Соска жана акча каражаттары. Архив

Сүйүнчү акча бир айда эмес, бир жумада берилип жатат. Жөлөк пул тууралуу

1148
(жаңыланган 11:51 22.11.2018)
Жаңы төрөлгөн ымыркайга сүйүнчү пул алууда кайсы документтер жоюлуп, кандай жеңилдиктер киргизилгенин Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин "Балага сүйүнчү" төлөмү боюнча долбоор тууралуу коомчулук арасында кайчы пикирлер айтылды. Айрымдары "кичине болсо да тыгынчык" деп алган акчасына сүйүнсө, башкалары сүйүнчү акчаны эки-үч айлап ала албай жаткандарын айтып нааразы болгон. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Каныбек Бейшенбековдун окуясы буга далил. Кесиптеш бул процесс боюнча атайын макала жазып, ага кеткен убакыт, толгон-токой документ тууралуу айтып берген.

Бирок Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги ушул жылдын июль айынан бери балага сүйүнчү берүүнүн жол-жобосу жөнөкөйлөштүрүлүп, андагы айрым документтер кыскартылганын билдирди. Балага сүйүнчү алуунун жаңы киргизилген шартын, жол-жобосун министрликтин өкүлү Айкөл Турганбаева айтып берди.

"Балага сүйүнчү" төлөмүн ким ала алат?

"Балага сүйүнчү" төлөмү 2018-жылдын 1-январынан баштап жана андан кийин төрөлгөн балдарга каралган. Төлөм асырап алынган жана камкорчулукка алынган балдарга да берилет.

Акчанын көлөмү канча?

"Балага сүйүнчү" төлөмүнүн өлчөмү ар бир балага — 4000 сом.

"Балага сүйүнчү" төлөмүн дайындоого арызды кайда тапшыруу керек?

Сүйүнчү пул алуу үчүн арызды жашаган жери боюнча жарандык абал актыларын каттоо органына (ЗАГС), калкты тейлөө борборлоруна же маалыматтык киоскилерге калтыруу керек. Ошону менен төмөнкү документтерди кошо берүү зарыл:

— арыз ээсинин паспорту;

— баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк;

— банктагы эсеби жөнүндө маалымат;

— арызды камкорчу адам тапшырса, балага камкорчу дайындоо жөнүндө соттун чечиминин көчүрмөсү керектелет. Эгер арыз менен кайрылман барса, анда кайрылман деген күбөлүгүн көрсөтүү зарыл болот.

Буга чейин балага сүйүнчү акчаны дайындоодо жогоруда көрсөтүлгөн документтерден сырткары арыз берүүчүнүн жашаган жеринен маалымкат да талап кылынчу. Азыр бул документ алынып салды.

"Балага сүйүнчү" төлөмдү дайындоо үчүн арызды ким тапшыра алат?

— ымыркайдын ата-энесинин бири;

— асырап алган адам;

— ишеним каттын негизиндеги ишенимдүү адам.

"Балага сүйүнчүнү" дайындоодо өзгөчө шарттар

"Балага сүйүнчү" алыш үчүн арыз бала төрөлгөн күндөн баштап алты ай ичинде тапшырылышы керек.

Бул мөөнөттөн кеч кайрылган учурда "балага сүйүнчү" берилбейт.

Банктык эсепке төлөм качан которулат?

Арыз берген күндөн тартып жети күндүн ичинде которулат. Буга чейин төлөм бир айдан ашуун убакытты талап кылчу. Бирок "балага сүйүнчү" пилоттук долбоор болгондуктан, акчаны алуудагы маселелер кайрадан каралып, төлөм бир жуманын ичинде берилип жатат. Жакынкы аралыкта үч күн ичинде берүү пландаштырылууда.

Банктык эсеп боюнча

Эгер ата-эненин өзүнүн банктагы эсеби бар болсо, арызга ошол эсептин реквизиттерин көрсөтсө болот. Банктык эсеби жок болсо, анда жаңы эсеп ачтыруусу кажет. Белгилей кетсек, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен 16 банктын ортосунда атайын келишим бар. Алар сүйүнчү пул боюнча кайрылган жарандарга акысыз банктык эсеп ачып бере алышат. Балага ачтырган банктык эсепти ата-эне кийин башка кызыкчылыктар менен деле пайдалана берсе болот.

Жыл башынан бери сүйүнчү акча алган балдардын саны

Министрликтин маалыматына караганда, 2018-жылдын 1-январынан 16-ноябрга чейин өлкө боюнча жалпы 82 миң 437 балага сүйүнчү пул берилген.

Эгерде "балага сүйүнчү" төлөмүн ала албай же бул боюнча маселе жаралып жаткан болсо, жарандар жашаган жериндеги райондук/шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктарына кайрылса болот.

Ошондой эле 0312 30-01-26 жана 0312 62-45-48 телефондоруна чалып, көйгөйдү чечип алууга мүмкүнчүлүк бар.

1148
Белгилер:
сүйүнчү пул, төлөм, каражат, Кыргызстан
Тема:
Жөлөк пул (30)
Тема боюнча
Эки айдан бери балама "сүйүнчү" ала албай жүрөм. Айтылбай турган сөз эле...
Жөлөк пул алуу жеңилдеп, талап кылынчу документтер кыскартылды
Ачытылган капуста. Архив

Окумуштуулар: ачытылган капуста коронавирустун кесепетин жеңилдетет

54
(жаңыланган 09:17 15.07.2020)
Илимпоздор белгилегендей, капустанын түрүн колдонгон өлкөлөрдө коронавирустан каза болгондор көп катталган эмес.

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Франциянын Монполье университетинин окумуштуулары ачытылган капуста, кимчи жана кычкыл сүт азыктары коронавирустан коргоого жардам берерин аныкташты. Бул тууралуу "Известия" The Sun басылмасына таянып кабарлады.

Илимпоздор белгилегендей, капустанын түрүн колдонгон өлкөлөрдө коронавирустан каза болгондор көп катталган эмес. Мисалы, Германия менен Түштүк Кореянын тургундары ачытылган капуста менен кимчини дайыма жешет.

"Бул азыктардын курамында иммунитетти бекемдеген антиоксидант бар. Ал коронавирустун оор түрүнө кабылуу тобокелчилигин да азайтат. Ошондуктан аталган мамлекеттердеги адамдар коронавирус жуктуруп алса дагы андан бат айыгып кетишет. Греция, Болгария, Түркияда дагы коронавирустан көз жумгандар аз. Бул жактын тургундары йогуртка басым жасашат. Аталган кычкыл сүт азыгында да антиоксидант бар. Бирок ачытылган капустага салыштырмалуу аз", — деп айтылат маалыматта.

Коронавирус боюнча өлүм аз катталган мамлекеттерде жашагандар көп учурда ачытылган капуста, йогурт, кефир сыяктуу ферменттелген тамактарды көп ичип, жешери аныкталды.

Окумуштуулар: COVID өпкөдөн башка органдарды да жабыркатат

Буга чейин испаниялык диетолог Алехандро Кановас дем алуу органдарын жана организмди бекемдөө үчүн жумуртка сыяктуу жөнөкөй эле азыктарды колдонуу керектигин айткан.

54
Белгилер:
тамак, иммунитет, коронавирус, Түштүк Корея, Германия
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Дүйнөдө COVID-19 жуктургандардын саны 13 миллиондон ашты
Аял төшөктө уктап жатат. Архив

Дагарага суу куюп... Ысыкта кондиционери жокторго кеп-кеңеш айтылды

58
(жаңыланган 08:47 15.07.2020)
Адис уйку түнкүсүн ысыкта тынч болушу үчүн бир нече кеңештерди берип, бөлмөнү салкын кармагандан тарта адам кандай жууркан жамынышы керектигин айтты.

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Россиянын сомнологдор коомунун мүчөсү, дарыгер Алена Максимова ысыкта кондиционерсиз кантип кана уктаса болорун айтып, кеңеш бергенин РИА Новости жазды.

"Уктоочу бөлмөгө аба нымдагычын дагы коюп койсо болот. Ал жок болсо дагарага муздак суу куйса деле болот. Бул бөлмөнү муздатат деп сарсанаа болбоңуз, ал кошумча нымдуулукту гана камсыздайт. Бирок, менин оюмча, кондиционер койдурганга аракет жасаш керек", — деген Максимова.

Ал белгилегендей, кондиционер жок болсо терезелерди ачуу керек. Бирок уктоочу бөлмөнүн пардаларын түшүрүп коюу зарыл.

Уйкусу канбаган адамдар кандай дартка чалдыгары айтылды

Ошондой эле ысыкта жууркан жамынбай уктоону же болбосо чыт менен пахтадан даярдалган жука жууркан пайдаланууну сунуштаган. Ал кошумчалагандай, күн ысык мезгилде синтетикалык жапкычтардан алыс болуу керек, алар терини дем алдырбай коет.

58
Белгилер:
дарыгер, жууркан, Суу, кондиционер, ысык
Тема боюнча
Кондиционер коронавирусту жайылтабы. Адистин пикири