Кыргызстандын абактарында 360 чет элдик жаран жаза мөөнөтүн өтөп жатат

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүАбак. Архив
Абак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алты жылдын ичинде алардын 204ү жазасын өтөп бүтөт.

БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов учурда Кыргызстандын жаза өтөө жайларында 360 чет элдик бар экенин айтып, 2019-жылдан 2024-жылга чейин алардын 204ү эркиндикке чыгарын парламенттин жалпы жыйынында билдирди.

Учурда депутаттар "Тышкы миграция жөнүндө" КР мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоорун карап жатат. Ал экинчи окууга киргизилет.

Женская исправительная колония № 2 в селе Степное - Sputnik Кыргызстан
Абактагылар үчүн мунапыс жарыялоо сунушталды. Тизмеге кимдер кирет?
Асанов аталган мыйзам долбоорунун 19-1-беренесине көптөгөн өзгөртүүлөр киргизилип, анын ичинде чет элдик жарандарды мекенине кайтаруу боюнча бир катар иштер так жазылганын, анда үч учур каралганын белгиледи. Тактап айтканда биринчи учур — жаза мөөнөтүн өтөп бүткөн жаран өзүнүн эсебинен чыгарылат, экинчи учурда чакырган же кабыл алган жактын эсебинен, үчүнчү учур — бул өзгөчө учур, мамлекеттин эсебинен чыгарылат. 2019-жылдан 2024-жылга чейин бул багытка мамлекеттик бюджеттен 2,5 миллион сомго жакын каражат талап кылынат.

"Биздин анализ боюнча 2019-2024-жылга чейин 204 чет өлкөлүк жаран жаза өтөө жайларынан бошотулат. Аларды Кыргызстандан чыгарып жиберүү үчүн мамлекеттик бюджеттен 2 миллион 467 миң 52 сом талап кылынат. 2019-жылы 590 миң сом, 2020-жылы 531 миң 850 сом керек. Каржы министрлиги менен сүйлөштүк, мыйзам кабыл алынса, бюджетке өзгөртүү киргизүү менен кийинки жылдын алты айынын ичинде бул маселени чечип беребиз дешти", — деди Асанов.

Депутат Тариел Жоробеков Кыргызстанга иштейм деп келип жаткан чет элдиктердин саны канча экенин жана алар уруксат кагазын алуу үчүн канчадан төлөй турганын сурады.

Мамлекеттик миграция кызматынын статс-катчысы Нурлан Шерипов 2017-жылы 14 миңден ашык уруксат кагазы берилсе, 2018-жылдын 10 айында 12 миңден ашык уруксат кагазы берилгенин айтты. Ал ошондой эле уруксат кагазы бир жылга берилерин жана анын ар бири үчүн 2 миң сомдон төлөнөрүн билдирди. Бирок мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр боюнча бул сумма он эсе көбөйгөн.

"Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип, премьер токтомго кол койду. Эми мындан кийин чет элдиктер ар бир уруксат кагазы үчүн 20 миң сомго чейин төлөйт. Мындай аракеттер мекендештердин эмгек рыногун коргоо жана бюджетти толтуруу максатында жасалып жатат", — деди ал.

Шерипов 2017-жылы уруксат кагаздарын берүүдөн мамлекеттик бюджетке 51 миллион сом түшкөнүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0