Кыргызча ырдаганды жакшы көрөт. Азиз Суракматов тууралуу 7 факты

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов. Архив
Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн, 22-ноябрда, борбор калаанын мэри Азиз Суракматов 47 жашка толду.

Мурда Бишкек шаардык кеңешинин жана парламенттин депутаты болуп жүрүп, үстүбүздөгү жылдын август айында калаа жетекчилигине келген Суракматов тууралуу 7 факты сунуштайбыз.

Маалыматтар мэрдин жакын адамдарынан жана ачык булактардан алынды.

Үй-бүлөсү. Азиз Суракматов тууган-уругу, жакындары жана жубайы тууралуу ЖМКларга чечилип айтууну жактырбайт. Антсе дагы эки уул менен бир кыздын атасы экени белгилүү. Улуу баласы Айдар Суракматов бизнес чөйрөсүндө. Атасы түптөгөн курулуш компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири катары айтылып келет. Кызы мектеп окуучусу.

© Sputnik / Табылды КадырбековАзиз Суракматов жакындары тууралуу ЖМКларга чечилип айтууну жактырбайт
Мэр Бишкека Азиз Суракматов - Sputnik Кыргызстан
Азиз Суракматов жакындары тууралуу ЖМКларга чечилип айтууну жактырбайт

Ата-энеси. Атасы Эмилбек Суракматов куруучу болгон. СССР учурунда бул тармактагы жетекчилик кызматтарга чейин жеткен. Апасы 2005-жылы оорудан улам көз жумган.

Бизнеси. Кыргызстандын курулуш рыногундагы ири компаниялардын катарына кирген "Елизавета" компаниясы Суракматовдордун үй-бүлөсүнө тиешелүү. Учурда документте анын негиздөөчүлөрү катары мэрдин уулу Айдар Суракматов жана эжеси Гүлбара Суракматова көрсөтүлгөн. Мындан тышкары, Юстиция министрлигиндеги маалыматтарда шаар башчынын жакындарына күзөт агенттиги жана соода-сатык компаниялары катталганын көрүүгө болот.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевСуракматовдун Бишкек шаарын жетектей баштаганына 3 айдан ашты
Субботник в Ботаническом саду им. Э. З. Гареева в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Суракматовдун Бишкек шаарын жетектей баштаганына 3 айдан ашты

Машыккан спорту. Сергек жашоону жактырат. Бош убактысында шахмат, стол үстүндөгү теннис ойнойт. Ошондой эле сууда сүзүп, картингде ары-бери зуулдаганды жактырат. Бул оюндарды сергек жашоо гана эмес, эс алуунун бирден-бир жолу катары кабыл алат.

Кыргызча ырдаганды жакшы көрөт. Жакындарынын айтымында, мэр кыргызча ырдаганды жакшы көрөт. Өзгөчө Алтынай Нарбаеванын аткаруусунда элге таанылган "Сен билген жоксуң" аттуу чыгарманы созолонто аткарат.

© пресс-служба мэрии города БишкекКурулуш рыногундагы ири компаниялардын катарына кирген "Елизавета" компаниясы Суракматовдордун үй-бүлөсүнө тиешелүү
Еженедельная планерка мэра Бишкека Азиза Суракматова - Sputnik Кыргызстан
Курулуш рыногундагы ири компаниялардын катарына кирген "Елизавета" компаниясы Суракматовдордун үй-бүлөсүнө тиешелүү

Жумушчуларына мамилеси. Курулуш компаниясын жаңы баштаганда кол алдында иштегендер Суракматовдун ишине так жана адилеттүүлүгүн ушул убакка чейин айтышат. Өзгөчө эмгек акыга келгенде аны кечиктирип же болор-болбос шылтоо менен кесип салбаганын унута электер бар. Бирок ошого жараша талапты катуу коюп, өз милдетин так аткарбагандарды жек көргөн жетекчи экенин айтышат.

© Sputnik / Табылды КадырбековКалаа жетекчиси бойлуу саясатчылардын катарын толуктайт
Празднование 27-летия независимости Кыргызстана в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Калаа жетекчиси бойлуу саясатчылардын катарын толуктайт

Бой-салмагы. Калаа жетекчиси бойлуу саясатчылардын катарын толуктайт. Sputnik агенттиги өлкөнүн биринчи адамдарынын бой-салмагын тизмектеп көргөндө, Суракматов алдыңкы саптарга президент Сооронбай Жээнбеков менен катар чыккан. Экөөнүн тең бою 182 сантиметрден. Ал эми мэрдин салмагы 88 килограм.

Жаңылыктар түрмөгү
0