Жалал-Абаддагы бала бакчалардын кызматкерлеринин билими текшерилет

© Sputnik / Табылды КадырбековБала бакчада уктап жаткан кыз. Архив
Бала бакчада уктап жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
№21 балдар бакчасында тарбиячынын наристеге жасаган орой мамилесинен кийин мэр Мураталы Тагаев атайын буйрук чыгарган.

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Жалал-Абад шаарындагы бардык мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин квалификациялык даярдыгы текшерилет. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти.

Шаардагы №21 балдар бакчасында тарбиячы менен бала багуучунун наристеге жасаган орой мамилесинен кийин мэр Мураталы Тагаев атайын буйрук чыгарган.

"Буйруктун негизинде топ түзүлдү. Аны шаардын социалдык маселелер боюнча вице-мэри жетектеп, курамында 5 адис бар. Текшерүүнүн жыйынтыгын үч күн ичинде мэрияга берүү милдеттендирилди. Максатыбыз — балдар бакчаларындагы терс көрүнүштөрдүн алдын алуу, кызматкерлердин даярдыгын көзөмөлгө алуу болуп саналат", — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, тарбиячынын бөбөктөргө кыйкырып-бакырып, жулкулдатып, балдардын бирин чекеге чапкан видеосу жарыяланган. Бул боюнча ата-энелер укук коргоо органдарына кайрылып кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0