Кыргызстанда төрт айдын ичинде 700 миң тонна көмүр даярдалды

Жазылуу
Келерки жылдын мартына чейин 1 миллиондон ашык тонна көмүр казылып, сатылат.

БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын июль айынан октябрга чейинки аралыкта 693 миң 513 тонна көмүр сатылды. Бул тууралуу "Кыргызкөмүр" ишканасынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, 2018-жылдын июль айынан 2019-жылдын 30-мартына чейин 1 миллиондон ашык тонна көмүр казылып, сатылат.

Бишкек шаарынын тургундары үчүн күз-кыш мезгилине карата 167 миң тонна көмүр керектелери пландалган, анын 110,5 миң тоннасы казылып, сатылды.

Ал эми Ош шаарында ушул эле аралыкта 13,233 миң тонна көмүр сатып алышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0