Тапанча кармаган адам. Архив

Баткендеги прокурордун өлтүрүлүшү боюнча жаңы жагдайлар чыкты

3809
(жаңыланган 18:35 09.02.2019)
Ички иштер министрлиги кыйноолордун алдын алуу борборунун директорунун шектүүнү милиция кызматкерлери сабап жатат деген билдирүүсүн четке какты.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Алдын ала иликтөөгө ылайык, Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө шектелип кармалган жаран аны менен мушташкандыктан денеси көгала болуп калган. Мындай маалыматты КР ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Ички иштер министрлиги кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунун директорунун "шектүү катары кармалган М.Кны милиция кызматкерлери сабап жатат" деген билдирүүсү чындыкка коошпой турганын маалымдады.

"М.К. кармалгандан кийин бардык тергөө иштерине Баткен облусунун ИИБинин жетекчиси катышты, аны эч ким сабаган жок. Андан сырткары, сурак башталар алдында шектүү М.К. медициналык кароодон өтүп, денесинде көгала тактар бар экени аныкталып, ал документке жазылган. Алдын ала иликтөө боюнча шектүү жаран облус прокурору менен мушташа кетип, анын айынан денеси көгала болгон", — деп айтылат маалыматта.

Облус прокурору Анарбай Мамажакыповду өлтүрдү деп шектелип жаткан М.К. Оштогу убактылуу кармоо жайына киргизилген. Кылмыш ишти ИИМдин аймактар аралык башкармалыгы иликтеп жатат.

Эске сала кетсек, прокурор Анарбай Мамажакыповдун сөөгү 18-ноябрга караган түнү Төрт-Көл суу сактагычына жакын жердеги жолдон табылган. Анын денесинде зомбулуктун белгилери болгон. Укук коргоо органдары шектүү катары Капиталдык курулуш башкармалыгынын начальнигин кармаган. Каргашалуу окуяга чейин анын прокурор менен чогуу жүргөнүн көргөндөр болгон. Ошол эле күнү аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси ("Адам өлтүрүү") боюнча кылмыш иши козголгон.

3809
Белгилер:
прокурор, адам өлтүрүү, ИИМ, Баткен облусу, Кыргызстан
Тема:
Прокурор Анарбай Мамажакыповдун өлүмү (16)
Тема боюнча
Баткенде атылган прокурордун өлүмүнө шектелген аткаминер камалды
Баткен облусунун прокурорунун өлтүрүлүшү. ИИМ окуянын чоо-жайын айтты