Эңилчектеги фотокапканга үч мамалагын ээрчиткен аюу түшүп калды. Сүрөттөр

© Фото / пресс-служба Союза охраны природы Германии в КР (NABU)Эңилчек өрөөнүнө коюлган фотокапканга үч мамалагын ээрчиткен аюу түшүп калган
Эңилчек өрөөнүнө коюлган фотокапканга үч мамалагын ээрчиткен аюу түшүп калган - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кадрлардан аюулардан сырткары ак илбирсти да көрүүгө болот.

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Эңилчек өрөөнүнө коюлган фотокапканга үч мамалагын ээрчиткен аюу түшүп калганын Германиянын Жаратылышты коргоо союзунун (NABU) Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Зарина Эсенбаева билдирди.

© Фото / пресс-служба Союза охраны природы Германии в КР (NABU)Эңилчек өрөөнүнө коюлган фотокапканга үч мамалагын ээрчиткен аюу түшүп калган
Эңилчек өрөөнүнө коюлган фотокапканга үч мамалагын ээрчиткен аюу түшүп калган - Sputnik Кыргызстан
1/3
Эңилчек өрөөнүнө коюлган фотокапканга үч мамалагын ээрчиткен аюу түшүп калган
© ФотоФотокапкан деңиз деңгээлинен 3878 метр бийиктиктеги жерге коюлган
Фотокапкан деңиз деңгээлинен 3878 метр бийиктиктеги жерге коюлган - Sputnik Кыргызстан
2/3
Фотокапкан деңиз деңгээлинен 3878 метр бийиктиктеги жерге коюлган
© Фото / пресс-служба Союза охраны природы Германии в КР (NABU)Сүрөткө тоодо жүргөн аюулар жана бир ак илбирс түшүп калган
Сүрөткө тоодо жүргөн аюулар жана бир ак илбирс түшүп калган - Sputnik Кыргызстан
3/3
Сүрөткө тоодо жүргөн аюулар жана бир ак илбирс түшүп калган
1/3
Эңилчек өрөөнүнө коюлган фотокапканга үч мамалагын ээрчиткен аюу түшүп калган
2/3
Фотокапкан деңиз деңгээлинен 3878 метр бийиктиктеги жерге коюлган
3/3
Сүрөткө тоодо жүргөн аюулар жана бир ак илбирс түшүп калган

Анын айтымында, фотокапкан деңиз деңгээлинен 3878 метр бийиктиктеги жерге коюлган.

"Ушу тапта июлда эки жума бою жүргүзүлгөн иликтөөнүн маалыматтары иштелип жатат. Ал экспедиция учурунда тоолорго жана Сары-Жаз, Эңилчек, Кайыңды аймагына 35 фотокапкан коюлган. Сүрөткө тоодо жүргөн аюулар жана бир ак илбирс түшүп калган", — деди Эсенбаева.

Ал ошондой эле иликтөөнү NABU-Кыргызстандын мониторинг бөлүмү "Хан-Теңир" мамлекеттик жаратылыш паркындагы кесиптештери менен биргеликте жүргүзгөнүн белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0