Жаңы жылга карата башкы аянт кантип кооздолот

Жазылуу
Муниципалитет аянтты кооздой баштады

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында жаңы жылдык балатынын темир каркасын орнотуу иштери башталды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

© пресс-служба мэрии города БишкекМонтаж металлического каркаса новогодней ели на плошади Ала-Тоо
Монтаж металлического каркаса новогодней ели на плошади Ала-Тоо - Sputnik Кыргызстан
Монтаж металлического каркаса новогодней ели на плошади Ала-Тоо

Балатыны "Бишкексвет" менен "Тазалыктын" кызматкерлери орнотуп жатат. Жаңы жылдын башкы атрибутунун бийиктиги 25 метрге жетип, диаметри 12 метрди түзөт. Каркаска 2 400 бутак бекитилип, 350 оюнчук, оюулар тагылмакчы. Мындан тышкары, диоддук гирлянда, мишура менен кооздолот. Анын ар бири 240 метрден болору айтылды.

© пресс-служба мэрии города БишкекМонтаж металлического каркаса новогодней ели на плошади Ала-Тоо
Монтаж металлического каркаса новогодней ели на плошади Ала-Тоо - Sputnik Кыргызстан
Монтаж металлического каркаса новогодней ели на плошади Ала-Тоо

Ал эми "Кышкы жомок" деп аталган жасалганын концепциясын "Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасы иштеп чыккан.

"Майрамдык композициянын борбору "Кар ханышасы" жомогу боюнча жасалган "Муз тактысы" деп аталган инсталляция болуп калмакчы. Ал фонтандын ордуна орнотулат. Тактыны күйүп-жанып турган муз жаныбарлары — ак илбирс, аркар, бугу жана бүркүт курчап турат", — деп айтылат маалыматта.

Аянтта жайгашкан фонтандарга күйүп турган 16 кристалл орнотулат.

Борбор калаанын башкы сүрөтчүсү Марат Жороев 2019 сандары чагыдырылып, гербдин элементтери кирген жаңы жылдын логотибин сунуштады.

Баса, былтыркы жана мурдагы жылкы балатынын бийиктиги да 25 метр болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0