Бүгүн премьер Таласты кыдырып, ишкерликтин абалы менен таанышат

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевПремьер-министр КР Мухаммедкалый Абылгазиев
Премьер-министр КР Мухаммедкалый Абылгазиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчы Мамлекеттик чек ара кызматынын Талас шаарындагы кызматкерлери үчүн көп кабаттуу үйдүн курулушун дагы текшерет.

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Жума күнү премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жумушчу сапары менен Талас облусуна барат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Сапардын жүрүшүндө Абылгазиев аймактын бир катар айыл чарба объектилеринин ишмердиги менен таанышат.

"Анын ичинде Бакай-Ата районундагы "Нур" көп тармактуу айыл чарба кооперативин, Кызыл-Адыр айылындагы сүттү кайра иштетүүчү "Эмилия" заводун жана Кара-Буура районундагы Жоон-Дөбө айылындагы Михаил Лущихин атындагы мамлекеттик асыл тукум заводун көрүп чыгат", — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, өкмөт башчы Мамлекеттик чек ара кызматынын Талас шаарындагы кызматкерлери үчүн көп кабаттуу үйдүн курулушун дагы текшерет.

Жаңылыктар түрмөгү
0