Москвада кыргыз таксистке унаа сунушталганбы? Кайрат чын-төгүнүн айтты

© Фото / Предоставлено Кайратом ТентимишевымМосквада кардардын унутуп кеткен капчыгын кайтаруу үчүн аны 8 саат күткөн кыргызстандык таксист Кайрат Тентимишев. Архив
Москвада кардардын унутуп кеткен капчыгын кайтаруу үчүн аны 8 саат күткөн кыргызстандык таксист Кайрат Тентимишев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин бир нече ЖМКлар Тентимишевге башка такси кызматы унаа берип, өзүнүн компаниясына иштөөгө чакырганын жазган болчу.

БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Москвада кардардын унутуп кеткен капчыгын кайтаруу үчүн аны 8 саат күткөн кыргызстандык таксист Кайрат Тентимишев ага унаа берилди деген маалыматка комментарий берди.

Буга чейин бир нече ЖМКлар кыргыз жигитине башка такси кызматы унаа берип, өзүнүн компаниясына иштөөгө чакырганын жазган болчу. Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Тентимишев менен байланышып маселенин чын-төгүнүн билди.

"Бүгүн ошол такси компаниясына барып сүйлөшүп келдим. Эгер жумушка орношсом, бир айга акысыз унаа берип жана кардардан түшкөн акчадан пайыздык төлөм албай турганын айтышты. Сунушту дароо кабыл ала алган жокмун. Алардын системасына көнүп, иштеп кете аламбы деп да ойлонуп жатам. Үч-төрт күндүн ичинде жообун берем. Бирок азыркы иштеген компания дагы ошол окуядан кийин бир айга пайыздык төлөмдөн бошоткон. Ага чейин ар бир кардардан түшкөн акчанын 22 пайызын кармап турчу", — деди Тентимишев.

Таксист в Москве Кайрат Тентимишев - Sputnik Кыргызстан
Москвада капчык ээсин 8 саат күткөн таксист: кыргыз элине көө жабуудан корктум
Ал учурда айдап жүргөн бирөөнүн менчик унаасына айына 40 миң рубль ижара төлөйт. Күнүнө тапкан таза кирешеси 2000 рублдин тегерегинде болорун белгиледи.

Эскерте кетсек, узаган жумада "Кыргызстандык таксист Москвада кардардын унутуп кеткен капчыгын кайтаруу үчүн аны 8 саат күткөн" деген маалымат КМШ өлкөлөрүнө тараган. Мындай кабар кыргызстандыктардын жүрөгүн жылытып, сыймыктандырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0