Сотрудница швейного цеха онкобольных женщин в Бишкеке

Айына 100 миң сомдой керек, экобаштык алыңыздар! Ракка чалдыккан аялдар кайрылды

3620
(жаңыланган 09:56 23.11.2018)
Борбор калаанын Киев көчөсүндө жайгашкан "Илбирс" имаратынын 4-кабатында онкологиялык ооруга чалдыккан аялдардын анча чоң эмес цехи бар. Ал жакта рак илдетине кабылган кыз-келиндер, аялдар экобаштык тигип сатышат.

Түшкөн акча өздөрүнүн химиотерапиясына, дары-дармегине жумшалат. Бирок бир процедура эле 50 000 сомдон өйдө болгондуктан, бул каражатты оорукчан аялдар үчүн чогултуу оңой эмес.

Коркунучтуу илдет менен күрөшүп жаткан аялдардын жумушу менен Sputnik Кыргызстан агенттиги таанышып келди.

Өтө эле тар бөлмөдө беш аял кыбырап баштык тигип отурушат. Арасында улгайгандары, 30га чыга элек жаштары да бар. Бул жер жөн гана цех эмес, "Курдашым" коомдук фондусунун кеңсеси. Жетекчиси Шайырбү Сагынбаеванын айтымында, тагдырлаш аялдар бири-бирин моралдык жактан да, материалдык жактан да колдоо үчүн ушул уюмга чогулушкан.

"Курдашым" "Биз ракка каршыбыз" уюмунун алдында, анын жетекчиси Гүлмира Абдразакованын арты менен түзүлгөн. Рак илдетине кабылгандар бир жагынан ооруса, бир жагынан каражат таппай жатып эси оойт. Акчасы барлар айыгып кетиши мүмкүн, каражаты жоктор көзү өтүп кетип жатат. Анткени химиотерапия Кыргызстанда аябай кымбат. Коңшу мамлекеттерде, ошол эле Тажикстан, Казакстанда бул процедура акысыз", — деди Сагынбаева.

Сотрудница швейного цеха, где трудятся женщины, страдающие онкологическими заболеваниями
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Өтө эле тар бөлмөдө беш аял кыбырап баштык тигип отурушат. Арасында улгайгандары, 30га чыга элек жаштары да бар

Анын айтымында, каражаттын жоктугунан айрым бейтаптар дарылануудан баш тартып коет.

"Жакында эле Гүлүм деген кыздын тагдырын көрүп аябай жаман болдум. Ал төрт химиясын алгандан кийин акчасы жетпей, "үй-бүлөмдү кыйнабайын" деп дарылануудан баш тартып коюптур. Азыр биз ага колдоо көрсөтүп, ушул экобаштыктан түшкөн акчаны чогултуп берип жатабыз. Коомдук фонд дарыланууга акчасы жок кыз-келиндерди чогулттук. Каражат чогулган сайын улам бирөөнүн химиясына кезектешип беребиз. Бир эле химиотерапия 50 000 сомдон өйдө, майда-чүйдө дарыларын эсептесек 80 000 миңге чыгып кетет", — деди Сагынбаева.

Сотрудница швейного цеха, где трудятся женщины, страдающие онкологическими заболеваниями
© Sputnik / Нургуль Максутова
Коомдук фонддун мүчөлөрүнүн айрымдары илдеттен дарыланып, оор учурун артта калтырса, кээ бири учурда дарт менен күрөшүп жаткан кези

Коомдук фонддун мүчөлөрүнүн айрымдары илдеттен дарыланып, оор учурун артта калтырса, кээ бири учурда дарт менен күрөшүп жаткан кези. 28 жаштагы Алина Алмаз кызы асман чапчыган химия терапияга акча таппай убара. Ал буга чейин онкологияык ооруканада медайым болуп иштесе, азыр илдетинен улам ал жакка бара албайм дейт.

"Медайым болуп иштесем деле болот. Бирок ооруган адам бир күн жакшы жүрсө, экинчи күнү төшөктөн тура албай калат экен. Дарылары күчтүү, кымбат. Медайымдын акчасы эч нерсеге арзыбайт. Анын үстүнө ооруган адамды өзүңө окшогон эле киши түшүнөт, ошондуктан өзүмдү алаксытып ушул жерде тагдырлаш адамдар менен иштеп жатам. Биздин сумкалар экологиялык жактан таза жана мээрим менен тигилген", — деди Алмаз кызы.

Сотрудница швейного цеха, где трудятся женщины, страдающие онкологическими заболеваниями
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
28 жаштагы Алина Алмаз кызы асман чапчыган химия терапияга акча таппай убара. Ал буга чейин онкологияык ооруканада медайым болуп иштесе, азыр илдетинен улам ал жакка бара албайм дейт

"Курдашымдын" колунан жаралган экобаштыктын баасы 800 сом. Бир кыздын химия терапиясына каражат чогултуу үчүн мындай баштыктан 100гө чукулун тигип сатыш керек. Бирок бейтаптар бир күнү жумушка чыкса, эртеси төшөктөн тура албай калышат. Илдет ушундай түшүнүксүз",- дейт 38 жаштагы Керээз.

"Бул каражатты, убакытты талап кылган коркунучтуу дарт экен. Аны ооруган адам жалгыз жеңе албай турганына көзүм жетти. Дарт менен бир жылдан бери алышып келе жатам, эки жолу операция жасаттым. Туугандарым, кесиптештерим көмөктөштү. Бирок алардын да азыр акча берүүгө дарамети калбай калды. Мындан улам фондго кайрылып, оорусам да арга жок иштеп жатам. Апам болсо менин оорумду уга элек. Көзү начар көрөт, укса ыйлап атып сокур болуп калабы деп корком", — деди ал.

Сотрудница швейного цеха, где трудятся женщины, страдающие онкологическими заболеваниями
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
"Курдашымдын" колунан жаралган экобаштыктын баасы 800 сом. Бир кыздын химия терапиясына каражат чогултуу үчүн мындай баштыктан 100гө чукулун тигип сатыш керек

Фонддун мүчөлөрү коомдук иш-чараларга активдүү катышып, дайыма позитивдүү маанайда жүргөндү жактырышат. Алар кейибейт, сынбайт. Жараткандын берген сыноосун баары тең кабыл алып, аны менен күрөштү уланта беришерин белгилеп кетишти.

3620
Белгилер:
баштык, илдет, фонд, рак, шишик
Тема боюнча
Ракка кабылган Гүлмира: оорумду укканда күйөөмө аял издей баштадым
Онкология борборунун башчысы Тилеков: энем өлсө кантип ыйлайм деп сарсанаа болдум
Учак асманда. Архив

Түркстан Бишкек Түркстан аба каттамы ачылмай болду

9
(жаңыланган 13:01 07.05.2021)
Жүргүнчүлөрдү ташуу Казакстандын FlyArystan лоукостери аркылуу аткарылат. Учуу убактысы 1 саат 15 мүнөт.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Бишкектен Түркстанга жаңы аба каттамы ачылат. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунан билдиришти.

Маалыматка караганда, мындан ары Бишкектен Казакстандын Алматы жана Нур-Султан шаарларына Түркстан аркылуу учууга болот.

"2021-жылдын 31-майынан тарта Түркстан — Бишкек — Түркстан багыты боюнча жаңы туруктуу каттам ачуу пландалып жатат. Рейстер дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү жүргүзүлөт", — дешти аба майдандан.

Жүргүнчүлөрдү ташуу Казакстандын FlyArystan лоукостери аркылуу аткарылат. Учуу убактысы 1 саат 15 мүнөт.

9
Белгилер:
Түркстан, рейс, Казакстан, Бишкек
Тема боюнча
Керосин жер алдындагы түтүк менен келчү. "Манас" аэропорту кантип курулган
Ростов-на-Дону шаарынан Ошко авиакаттам ачылып, биринчи жүргүнчүлөр келди. Сүрөт
Легендарлуу парламенттин депутаты, коомдук ишмер, саяпкер Кемел Ашыралиев

Ашыралиев: дүйнөдөгү күлүктөр үч породадан тараган

8
(жаңыланган 12:46 07.05.2021)
Легендарлуу парламенттин депутаты, коомдук ишмер, саяпкер Кемел Ашыралиев дүйнөдө ар кандай породадагы 200дөн ашуун жылкынын түрү бар экенин билдирди.

Дүйнөдөгү күлүктөр түркмөндөрдүн ахалтекин, англиялык таза кандуу порода жана арабдардын аргымактарынан тараган. Бул тууралуу Кемел Ашыралиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, алар жакынга жана ыраакка чуркай тургандар болуп бөлүнөт.

Ашыралиев: дүйнөдөгү күлүктөр үч породадан тараган
"Аттын баары эле катуу чуркай бербейт. Дүйнөдө күлүктүн үч эле породасы бар. Калгандары ошолорго аргындашып чыккан деп эсептелет. Мисалы, Орлов деген көпөс арабдардын аргымагы менен англиялык таза кандуу жылкыны аргындаштырып "орловский рысак" деген породаны чыгарган. Дүйнөдө 200дөн ашык порода бар. Дүйнөдөгү күлүк деп эсептелгендер түркмөндөрдүн ахалтекини, англиялыктардын таза кандуу жылкысы жана арабдардын аргымагы. Ахалтекиндин бир омурткасы ашык болуп койкоюп турат. Ошондой эле англиялык породанын буту узун, жүрөгү эки эсе чоң жана тамырлары жоон болот. Булар жакын аралыкка чуркайт. Ал эми арабдардын аргымактары кумга чуркап жүрүп көнгөн, алардын бакайы кыска болуп, алыска чуркайт. Эң узун аралыкка күлүктөрдү жарыштырган кыргыздар менен казактар. Аламан байге деп 40 чакырымга чейин чапкан учурлар дагы болгон", — деди Ашыралиев.

Саяпкер жылкылардын айрымдары бийик секиргенге, оор жүк ташыганга, желгенге жана жоргологонго ыңгайлашканын кошумчалады.

8
Белгилер:
Кемел Ашыралиев, ахалтекин, күлүк
Тема боюнча
Кадыркулов: "Ак кула" ат майданын реконструкциялоо гана керек