"Вечерний Бишкектин" ээси Александр Рябушкин кармалды. Чоо-жайы

© AP Photo / Moises CastilloКол кишенчен адам. Архив
Кол кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Басма үйдүн акционерлери Рябушкинди ишканага ири суммадагы зыян келтирген деген арыз беришти.

БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. "Рекламная фирма Рубикон" ЖЧКсынын башкы директору жана "Издательский дом Вечерний Бишкек" ишканасынын акцияларынын көзөмөл пакеттеринин ээси Александр Рябушкин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, өзүнүн акционердик коомуна зыян келтиргендиги үчүн кармалды. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Ал 2018-жылдын 21-ноябрында Бишкек шаарында убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Рябушкин жабык түрдөгү "Издательский дом Вечерний Бишкек" акционердик коомунун акционерлеринин арызынын негизинде козголгон кылмыш ишинен улам кармалган.

ЖКнын экс-депутаты Өмүрбек Текебаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Шыкмаматов: Текебаевдин иши кайтадан каралышы керек
Себеби 2016-жылы "Издательский дом Вечерний Бишкек" ишканасын, "Вечерний Бишкек", "Жаңы агым", МСН гезитинин редакцияларын, vb.kg интернет сайтын, "Рубикон" рекламалык фирмасын жана басмакананы сот Эркин Мамбеталиевдин моралдык чыгымы үчүн бир миллион сом компенсация төлөтүү үчүн айыпка жыккан. Мамбеталиев ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы болгон. Ал ар-намысын коргоо үчүн сотко кайрылгандыгы айтылат.

"Жогоруда саналган басылмалардын бардыгы акчаны ар кимиси чыгарып, бир миллион сомду төлөп бериши керек эле. Бирок "Издательский дом Вечерний Бишкек" ишканасынын директорлор кеңешинин жетекчиси Александр Рябушкин аталган басылманын директору М.Божокоев менен сүйлөшүп алып, ыйгарым укуктарын колдонуп, акционерлердин кызыкчылыгына каршы келген кадамга барып, бир миллион сом төлөп беришкен. Каражат аталган басма үйдүн эсебинен берилген", — деп түшүндүрүштү ИИМден.

Тараптар 2016-жылдын 21-октябрында келишимге кол коюп, ошол эле күнү басылма үйдүн кассасынан Мамбеталиевге чыгым ордеринин негизинде бир миллион сомду накталай беришкен.

ИИМ Рябушкин жана Божокоев бул кадамы менен "Издательский дом Вечерний Бишкектин" акционерлерине материалдык чыгым келтиргенин бекемдеди.

Мындан улам 173-берененин ("Алдоо же ишенимден кыянаттык менен пайдалануу аркылуу мүлктүк зыян келтирүү") экинчи бөлүмү, 221-берененин ("Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы") биринчи бөлүмү жана 350-берененин ("Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды кол менен жасоо, даярдоо, берүү же пайдалануу") биринчи бөлүмү боюнча кылмыш иши козголду.

"Вечерний Бишкек" чатагы

2014-жылы жабык түрдөгү "Издательский дом Вечерний Бишкек" акционердик коомунун ал кездеги ээси жана "Рубикон" рекламалык фирмасынын башчылары Александр Ким менен Александр Рябушкиндин ортосунда мүлк талаш башталган. Рябушкин ага басылма үйдүн акцияларынын бир бөлүгүн берүүнү талап кылып, сотко кайрылган. Аталган акцияларынан мурдагы президент Аскар Акаевдин маалында айрылып калганын жарыя кылган.

Талант Мамытов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Депутат адвокат Токтакуновдун шайлоо боюнча билдирүүсүнө чара көрүүнү сунуштады
Сот анын дооматын аткарып, Рябушкин бирге иштеген Кимге тиешелүү акциялардын 50 пайызын алган. Мындан кийин басма үйдүн жетекчилиги менен эмгек жамааты да алмашкан. Александр Ким мунун баарына учурдагы (Алмазбек Атамбаевдин бийлиги – ред.) бийликтин катыштыгы, анын ичинен президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязов, Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы Эркин Мамбеталиев, андан сырткары, Атамбаевдин мурдагы айдоочусу Икрамжан Илмияновдун тиешеси бар деген.

Мындай маанайдагы материал "Вечерний Бишкек" гезитине жарыяланып, андан кийин Мамбеталиев менен Илмиянов алардын ар-намысын, беделин коргоо үчүн кайрадан сотко арыз берген. Фемида өкүлдөрү редакцияны экөөнө компенсация иретинде бир миллион сомдон эки миллион сом акча төлөөгө чечим чыгарган.

2018-жылы Ким тартип коргоо органдарына кайрылып, жабык түрдөгү "Издательский дом Вечерний Бишкек" акционердик коомун, рекламалык фирмасын рейдерлик жол менен тартып алышкандыгын айткан. Мындан соң Башкы прокуратура кызмат ордун кыянаттык менен пайдалануу жана алдамчылык боюнча кылмыш ишин козгогон.

Жаңылыктар түрмөгү
0