Бишкектик кемпирдин үйүнөн 10 машина таштанды чыкты. Тазалангандан кийинки сүрөт

© Фото / Жибек КаракееваБорбор калаадагы 8-кичирайондун 80 жаштагы тургунунун батиринен 10 машина толо таштанды алып чыгышты
Борбор калаадагы 8-кичирайондун 80 жаштагы тургунунун батиринен 10 машина толо таштанды алып чыгышты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек тургунунун 7-кичирайондогу үч бөлмөлүү батири дагы таштандыга толгону айтылууда.

БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Борбор калаадагы 8-кичирайондун 80 жаштагы тургунунун батиринен 10 машина толо таштанды алып чыгышты. Бул тууралуу Мэриянын турак жай-коммуналдык чарба иштери боюнча адиси Жибек Каракеева кабарлады. 

© Фото / Жибек КаракееваБорбор калаадагы 8-кичирайондун 80 жаштагы тургунунун батиринен 10 машина толо таштанды алып чыгышты
Из квартиры бишкекчанки в восьмом микрорайоне столицы вывезли 10 самосвалов мусора - Sputnik Кыргызстан
Борбор калаадагы 8-кичирайондун 80 жаштагы тургунунун батиринен 10 машина толо таштанды алып чыгышты

19-ноябрь күнү аталган кичирайондогу үйлөрдүн биринин биринчи жана экинчи кабатын суу каптаган. Көрсө суу 3-кабатта жалгыз жашаган кемпирдин батиринен агып жатыптыр. Анын эшигин ачкандар үйдүн ичи толо таштанды экенин көрүшкөн. “Тазалыктын” кызматкерлери тазалоо иштерин дүйшөмбү күнү башташкан.

© Фото / Жибек Каракеева“Тазалыктын” кызматкерлери тазалоо иштерин дүйшөмбү күнү башташкан
Из квартиры бишкекчанки в восьмом микрорайоне столицы вывезли 10 самосвалов мусора - Sputnik Кыргызстан
“Тазалыктын” кызматкерлери тазалоо иштерин дүйшөмбү күнү башташкан

Ал жерден 10 унаа таштанды чыгарылды. Үйдө жашаган аял батир эжесине тиешелүү экенин айтып, бирок ал тууралуу маалымат берген жок. 

© Фото / Жибек КаракееваАл жерден 10 унаа таштанды чыгарылды
Из квартиры бишкекчанки в восьмом микрорайоне столицы вывезли 10 самосвалов мусора - Sputnik Кыргызстан
Ал жерден 10 унаа таштанды чыгарылды

80 жаштагы бул кемпирдин 7-кичирайондо үч бөлмөлүү батири бар. Каракееванын айтымында, ал үй дагы таштандыга толгон. 

Жаңылыктар түрмөгү
0