Сотторго нааразы болгон жарандар Ак үй алдына күнүгө митингге чыгууда

© Sputnik / Расул УсеналиевЖогорку Кеңештин имаратынын алдында бир жумадан бери күн сайын митинг өтүп, катышуучулар президент Сооронбай Жээнбековдун кабыл алуусун талап кылып жатышат
Жогорку Кеңештин имаратынын алдында бир жумадан бери күн сайын митинг өтүп, катышуучулар президент Сооронбай Жээнбековдун кабыл алуусун талап кылып жатышат - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чогулгандардын баары сотторго нааразы.

БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин имаратынын алдында бир жумадан бери күн сайын митинг өтүп, катышуучулар президент Сооронбай Жээнбековдун кабыл алуусун талап кылып жатышат.

Жарандардын колундагы плакаттарда сотторго болгон нааразычылык жазылган. Алар өлкө башчысынан "сот системасындагы башаламандыкты токтотууну" суранышууда.

Катышуучулардын бири Александр Тимонов Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына алар күн сайын таңкы саат 07:00дөн баштап митингге чыгып жатышканын билдирди. Бүгүн болсо Жогорку Кеңештин имаратынын алдына 12 киши чогулду.

"Бишкек, Чолпон-Ата шаарларынан чогулганбыз. Баарыбыз соттордо чуркап жүрүп тааныш болуп калдык. Айрымдары үйүн, жер тилкесин алдырып жиберишкен. Мисалы, мен 8 жылдан бери акыйкат үчүн чуркап жүрөм. Уулумду 18 жылга адам өлтүрүү фактысы боюнча эркинен ажыратышкан. Жактоочубузду Жогорку соттун жыйынына чакырбай коюшту. Баары жасалма деп ойлойм", — деди Тимонов.

Сот балкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өлкөдө бир жылда канча сот иштен алынып, канчасына эскертүү берилгени айтылды
Анын айтымында, митингге чыккандардын арасында улгайып калгандары дагы бар. Алар бир жумадан бери өлкө башчынын чакыруусун күтүп отурушат. Арабада отурган майыптар да митингге чыгып, бирок сууктан улам күн сайын акцияга катыша албай жатканын Тимонов кошумчалап кетти.

"Бизге президенттин аппаратынан адамдар чыгып, "сүйлөшүп, карап көрөбүз" деп сөз беришкен. Бирок бир ай өттү, жыйынтык жок. Ошондуктан президент жеке өзү кабыл алуусун талап кылып жатабыз. Бардык далилдөөчү кагаздар колубузда", — деди ал.

Тимонов мындай митингдер Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарына чейин да өткөрүлгөнүн баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0