Алия Шагиева көз жарып, Атамбаевди дагы бир неберелүү кылды

© Sputnik / Табылды КадырбековЭкс-президент Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева. Архив
Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул Шагиеванын экинчи баласы, ал алгачкы жолу 2017-жылы март айында Таир аттуу уулдуу болгон.

БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева бүгүн Бишкек шаарындагы төрөтканалардын биринде көз жарганын жакындары тастыктады.

"Шагиева бүгүн, 21-ноябрда, кыз төрөдү. Учурда эне-баланын абалы жакшы. Ымыркайга ысым тандала элек", — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, бул Шагиеванын экинчи баласы. Ал алгачкы жолу 2017-жылы март айында Таир аттуу уулдуу болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0