Ирсалиев: бир пенсионердин акчасын үч киши камсыздашы керек

© Фото / официальный сайт Социального фонда КРСоциалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиев
Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Медер Ирсалиев пенсиянын тарифин карап чыгуу керектигин айтып, маселени кийинки жылдын планына киргизүү каралып жатканын кошумчалады.

БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиев 20 жыл бою камсыздандыруу төлөмдөрү үчүн 3 сом төлөгөндөр 2600 сом менен пенсияга чыгып жатканын айтып, тарифтерди карап чыгуу пландалып жатканын Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

Депутаттар "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2017-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетун бекитүү тууралуу" мыйзам долбоорун карашты.

Депутат ЖК Таабалды Тиллаев - Sputnik Кыргызстан
Радио
Тиллаев: соттор пенсияга чыгары менен эки миллион сом алышат
Эл өкүлү Закир Шарапов Соцфонддун төрагасына кайрылып, иштеп жаткан жарандардын топтогон пенсиялык каражаты азыр пенсия алгандардын төлөмүнө жетпейт деген маалымат канчалык туура экенин сурады.

Өз кезегинде Ирсалиев пенсиянын татыктуу көлөмдө болушу үчүн бир пенсионерге үч киши төлөшү керектигин айтып, бүгүнкү күнү уюшулбаган секторду — айыл чарба, дыйкан чарба жана патент менен иштеген жеке ишкерлерди алып салса, 648 миң пенсионерге 607 миң эле киши туура келип жатканын айтты.

Андан тышкары, кийинки жылы пенсиянын тарифтик планын карап чыгуу пландалып жатканын белгиледи.

"2019-жылы тарифтик саясатты карап чыгабыз деп үмүт кылып жатабыз. Анын ичинде дыйкан чарбалары менен жеке ишкерлердин тарифтик саясатын да карашыбыз керек. Мен ачык айтып коюшум керек, дыйкан, ферма чарбалардын төлөгөн үлүшү кээ бир жерде 3 сомго барабар болуп жатат. 20 жыл бою айына үч сом төлөсө, 7600 сом төлөйт экен. Бирок андайлардыкы 20 жылдык стаж болуп калып пенсияга чыкканга толук укук алып, 1780 сом базалык пенсияга ээ болуп жатат. Мындан тышкары, биз ага электр энергиясы үчүн жөлөк пул деп 242 сом, союз кезиндеги 5 жылдык эмгек стажын эсептегенде 600 сом кошулат. Ошондо 3 сом төлөгөн киши 2600 сом менен пенсияга чыгып жатат. Иш жүзүндө өзүнүн 20 жылда топтогон камсыздандыруу төлөмдөрүнүн эсебинен тапкан пенсиясы 30 эле сомду түзөт", — деди ал.

Ирсалиев, андан сырткары, уюшулган сектордун негизинен айыл жериндеги пенсионерлерге көп акча төлөнүп калып жатканын айтып, бул саясатты карап чыгуу керектигин баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0