Таксист в Москве Кайрат Тентимишев

Москвада капчык ээсин 8 саат күткөн таксист: кыргыз элине көө жабуудан корктум

24314
(жаңыланган 18:43 21.11.2018)
Таксисттерге ишеним, кыргыз элине сыймык алып келген жигит "Аманаттын ээси чыкмайынча 8 саат эмес, бир сутка болсо эч жакка кетмек эмесмин" дейт. Анткени кайтарып бербесе, Кыргызстандын аброюна доо кетерин сезген. Ал маек учурунда Кыргызстанда бизнеске көп каражат жумшап, банкротко учурагандыктан Москвага барып иштөөгө мажбур болгонун айтып берди.

Узаган жуманын аягында социалдык тармактарда "Кыргызстандык таксист Москвада кардардын унутуп кеткен капчыгын кайтаруу үчүн аны 8 саат күткөн" деген маалымат чыкты. Соңку учурдагы жагымсыз окуялардан кийин мындай кабар мекендештердин жүрөгүн жылытып, сыймык алып келди.

Кыргыз жигитинин нысаптуулугуна кубанган кардар Варя Борцова Facebook баракчасына ыраазычылык сөзүн жазган. Анда ал унутуп кеткен сумкасындагы накталай акчасын, банктык картасын жана документтерин берүү үчүн көпкө күткөн таксист тууралуу баяндаган.

Борцова үйүнө кирээри менен уктайт да, ойгонгондо сумкасын таппай калган. Ал таксиге чакыруу менен эмес, жолдон тосуп эле отургандыктан айдоочунун телефон номери да жок эле. Каражаттарымдан кол жуудум деп компаниянын диспетчерине чалып жарым саат убарагерчилик тартат. Бир маалда атасы терезеден баш багып короодон жанагы таксини көрөт. Айдоочусу сыртында турган экен. Барса ал акча, буюмдарын толугу менен кайтарып берген. Бирок таксисттин аты-жөнүн же телефон номерин сурабай калыптыр. Бул тууралуу бир нече ЖМКлар жазып, кыргызстандык таксистти алкагандар көп болууда.

Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы ошол таксист жигитти таап, маек курду. Ал Сокулук районунун Асылбаш айылында туулган 30 жаштагы Кайрат Тентимишев экен.

— Бул окуя кандай болду эле? Өз оозуңуз менен айтып берсеңиз.

— 14-ноябрда таңкы саат 5.00дөр чамасында Шереметьево аэропортунан бир кыз отурган. Жарым сааттай жол жүрүп үйүнө таштагам. Бир аз жылгандан кийин карасам, сумкасын унутуп кетиптир. Дароо кайтарууну чечтим. Телефон номерин же батирин билбейм. Кызды тосуп чыккан атасын таанып калгам. Экөөнүн бирөө чыгып калса керек деп күттүм. Кирип-чыккан 10 чакты адамдан сурадым, эч ким тааныбайт экен. Сурай берүүдөн да тажадым. Анан түшкү саат 13.30дарда баягы кардар чуркап чыгып, абдан кубанып, кучактап, жашып да кетти. Сумкасын алып сүйүнгөнүнөн кайра колума 5000 рубль карматты. Буга анча маани бербей кадыресе көрүнүш катары көрүп эле кетип калгам. 

Таксист в Москве Кайрат Тентимишев во время работы
© Фото / Предоставлено Кайратом Тентимишевым
Москвада иштеген кыргызстандык таксист Тентимишев: Мени таппаган күндө деле биринчиден кыргыздарга, экинчиден таксисттерге көө жабылып, жаманатты болмок. Анткени экөөбүз жолдо азыноолак сүйлөшүп калганбыз. Мен кыргызстандыкмын десем, Бишкекке бир жолу келип кеткенин айткан болчу.

— Суукта 8 саат күтүү да оңой эмес. "Андан ары жумушумду уланта берейин, керек болсо издеп келет" деген ой болгон жокпу?

— Менде эң биринчи максат — сумканы ээсине бериш керек болду. Эгер кетип калсам полицияга арыз жазса, териштирүү башталат. Өзүм араң жүргөндө дагы бир балээге калбайын дедим. Мени таппаган күндө деле биринчиден кыргыздарга, экинчиден таксисттерге көө жабылып, жаманатты болмок. Анткени экөөбүз жолдо азыноолак сүйлөшүп калганбыз. Мен кыргызстандыкмын десем, Бишкекке бир жолу келип кеткенин айткан болчу.

— Сумкасында эмне бар экенине кызыккан жоксузбу? Балким ошол жактан байланышуу жолдору табылмактыр?

— Москваны билесиздер, ар кандай окуя болуп кетиши мүмкүн. Биринчи ачып көрөйүн, балким визиткасы болуп калабы деген ой келди. Бирок кийин догурунуп чыкса манжа издеримди далил катары пайдаланбасын деп тийбедим. Унаа токтотуучу жай подъездден алысыраак экен. Сыртта туруп, кайра унаага келип жылынып короосун акмалап отура бердим.

— Ошол эшиктен кирип ар бир үйдү такылдатып көрүүнү ойлогон жоксузбу?

— Ал подъездде 50-60 батир бар экен. Кайсы биринин эшигин кагууну билбедим. Ар кимдин тынчын алып, сөгүү уккум келген жок. Андан көрө күтүп турууну эп көрдүм.

— Эгер чыкпай койсо канчага чейин күтмөк элеңиз?

— Чынын айтсам 8 саат кандай өтүп кеткенин байкабай калдым. Саатты деле карабай, эшикти аңдып отурдум. Күтөйүн, баары бир чыгат, колуна тапшырмайынча кетпейм дедим.

— Ал кардарыңыз кийин да байланышка чыктыбы?

— Өзүм социалдык тармактардан алысмын, Facebook жана Instagram тармактарына деле кирбейм. Бул тууралуу коомчулукка чыгып талкууланат деп ойлогон эмесмин. Эртеси жанагы кыз WhatsApp аркылуу жазып сайттарга чыкканын көрсөттү. Ал номеримди иштеген компанияма чалып тааптыр. Муну бардык адам эле жасамак да десем "бул Москвада чанда кездеше турган көрүнүш" деп азыркыга чейин ыраазычылыгын айтууда. Азыр сиздерден кийин жергиликтүү бир телеканал интервью алганы келебиз дешти.

— Кардарыңыз берген 5000 рубль сый акыны эмнеге короттуңуз?

— Ага маани деле бербептирмин. Күнүмдүк турмушка эле колдонгом.

— Машинаны ижарага алып айдайсызбы?

— Ооба.

Дочери таксиста в Москве Кайрата Тентимишева
© Фото / Предоставлено Кайратом Тентимишевым
Тентимишев: Эң өкүнүчтүүсү — кыздарымдын балалык таттуу учуру биз жок өтүп жатканы. Бул жакка карыздардан кутулуп, үй-жайлуу болсом деп келдим эле. Азыр кыздарымдын жанында болуу биринчи максатым болуп калды.

— Буга чейин да ушул сыяктуу окуя болду беле?

— Бир жолу кардар кол чатырын унутуп кеткенде диспетчерге таштап келгем. Кийинчерээк бирөө кымбат телефонун унутуп кеткенде, соода борборго кирип баратканда артынан жеткирип бергем. Ошондон кийин кардар түшкөндө дароо отургучтарды текшерип калгам.

Бул кызды жеткиргенде 5000 рубль берген, менде кайтарганга акча чыкпай калды. Ал мага 1200 рубль бериши керек эле. Анан ал "азыр атамды чакырып майда акча алып берем, чемодандар туруп турсун" деген. Үйүнө чейин 300 метрдей басыш керек экен. Ага жардам берип эки чемоданын сүйрөп подъездине чейин жеткиргенде атасы тосуп чыгып майда акча берген. Ошондон улам машинанын артын карабай айдап кеткем. 

— Москвада канча убакыттан бери иштейсиз?

— Москвада жүргөнүмө декабрда бир жыл болот. Үч кызымды чоң ата, чоң энесине таштап келинчегим экөөбүз келгенбиз. Алгач дүкөндө иштегем, такси кызматына май айында орноштум. Келинчегим соода борборунда кассир болуп эмгектенет.

— Москвага барганга чейин эмне менен алектенчү элеңиз?

— Күйүүчү май сатуучу жайда кассир болуп 8 жыл иштедим. Анан келинчегим экөөбүз бизнес баштайбыз деп банкротко учурадык. Акча чогултуп, унаамды сатып Сокулукта кийим-кече менен базарга чыкканбыз. Тилекке каршы, ишибиз оңунан чыкпай, кайра карызга батып эч нерсеси жок калдык. Өзүм баласаакмын, Кыргызстанда жумушка кеткенде кыздарымды сагынып бир күн араң чыдачумун. Азыр күн санап араң жүрөм. Кзыдарымдын улуусу 8, ортончусу 6, кичүүсү 4 жашта.

Эң өкүнүчтүүсү — кыздарымдын балалык таттуу учуру биз жок өтүп жатканы. Бул жакка карыздардан кутулуп, үй-жайлуу болсом деп келдим эле. Азыр кыздарымдын жанында болуу биринчи максатым болуп калды. Бирок дагы деле карыздардан кутулуп бүтө элекпиз. Бул да Кудайдын сыноосу окшойт.

— Комментарийлерде жакшы тарбия берген ата-энесине рахмат деп жазышууда. Ошол адамдар тууралуу айтып берсеңиз?

— Атам 57, апам 50 жашта. Атам мурда поезд коштоочу болуп иштеген. Учурда экөө тең неберелери менен мал-жанды карап үйдө. 80 жаштагы чоң энем бар.

24314
Белгилер:
сумка, таксист, кардар, кыргызстандыктар, Мигрант, Москва
Тема боюнча
Пензада кемпирди сактап калган Беков: сүзө албай бир маалда өзүм да чөгө баштадым
Мигрант элек, чемпион болдук! Чет жакта топ жарып чыккан кыргыз спортчулары
Туризм ассоциациясынын төрагасы Эрмек Мырзабеков

Мырзабеков: кышкы туризм дагы кризиске кептелүү коркунучунда

4
Туризм ассоциациясынын төрагасы Эрмек Мырзабеков өлкөдө кышкы туризм да киреше алып келе албай тургандыгын айтып, бул тармактагы ишкерлерге тынчсызданды.
Мырзабеков: кышкы туризм дагы кризиске кептелүү коркунучунда

Коронавирустун таасиринен улам болгон туризм тармагындагы кризистин таасири алдыда билинет. Мындай пикирин Эрмек Мырзабеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, коронавирус туризм бизнесин эки доорго бөлүп койду.

Кыргызстанда туризм тармагында канча адам ишсиз калды. Кейиштүү сандар

"2019-жылга салыштырмалуу туризм багытындагы өнүгүү тескери динамиканы көрсөтүп калды. Көпчүлүгү кризис деп жатат. А чынында каатчылык эми болот. Себеби туризм менен жан баккан аймактарыбыз бар. Алсак, Ысык-Көл облусунун тургундары, ишкерлери турсезондо каражат таап, аны менен бир жыл жашайт. Быйыл андай болгон жок. Демек, алар мурда топтолгон, катылган каражаттарын колдонушууда. Ал акчалар деле акыры түгөнөт. Мына ошондо биздин экономика, коом үчүн кыйын убак келет. Албетте, учурда кышкы туризмди тосуп алууга даярдыктар көрүлүп жатат. Бирок медиктер боолголоп жаткандай эпидемиологиялык абал кайрадан начарласа, кышкы туризм тармагында кызмат көрсөткөн ишкерлер дагы катаал күнгө туш болушу ыктымал. Негизи эле бул вирус дүйнө жүзүндөгү туризмди эки доорго бөлүп койду", — деди Мырзабеков.

Ошондой эле ал туризм тармагына өкмөт тарабынан бөлүнгөн каражат жеткиликтүү деңгээлде таканчык боло албастыгын кошумчалады.

4
Белгилер:
каатчылык, коронавирус, туризм
Тема боюнча
Карап эле турсаң!.. Бирде бар, бирде жок болгон Көл-Суунун укмуш сүрөттөрү
Дипломат Талгарбек Сарбанов (экинчи катарда) космонавттар Юрий Гагарин жана Валентина Терешкова менен Мехико шаарында. 1963 жыл

Мексика, Ирак, Африкада иштеп... Кыргыздын алгачкы дипломаттары кантип тапталган

53
(жаңыланган 20:26 24.10.2020)
Бүгүн, 24-октябрда, КР дипломаттары кесиптик майрамын белгилеп жатат. Колумнист Алмаз Батилов өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги кантип түптөлүп, алгачкы дипломаттар кантип тапталганын баяндап берди.

Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Бириккен Улуттар Уюму негизделе баштаган. 1945-жылы 4-11-февралда Ялта шаарында Гитлерге каршы күрөшкөн өнөктөш державалардын башчылары Иосиф Сталин, Франклин Рузвельт жана Уинстон Черчилль жолугуп, БУУ түзүү тууралуу сүйлөшкөн. Ошон үчүн 1944-жылы Советтер Союзунун жетекчиси Иосиф Сталин көрөгөчтүк кылып 15 союздук республикада Тышкы иштер министрликтерин түптөгөн. Анын максаты БУУда көпчүлүктү түзүү болчу. Ошентип 1944-жылы 17-марттан тарта Кыргыз ССРинин ТИМи иштей баштаган.

Тышкы иштер министрлиги кантип түптөлгөн. 75 жылга сыйган бай тарых

Кыргыз элинин тунгуч дипломаты Закон Турдукулов

(1928-1974)

Алгачкы карлыгач дипломат тууралуу уулу Феликс төмөнкүлөрдү айтып берди: 

— Атам кыргыз жаштарынын ичинен биринчилерден болуп Кыргыз мамлекеттик университетиндеги чет тилдер факультетинин англис тил бөлүмүн бүтүргөн. 1956-жылы жетекчилик анын зиректигин байкап Фрунзе шаарындагы комсомол аткаруу комитетинин биринчи катчылыгына дайындайт. 1957-жылы Москвада жаштар менен студенттердин VI дүйнөлүк фестивалына катышкан атамдын чет элдик делегациялар менен бат тил табышканын жана уюштуруу сапаттарын жетекчилик байкайт. 1958-жылы борбор аны жарым жылда дипломатия кызматына даярдоо үчүн Москвадагы эл аралык институту менен Советтер Союзунун ТИМине жөнөтүп, атам билимин жогорулатат. Ошол эле жылы алты ай Лондондо англис тилин дагы тереңдетип үйрөнөт.

1959-жылы ал Ирактагы совет элчилигинин үчүнчү катчылыгына дайындалат. Ошентип советтик дипломатияда кыргыздын ичинен алгачкы карлыгачы атам болду. Ал Жакынкы Чыгышта да элибизден чыккан биринчи дипломат эле. Себеби Иракты 1921-жылдан баштап 1958-жылга чейин Мухаммед пайгамбардын тукумдары Хашимит династиясы башкарган. 1944-жылы бул мамлекет СССР менен дипломатиялык мамиле түзүп, 11 жылдан кийин Москва менен бардык алаканы үзөт. 1958-жылы 14-июлда аларга каршы генерал Абдель Керим Касем тарапкерлери менен кутум уюштуруп, жыйынтыгында падышанын үй-бүлөсү жана буларга жакын элитанын көпчүлүгү өлтүрүлөт. Генерал Касем бийликке келип, республика түптөлгөнү тууралуу жарыялап, Советтер Союзу менен дипломатиялык мамилени кайрадан жандандырат. Ошол эле учурда Ирактын АКШ жана Улуу Британия менен мамилеси начарлайт. Бир жыл Багдадда атама жергиликтүү котормочу араб тилин үйрөтөт. Ошол эле учурда элчиликтеги жумуштан сырткары ал Ирактын борборундагы типографиялардын бирине жөнөкөй жумушчу болуп орношуп араб тилин дагы өркүндөтөт. Бир жылдан кийин атам араб тилинде эркин сүйлөп, жазганды үйрөнөт. Өлкөнүн ак сөөктөрү жана калктын башка катмары менен бат тил табышып, расмий Багдад менен Москванын ортосундагы мамилени чыңдоого зор салымын кошот. Мындай ийгиликтери үчүн СССРдин ТИМинин экинчи катчы наамы ыйгарылат. Ошол эле убакта атам Ирактын ички жана тышкы саясатынын багытын тыкыр изилдеп, Москвага так маалымат берип турган. 1961-жылы 7-ноябрда атам совет элчилигинде Улуу Октябрь революциясына байланыштуу салтанаттуу кече өткөрөт. Белгилей кетчү жагдай, дүйнөлүк дипломатияда мындай вазыйпаны элчи аткарат. Баш-аягы атам Иракта беш жылга жакын иштеди. Ал бул өлкөнүн социалдык-экономикалык абалы тууралуу илимий эмгегин жазып баштаган. СССР ТИМинин жетекчилиги аны Того республикасына (Батыш Африка) элчи кызматына сунуштаган. Бирок бул сунуштан атам үй-бүлөлүк шартка байланыштуу баш тартууга аргасыз болгон.

Кыргызстандын БУУдагы алгачкы өкүлү Атабеков: ТИМ ишин 8 киши менен баштаган

СССРдин Атайын жана Ыйгарым укуктуу кенже элчиси Полот Искаков

(1931-2015)

(Полот Искаковдун "Дипломат Советского Союза. Тридцать лет на дипломатической службе" аттуу өмүр баяны жөнүндө жазган китебинен үзүндү) 

Генконсул СССР в Алжире Полот Искаков. Город Оран 1987 год
© Фото / из семейного архива Искаковых
СССРдин Атайын жана Ыйгарым укуктуу кенже элчиси Полот Искаков

— 1958-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин геология-географиялык факультетин аяктадым. Адегенде Кыргыз ССРинин комсомолунун Борбордук комитетинде иштедим. Бул кызматка мени Закон Турдукулов чакырган. 1961-жылы жетекчилик Москвадагы Советтер Союзунун ТИМинин курамындагы Жогорку дипломатиялык мектебине жиберди. Ушул жогорку окуу жайда француз тил бөлүмүндө үч жыл окудум. 1963-жылы Тунистеги СССРдин элчилигинде үч ай практика өттүм. Анткени 1881-1956-жылдары бул мамлекет Франциянын карамагында болчу. 1964-жылы Дипломатиялык мектепти ийгиликтүү аяктаган соң кайрадан мени Тунис Республикасындагы Советтер Союзунун элчилигинин үчүнчү катчылыгына дайындашты. (Белгилей кетчү жагдай, Полот Искаков Түндүк Африкада теги кыргыз дипломаттардын ичинен биринчи болуп иштеген — ред.). Тунисте маданий, ар түрдүү коомдук, саясий уюмдар менен байланыштар, экономиканын айрым тармактары жана консулдук багыт боюнча иштедим. Бир ирет Тунис шаарындагы жашаган теги орус ак эмигрант элчиликтин кеңсесине келип мени менен жолукту. Ал улуу орус композитору Сергей Рахманиновдун жеке катчысы экен. Бул эмигрант анын айрым күндөлүктөрүн, жазмаларын, фотографияларын жана ноталарын СССРдеги музейге өткөрүп берүүнү өтүндү. (1943-жылы Сергей Рахманинов АКШда каза болуп, сөөгү Нью-Йорк калаасынын жанындагы Кенсико көрүстөнүнө коюлган — ред.). Катчынын өтүнүчүн орундатып, элчи менен кеңешип, жогоруда айтылган архивди кабыл алып, Москвага жибердим. Ошентип Рахманиновдун баа жеткис мурасы Ата Мекенине кайтты.

CCCРдин БУУдагы туруктуу өкүлчүлүгүндө үчүнчү катчы жана Мексикадагы Советтер Союзунун элчилигинин биринчи катчысы Талгарбек Сарбанов

(1927-2005)

(Архивдик материал) 

Консул Талгарбек Сарбанов с коллегой в Мехико. 1963 год
© Фото / из личного архива Советбека Сарбанова
CCCРдин БУУдагы туруктуу өкүлчүлүгүндө үчүнчү катчы жана Мексикадагы Советтер Союзунун элчилигинин биринчи катчысы Талгарбек Сарбанов (оң жакта)

— 1957-жылы Ош облусунун комсомол комитетинде иштеп жүргөн учурда Фрунзеге жумуштарым менен келдим. Мени ошол убактагы Кыргыз ССРинин башчысы Искак Раззаков чакырды. Ал СССРдин ТИМинде иштөөнү сунуштады. Себеби советтик дипломатияда кыргыздар жокко эсе экен. "Ошко учуп барып жубайың менен кеңешип, кечинде жообуңду бер", — деди Искак Раззакович. Учуп келип, дароо эле Ош облусунун жетекчиси Борис Яковлев менен кеңештим. Ал: "Балам, эч ойлонбой Раззаковдун сунушуна макул бол, адамдын өмүрүндө мындай сунуш бир гана жолу болушу мүмкүн, бул оң ийниңе конгон дөөлөт", — деп сүрөп кетти. Эртеси Раззаковго макулдугумду берип, телеграмма жибердим. Дипломатияга жолдомо берген Искак Раззакович менен Борис Павловичке терең ыраазымын. Ошентип Түндүк жана Түштүк Америкада иштеген кыргыздан чыккан биринчи дипломат болдум.

Университетте ким болорумду билбей эле окугам. Элчи Нургазы Кемелбаев менен маек

Египет Араб Республикасында СССРдин мамлекеттик киносунун бүткүл союздук "Совэкспортфильм" бирикмесинин өкүлү Шаршеналы Усубалиев

(1923-2006)

Белгилүү маданият ишмери Шаршеналы Усубалиевдин кызы Гүлнара атасынын дипломатиялык жумушу тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди: 

Посол Шаршеналы Усубалиев (слева второй) в Египте. 1974 год
© Фото / из личного архива Гульнары Усубалиевой
Египет Араб Республикасында СССРдин мамлекеттик киносунун бүткүл союздук "Совэкспортфильм" бирикмесинин өкүлү Шаршеналы Усубалиев (солдон экинчи)

— Кыргыз ССРинин жетекчиси Турдакун Усубалиев менен атамдын ортосунда пикир келишпестик чыгат. Ошон үчүн Москва аны СССРдин коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин кадрлар резервине алып кеткен. Атамдын дипломатиялык карьерасы ошол жерден башталган десе болот. 1970-1971-жылдары бүткүл союздук «Совэкспортфильм» бирикмесинин Азия менен Африка өлкөлөрү боюнча ага консультанты болуп эмгектенди. Ошол эле учурда борбор ага чет мамлекеттерде иштөө үчүн англис тилин жана дипломатиянын эрежелерин үйрөткөн. Андан кийин 1971-1977-жылдары атам Египет Араб Республикасында жогоруда айтылган бирикменин өкүлү кызматына дайындалат. Ал Сирия менен Египет биргелешип Израилге каршы согушканына күбө болгон. Бул согуш СССР менен АКШнын кийгилишүүсү менен токтойт. 1976-жылы апам Паиза Дадабаева кайтыш болуп калды. Ошого карабастан атам Египетте дагы бир жыл иштеди. Бул өлкөдө иштеген күндөрү тууралуу ал «Нил боюндагы жаңырык» аттуу китеп жазган. 1977-жылы ал Кыргыз ССРинин Мамлекеттик киносунун төрагасынын орун басарлыгына дайындалган.

Тажикстанда жарандык согуш шайлоодон кийин чыккан. Эрик Асаналиевдин акыркы маеги

1989-жылы Кыргызстанга белгилүү советтик жана россиялык илимпоз, мамлекеттик ишмер Евгений Примаков келди. Себеби Евгений Максимович Кыргыз ССРинин атынан СССРдин Жогорку Советине депутат болуп шайланган эле. Ал шайлоочулары менен жолукканы келгенде жергиликтүү аткаминерлер Примаковдун каалаганын аткарууга даяр экенин айтышат. Евгений Максимович атактуу маданият ишмери Шаршеналы Усубалиев менен жолуксам деген бир гана өтүнүчүн айтат. Биздин аткаминерлер аябай таң калып, атамды кайдан тааный турганын сурашат. "1970-жылдары аны менен Египетте таанышып,  курч кырдаалда чогуу иштегенбиз" дейт Примаков. Ошондо атамды таап Евгений Максимович менен кезиктиришет. Экөө тең капысынан жолукканына сүйүнүнүп, бири-бирин көрүп, абдан кубанышат. Канча жылдан кийин кезиккен эки үзөңгүлөш бир топко чейин чер жаза сүйлөшөт. Евгений Максимович дайыма атам тууралуу жылуу гана сөз айтчу. Анткени Примаков анын адамгерчилиги менен адискөйкүлүгүн аябай сыйлачу.

53
Белгилер:
кызмат, Африка, Ирак, Мексика, Кыргызстан, СССР, дипломатиялык ишмер, элчи
Тема боюнча
КР элчилиги коомчулукту дүрбөткөн дипломаттын кебине жооп кайтарды
Белгилүү дипломат Эрик Асаналиев көз жумду
Дипломдук иши дүйнөнүн 100 мыкты тасмасына кирген. Режиссёр Океев жөнүндө 9 факты
Кант  авиабазасындаг аскер техникасы. Архивдик сүрөт

Кыргызстан "Кант" авиабазасын кеңейтүү сунушу түшсө карап чыгууга даяр

0
(жаңыланган 20:35 24.10.2020)
ТИМ башчысы өлкө бийлиги ЖККУнун "Кант" авиабазасын сактап калуу ниети күч экенин айтты. Казакбаев Россияда иш сапары менен болду.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Кыргызстан ЖККУнун "Кант" авиабазасын кеңейтүү боюнча сунуш түшсө, карап чыгууга даяр. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине маек курган тышкы иштер министри Руслан Казакбаев билдирди.

"Кант" базасы сакталып калышы керек. Бул биздин туруктуу позициябыз. Кол коюлган келишимдерди кайрадан карап чыгуу деген болбойт. Эгер Россия же ЖККУ мамлекеттери базаны кеңейтүү маселесин көтөрсө, биз сунушту карап чыгууга даярбыз. Албетте, талкуу жүрөт. Баары сунуш түшкөндөн кийин белгилүү болот", — деди Казакбаев.

Казакбаев бюджетти колдоо боюнча РФ президентинин өкүлү Козак менен сүйлөштү

"Кант" авиациялык базасы ыкчам аракетке келчү Жамааттык күчтүн бир бөлүгү болуп саналып, ЖКУУ мамлекеттеринин аба коопсуздугун камсыздайт.

Руслан Казакбаевдин маеги менен толук расмий тилде таанышууга болот.

0
Белгилер:
Руслан Казакбаев, сунуш, ЖККУ, макулдашуу, "Кант" авиабазасы
Тема боюнча
ТИМ: жылдын аягына чейин бюджет дефицити 450 млн. долларга жетет
ТИМ жетекчиси Казакбаев: өлкөдөгү башаламандыкка сырткы күчтөр да аралашты