Жээнбеков Султан Ибраимовго "КР Баатыры" наамын берүүнү сунуштады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевБелгилүү саясатчы, коомдук ишмер Султан Ибраимовдун айкели
Белгилүү саясатчы, коомдук ишмер Султан Ибраимовдун айкели - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Султан Ибраимов убагында Папан, Токтогул суу сактагычтарынын курулушуна чоң салым кошконун белгилеп өткөн.

БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Султан Ибраимов элдин эсинде, канчалаган адамдын жүрөгүндө баатыр катары сакталып калды. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик ишмердин 90 жылдык мааракесине катышып жатып билдиргенин маалымат кызматынан кабарлашты.

Өлкө башчы Ибраимовго татыктуу наам ыйгаруу үчүн Жогорку Кеңештин депутаттарына мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштаган.

"Тилекке каршы, 2017-жылы кабыл алынган мыйзам Султан Ибраимовго расмий түрдө "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамын ыйгарууга жол бербейт. Мен Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылып тийиштүү мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушун берет элем. Эгер өзгөртүүлөр киргизилсе, мен Жарлыкка кол коюуга даярмын", — деди Жээнбеков.

Белгилүү саясатчы, коомдук ишмер Султан Ибраимов тууралуу 5 фактыны Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0