Айдоочулардын эсине! Бишкек — Ош трассасы убактылуу жабылды

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек - Ош унаа жолундагы тоннель. Архив
Бишкек - Ош унаа жолундагы тоннель. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолго миң куб метрге жеткен кар көчкү түшкөн.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Бишкек — Ош унаа жолу автомашиналар үчүн убактылуу жабылды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине ЖКККББнын маалымат катчысы Тилек Оторов билдирди.

ӨКМдин маалыматына караганда, саат 15.40тар чамасында жолдун 127-чакырымына миң куб метрге жеткен кар көчкү түшкөн.

"Айдоочулардан жолго эртең чыгууну суранабыз. Биздин Жалал-Абад, Кара-Балта жана Сокулуктагы кызматкерлерибиз айдоочуларга эскертүү берип жатат", — деди Оторов.

Чектөө "Сосновка" менен "Арал" бекеттерине киргизилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0