Автоунаа базары. Архив

Автоунааны ишеним кат менен саттыңыз беле? Айып пул эми сизге келиши мүмкүн

393
(жаңыланган 20:11 22.11.2018)
Кыргызстандыктардын көбү автоунаа сатып алганда өзүнө каттатпай, ага ишеним кат менен ээ болуп жүрө берген адат бар. А эгерде азыркы ээси жол эрежесин бузса, айып пул мурдагы кожоюнга келет.

БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. "Коопсуз шаар" долбоору иштей баштагандан тарта айып пул салынганы жөнүндө маалымат автоунаанын мурдагы кожоюнуна келет. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине Маалымат технологиясы жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Кубаныч Шатемиров айтып берди.

Транспорт каражатын сатып алып жатканда кыргызстандыктардын көбү аны өзүнө дароо эле каттап алууга шашпайт. Мындай болгондо жол эрежесин бузгандыгы үчүн айып пул азыркы эмес, мурдагы кожоюндарына келет. Бул маселе 2016-жылы РИОМ автоунаа базарынын жанына көзөмөл камераларын орноткондо байкалган. Темир тулпарын мурда сатып жиберген адамдарга жол кыймылынын эрежесин бузгандыгы үчүн айып салынды деген кагаздар кийин деле келе баштаган.

Шатемировдун айтымына караганда, бул маселени чечиш үчүн бийлик автоунааны кайра каттоо акчасын арзандаткан. Эми бул процедураларды жөнөкөйлөтүү жолдору да каралууда.

"Эмне болгон күндө да жоопкерчилик транспорт документ жүзүндө кимге катталса, ошол адамдын мойнуна түшөт. "Коопсуз шаар" долбоору элдин аң-сезимине өзгөртүү киргизип, эми алар автоунааны ишеним кат менен сатпай калат деп үмүт кылабыз", — деди Шатемиров.

Ноябрь айынын орто ченинде Маалымат технологиясы жана байланыш боюнча мамлекеттик агенттиги менен ачык типтеги "Концерн радиостроения "ВЕГА" акционердик коомунун ортосунда "Коопсуз шаар" долбоорунун I этабын ишке ашыруу боюнча келишим түзүлгөн.

Cүрөткө жана видеого тартып алуу боюнча алгачкы комплекстер 90 күндүн ичинде жасалат. Ал эми долбоор толугу менен жарым жылдан кийин ишке кирет.

393
Белгилер:
айып пул, автоунаа, Коопсуз шаар, Бишкек
Тема боюнча
Жол эрежесин бузган кыргызстандыктарга "Призма" системасы көз салат