол көтөргөнүн, бирок келин менен жыныстык катнашта болбогонун билдирген. Погончондор материалдарды чогултуп, күбөлөрдөн көрсөтмө алып, ишти сотко өткөргөн. Фемида өкүлдөрү эргулду Жазык кодексинин 139-беренесинин ("Ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүү") биринчи бөлүгү боюнча күнөөлүү деп таап, үч жыл жыл түзөтүү жумуштарына бекитти. Ал эми келинге 150 миң сомго жакын акча төлөп бермей болду.

Насыя үчүн аялын өлтүрүп... Элетте жашаган эрди-катын банктан алган насыясынын айынан уруша кетишип, мас болгон бүлө башчысы аялын катуу сабап салган. Кожойке окуя болгондон бир нече саат өткөндөн кийин эле төшөктө жатып көз жумган. Аны байкаган күйөөсү коркуп кетип кошуналарын жана милиция кызматкерлерин чакырган. Зөөкүр эргул эми бир нече жылга темир тор артында калып, ири көлөмдө айып пул төлөйт.

Өзгөндө таксистти өлтүрүп, сөөгүн өрттөдү делген эки өспүрүм камакка алынды

Көчөдөгү зөөкүрчүлүк. Мурда соттолгон 24 жаштагы жигит көчөдө бейтааныш эркек менен арак ичип, экөө мушташа кеткен. Ал бөтөлкөлөш шеригинин колу-бутун байлап, оозуна чүпүрөк тыгып, катуу сабаган. Анысы аз келгенсип, үстүнө автоунаанын дөңгөлөгүн таштап кетип калган. Берки адам баш сөөгүнөн жаракат алып, мээсине кан куюлуп өлгөн. Соттук-психиатриялык экспертиза айыпталуучу кылмыш жасаган маалда акыл-эси ордунда, кылгандарына жооп берген абалда болгон деген бүтүм чыгарган. Эми ал 12,5 жыл темир тор артында болот.

Бычакташкан жаштар. Мектепти жаңы эле бүтүргөн бала өзүнүн сүйлөшкөн кызынын мурдагы жигити менен көчөдө кезигип, чаламандын чак түшүндө аны бычактап салган. Жыйынтыгында 18 жаштагы баланын ашказан, бөйрөгү бычактан жабыркап ооруканада көз жумган. Жаштардын урушу кыздын айынан чыккан. Адам өмүрүн алган улан 12,5 жыл кесилди.

Ноокенде 10 жашар кызды зордуктаган бала өмүр бою эркинен ажыратылды

Кемпирдин өмүрүнө кол салган ишкер. Бишкек шаарынын 43 жаштагы тургуну ишкерлик менен алектенип, жеке фирманын жетекчиси болуп иштеп келген. Ал 2005-2006-жылдары мамлекетке 4,5 миллион сомдон ашык бажы төлөмдөрүн бербей Казакстанга качып кетип, издөөгө алынган. Бир нече жыл өткөндөн кийин Кыргызстанга кайтып келип, таксист болуп иштеп, пенсия курагындагы бир кемпирге азык-түлүк жеткирип берип тыйын таап жүргөн. Күндөрдүн биринде ал жалгыз жашаган пенсионер менен тил табыша албай, жашы улгайган аялды өз батиринде балка менен башка чапкылап өлтүрүп койгон. Эртеси милицияга өзү келген. Сот аны 17 жылга темир тор артына кесип, 100 миң сомго жыккан.

6
Белгилер:
соттук чечим, өкүм, кылмыш, Кыргызстан
Тема боюнча
Саймаитинин өлүмү: экс-консул айып төлөп, бошоп чыкты
Талас башчысынын "кеңешчиси" сүзгөн велосипедчи көз жумду. Мураталиев үн катты
Ноокенде 10 жашар кызды зордуктаган бала өмүр бою эркинен ажыратылды
Россиялык вакцинаны алган киши. Архивдик сүрөт

Каттоодон өткөн россиялык вакцина жапырт колдонууга качан чыгары айтылды

42
(жаңыланган 15:50 11.08.2020)
Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги коронавирусту алдын алуу үчүн дүйнөдөгү биринчи вакцинаны каттады.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Россияда чыгарылган коронавируска каршы күрөшүүчү вакцина 2021-жылдын 1-январынан тартып массалык колдонууга чыгарылат. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин дары каражаттарынын мамлекеттик реестринин маалыматына таянып РИА Новости жазды.

Эскерте кетсек, бүгүн аталган министрлик коронавирусту алдын алуу үчүн дүйнөдөгү биринчи вакцинаны каттады. Препарат Гамалея атындагы эпидемиология жана микробиология улуттук илимий изилдөө борбору тарабынан Россиянын түз инвестициялар фонду менен биргеликте иштелип чыккан.

Россияда COVID-19га каршы вакцина алгандар ооруканадан чыкты. Видео

Маалыматта эмдөө алгач медиктерге жасалары айтылат. Иш-чара үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында башталып, андан соң массалык түрдө чыгарылат.

42
Белгилер:
сатык, колдонуучу, коронавирус, вакцина, каттоо, Россия
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Путин кызы COVID-19га каршы вакцина алып, өзүн кандай сезип жатканын айтты
Путин Россиянын коронавируска каршы вакцинаны каттагандыгын жарыялады