Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун архивдик сүрөтү

Кыдырга жолугуп, президенттиктен баш тарткан. Чыңгыз Айтматов тууралуу 22 факты

7704
(жаңыланган 11:42 28.11.2018)
Абдыкерим Муратов
"Баатырдын атын алыстан ук, жанына келсең бир киши" дегендей, биз чыгармаларын окуп жүргөн, дүйнөгө аты таанымал Айтматов да жанына келсең, жакын билген адамдардан уксаң жөпжөнөкөй бир киши болуп чыга келет.

Атактуу кишинин айрым сапаттары, өмүрүндөгү кээ бир учурлары тууралуу колумнист Абдыкерим Муратов 22 факты сунуштайт.

Бала бакчада тарбияланган алгачкы кыргыз балдарынын бири. Атасы Төрөкул Айтматов жана апасы Нагима Айтматова Түштүктө жашап иштегендигине байланыштуу, Чыңгыз 1932-1934-жылдары Ош шаарындагы №1 балдар бакчасында тарбияланган. 1932-жылдын 8-августунда балдар тарбиячылары менен сүрөткө түшкөн, тарбиялануучулардын көпчүлүк бөлүгү башка улуттан экени көрүнүп турат. Ошонун бири Чыңгыз эле. 1934-1935-жылы Фрунзеге ата-энелери которулуп келгенде дагы балдар бакчасына баруусун улантат. Тагдырдын тамашасын караңыз, ошол бала бакчанын ордунда азыр Раззаков жана Киев көчөсүнүн кесилишинде Чыңгыз Айтматовдун эстелиги орнотулган. 

Торокул и Нагима Айтматовы. Архивное фото
© Фото / из личного архива Розы Айтматовой
Чыңгыздын ата-энеси — Нагима менен Төрөкул Айтматовдор

Алты жашында интервью берген. 1934-жылы "Ленинчил жаш" гезитинин ал кездеги жаш кабарчысы Райкан Шүкүрбеков бала бакчага келип, балдар менен сүйлөшүп, алардын ичинен Чыңгыздан интервью алат. Жаш бала келечекте шофёр болом дейт, ал материал аталган гезитке ошол жылы эле "Чыңгыз шофёр болом дейт" деген ат менен жарыяланган.

Тишинен курттар түшкөндө… Бала чагында жайлоодо тиши чыдатпай катуу ооруйт, ыйлайт, жер тепкилейт, жата калат, тура калат, ар кайсы үйгө чуркап кирет, бирок эч ким жардам бере албайт, айласы кеткен Айымкан чоң энеси ар кыл чөптөрдү коёт, ысытылган таштарды басат. Болбойт. Акыры табып алдырышат. Табып оозун ачтырып, шамга такатат, ар нерселерди айтып дубалап, акыры жуурканын ачканда баланын тиши тып басылып, жерде чачтай ичке кыбыраган майда курттар жаткан болот. Ошол-ошол болуп тиши оорубай калат. Кийин атагы чыкканда эчен жолу таанымал тиш доктурлардан адамдын тишинде курттар болобу деп сурай берет. Эч ким андай болот деп айтпайт.

Алгачкы эмгек акыны котормочулуктан алган. Бир жолу жайлоодо "Дон айгыры" деп аталган, колхоздун баасы кунсуз бир асыл малы өлүп калат. Ал өлгөн жер "уулуу шибер" деп аталган Уу-Саз деген жайыт эле. Бул окуянын тек-жайын билүү үчүн комиссия келет, ал орус киши экен, кыргызча билбейт, берки жылкычылар түгүл, жайлоодо башка бир адам да орусча айта албайт. Ошондо Айымкан байбиченин небереси орусча билерин эстешип, баланын энесине келишет да Чыңгыз тилмечтик кылып, жанагы келгин айгырдын уу чөп жеп өлгөнүн, бул жердин малы ал чөптү жебей турганын которуп берет. Акт жазылган соң оор жазадан азат болгон жылкычылар козу союп, "Сен аябай зээндүү бала экенсиң. Буерде болбогонуңда бу оруска түшүндүрө албай калмак экенбиз. Мынакей, алагой, сага устукан!" деп биринчи эмгек акысына чоң жилик карматышат да Чыңгыз аны сыртта турган достору менен бөлүшүп жейт. 

Чингиз Айтматов, лауреат Ленинской премии (1963) в области литературы и искусства за Повести степей и гор.
© Sputnik / Давид Шоломович
Чыңгыз Айтматов илимге шыктуу эле. Зоотехник болуп иштеп жүргөндө джерс ую менен Тянь-Шандын бийик тоолорунда жүргөн топоздорду аргындаштырмак болот. Джерс букасын мал салууга ылайыкташкан вагонго чыгарып, Жамбылга чейин жиберет. Ургаачы топоздорду да өзү бийик тоолордон алып келет.

Комбайнерге жана трактористке жардамчы болгон. Согуш жылдарында 1942-жылдан тартып мугалим, айыл кеңешине катчы, финагент гана эмес, комбайнерге жана трактористке жардамчы да болуп иштеген.

Көп мектептерде ар түрдүү тилдерде окуган жана бир классты "аттап" кеткен. Чыңгыз 1-2-классты Москвада орусча окуган, 1937-жылы Шекерден окуусун кыргызча уланткан, анан Кировкадагы №1 мектепте 6-класска чейин билим алган. 1942-1945-жылдарда окуусун таштап, тылдагы жумуштарга тартылган, 1945-жылдан 7-классты "аттап", 8-орус класска отурган. Сегизди бүтүп Жамбылдагы зооветтехникумдун 2-курсуна кабыл алынган. Бул жерде орус, казак тилдеринде сабак жүрө берген. Ошентип ал тилдерди айкалыштыра үйрөнүп отурган.

Кыдырга жолуккан. 1943-жылдын февралында Киров районунун Жийде айылында жашап турушканда "Сукра" аттуу ую боло турган. Ал төрт баланы, араң жүргөн апасын, күйөөсүнөн ажырап эжесин караан кылып келген Гүлша таежесин сүт менен баккан жалгыз ишенген малы эле. Бир күн ошол уюн уурдап кетишкенде 15 жашар Чыңгыз тракторчу Темирбекке барат да, анын мылтыгын алып ууруну издеп жөнөйт. Жамбыл жакка салат. Колундагы мылтыкты улам кыса кармап, бир дем менен чуркап баратканда алдынан эшекчен карыя чыга калганын байкабай да калат. "Анын башында түсү оңуп кеткен, эскилиги жеткен тери тебетей. Өзү да бир кембагал бечара карыптай. Ошол мискин чал ак сакалын жайкалтып, төрт буту жерге тийип-тийбей тыпырап баскан эшек минип келатыптыр. Ал көптөн бери киши барбай калган эски мазардан чыккандай". "Токтоп турчу, уулум?! Бирөөнү өлтүргөнү баратасыңбы?! – дейт ал. — Ооба, — дейт Чыңгыз, анын бул суроосуна кабагын бүркөп да койбой: — Ооба, өлтүрөм!". "Андай болсо шашпа! Менин сөзүмдү ук, бир аз аярла! Эмне үчүн өлтүргүң келип жатат, уулум? " – дейт тигил киши жайбаракат. "Тууганы калган бооз уюбузду уурдап кетишти. Төрт бир тууганбыз, эң улуусу менмин. Апам менен таежем болсо оорукчан…" — "Ошондойбу? Жаман болуптур, аябай жаман болуптур! Бирок сен мени ук! Өч жаман нерсе. Каргыш тийген ууру болсо да аны өлтүрүүнү ойлобошуң керек!" Мына ушундай диалогдон кийин ал карыя мындай насаатын айтат: "Мендей карыяны ук! Өлтүрбө! Мындай нерсени ойлоп да койбо! Yйүңө кайт! Бу жашоодо ушундай наамарттыкка баргандар сөзсүз жазасын алат. Бул сөзүмө ишен. Жаза ар дайым аны менен кошо жүрөт, кошо жатып, кошо турат. Бирок сен үйүңө кайтып, уурууларды өлтүрүү тууралуу кайра ойлонбосоң гана акыр аягы бактылуу болосуң. Бакыт сени өзү эле издеп таап келет. Сен мени жөн эле сүйлөп жатат деп ойлобо. Бир учур келгенде менин бул сөздөрүмдү эстеп, туура айтканымды билесиң. Yйүңө кайт, каралдым!"

Мына ушул сөздөр болочок жазуучунун тагдырын аныктап койгондой, азыр ойлосок, ошол киши Кыдыр болгон болуу керек дейсиң… 

Киргизский писатель Чингиз Айтматов (второй слева) беседует с колхозниками во время поездки по Ошской области.
© Sputnik / Борис Виленкин
Айтматов атасына байланыштуу Сталинге кектенип, чыгармаларында, маектеринде аны жана анын саясаты менен келише албаганын көрсөтүп келди

Гоголдун "Текшерүүчүсүндө" роль аткарган. 8-класста окуп жатканда алардын мектеби Гоголдун айтылуу чыгармасын сахналаштырып, Чыңгыз мурут жасап алып шаар башчысынын ролун аткарган.

"Эшектин окуусунда" окуган бала. Айтматов мектепти аяктап зоотехник жана ветеринария адистиги боюнча Жамбыл шаарындагы ветеринардык техникумга кирген. Теориядан окугандарын практикада көрүү үчүн мугалим Иван Григориевич студенттерин Атчабар деп аталган мал базарына алып барчу. Бир жолу ошол агай ошол базарда: "Студент Айтматов! Кел, бул жакка? Алдыңда бир макулук, же тагыраагы эшек турат. Кана дагы бир аз жакын бол? Азыр сен бизге бул жаныбарды мүнөздөп бер?"- деп кайрылат. Чыңгыз негедир көзгө тааныштай көрүнгөн эшек тууралуу билгендерин айта берет. Көрсө, ал эшек Шекердеги кошунасынын эшеги экен. Ээси келип калат. Ошол ошол болуп, бир күнү эч нерсе оюнда жок Шекерге, Каракыз апасыныкына барат. Апасы сүйлөшкүсү да келбейт да, "Сен мындан ары мен үчүн бир келесоосуң! Деги сен кимди алдап жүргөнсүң?! Окугусу келип жатыптыр тим эле! Эмнени!? Эшекти! Эшекчи болоюн деп атасыңбы ыя?" — деп бакырат. Көрсө, кошунасы балаңар окубай эле базарда темселеп, эшекчи болуп жүрүптүр, өз көзүм менен көрүп келдим деп айтып бериптир. "Айылдагы өзүбүздүн эшектер сага жетпей жатабы? Көчөгө чыгып алып, каалашыңча карай бер эшектериңди! Тиги жолдун аркы өйүзүндө бир короо эшек туру! Бар ошолорго! Мен да сени… Башыма бир балээ кылып алыпмын да! — Каракыз апасы ыйлап кирет. — Мен жанымды оозума тиштеп алып, акыркы тыйыныма чейин сага тыгын болсун деп жүрсөм. Сенин болсо эшектен башка окуй турган нерсең калбай калдыбы?!" Ошентип Чыңгыз тууралуу 1946-1947-жылдарда айылга эшектин окуусунда окуйт экен деген сөз тарап кеткен.

Сталин жана сталиндик стипендия. Айтматов атасынын тагдырына байланыштуу Сталинге кектенип, чыгармаларында, маектеринде аны жана анын саясаты менен келише албаганын көрсөтүп келди. Ал эми айыл чарба институтунда Сталиндик степендия менен окуп, башка студенттерден көбүрөөк акча алып жүрдү. 

Лауреаты Ленинской премии скульптор Лев Ефимович Кербель (слева) и писатель Чингиз Торекулович Айтматов
© Sputnik / Михаил Озерский
Жазуучу студент чагынан адегенде котормочулук жана анын теориясы менен алектенген

Бука менен топозду аргындаштыргысы келген. Фрунзеден Айыл чарба институтун бүтүргөн соң Кыргыз Мал чарбачылыгы илим изилдөө институтуна (КирНИИЖ) караштуу асыл тукум зоотунда зоотехник болуп иштеп калат да Англиянын түштүгүндөгү эң чоң Джерс аттуу аралда жүздөгөн жылдардан бери джерс ую өзүнүн сүтү менен дүйнөгө атагы чыгып келгенин угуп, ошолор менен Тянь-Шандын бийик тоолорунда жүргөн топоздорду аргындаштырмак болот. Институттан уруксат да алат, Ленинградга, андан Гатчинага барат. Джерс букасын мал салууга ылайыкташкан вагонго чыгарып, Жамбылга чейин жиберет. Ургаачы топоздорду да өзү бийик тоолордон алып келет. Тилекке каршы, эксперименттин андан аркы жыйынтыгы тууралуу биле албай калдык.

Япон тыңчысы делгенде… Ошол Гатчинага барып, буканы Жамбылга чейин деп поездге салып ийип мейманканада жүрсө, кимдир бирөөлөр артынан калбай аңдый беришиптир. Гатчина – бир кездеги орус падышаларынын жана ак сөөктөрүнүн эс ала турган, серүүндөй турган ажайып жери эмеспи. Көрсө, аны советтик контрчалгынчылар Япон өлкөсүнөн келген тыңчы экен деп адашып алышыптыр.

Академик Лущихиндин арманы. Михаил Николаевич 1953-жылга чейин Кыргыз айыл чарба институтунун зоотехника кафедрасынын башчысы, 1954-1964-жылдарда Кыргыз ССР ИАнын зоология жана паразитология институтунун жаныбарлардын генетикасы жана морфологиясы лабораториясынын жетекчиси катары адегенде студент, кийин кызматкер болуп жүргөн, орус тилин мыкты билген, илимге өтө шыктуу Чыңгыз Айтматовду аспирант кылып алууга, илим чөйрөсүнө тартууга аябай кызыккан. Тилекке каршы, жаш кадрдын документиндеги "контрдун баласы" деген мөөр бул эки адамды бириктире койбоду… Ошентсе да Кеминге бөлүнгөн оорулуу апасы бар жаш адисти Фрунзеде КирНИИЖде алып калууга жардам берген. 

Писатель Чингиз Айтматов
© Sputnik / Фред Гринберг
Апсамат Масалиев отставкага кетип, президенттик кызмат орду киргизилип, демократтарда өлкө жетекчисин тандоо мүмкүнчүлүгү турганда жазуучу Казат Акматов баш болгон бир нече адам жазуучуну ушул орунга көрсөтөлү деп барганда Айтматов сылык гана баш тартып коёт

Биринчи учурда котормого ык койгон. Студент чагынан адегенде котормочулук жана анын теориясы менен алектенген. 1951-жылдын 11-ноябрындагы "Ленинчил жаш" гезитине "Орусча-кыргызча сөздүк" жөнүндө", 1952-жылдын 24-январындагы "Советская Киргизия" гезитине "О терминологии киргизского языка", 1953-жылы "Оригиналдан алыс турган котормолор" деген макалалары басылат. Эч бир басма менен келишим түзбөй эле өз алдынча Михаил Бубенновдун "Ак кайың", Валентин Катевдин "Полктун уулу" повесттерин орус тилинен кыргыз тилине, Түгөлбай Сыдыкбековдун "Тоо арасында" романынан айрым бөлүмдөрүн кыргыз тилинен орус тилине которуп чыгат. Муну менен эле чектелген эмес окшойт, Кыргыз ССРинин жазуучулар союзунун төрагасы Азиз Салиев Жогорку адабий курска жиберүү үчүн жазган жолдонмо катында жолдош Айтматов кыргыз жазуучуларынын бир нече чыгармаларын орус тилине которгонун белгилеген.

Кыргызстандын президенти болуудан баш тарткан. Кыргыз Республикасы өз алдынча мамлекет болуп, Кыргызстан Коммунисттик партиясынын биринчи катчысы Абсамат Масалиев отставкага кетип, президенттик кызмат орду киргизилип, демократтарда өлкө жетекчисин тандоо мүмкүнчүлүгү турганда жазуучу Казат Акматов баш болгон бир нече адам жазуучуну ушул орунга көрсөтөлү деп барганда ал сылык гана баш тартып коёт.

Өзүнө жана окурмандарына олжолуу болгон Европа. Жазуучу 1992-жылдан Россиянын, 1994-2007-жылдарда Кыргызстандын Бельгия, Нидерланддар, Люксембург өлкөлөрүндөгү атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси катары Европада жашады. Бул мезгил Бишкекте саясий күрөштөр, ар түрдүү төңкөрүштөр, шайлоолор байма-бай болуп турду, Айтматов мына ошол окуялардан четте турганы, чыгармачылык менен алектенип жүргөнү, кыйла нерседен таза калганы азыркы учурдан караганда бир кыйла жакшы болгон экен дейсиң. 

Народный писатель Киргизской ССР Чингиз Айтматов в своем рабочем кабинете в городе Фрунзе (ныне Бишкек), где он написал почти все свои произведения.
© Sputnik / Виктор Чернов
Жазуучу 1992-жылдан Россиянын, 1994-2007-жылдарда Кыргызстандын Бельгия, Нидерланддар, Люксембург өлкөлөрүндөгү атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси катары Европада жашады

Машина айдай алган эмес. Бала убагында шофёр боломун деп кабарчыга интервью берсе да жазуучунун автомобиль башкарып жүргөнүн көрбөдүк, ал машина айдаган эмес. Бирок Роза Айтматованын бизге берген маалыматына таянсак, бир жолу Ысык-Көлдөн келе жатып айдоочусунан суранып кызматтык машинасын айдап да көрүптүр. Чамасы жакпай калганбы, же айдай албай койгонбу, айтор ошол боюнча рулга отурбаптыр. Бала чактан ат үстүндө жүргөнгөбү, ат мингенди сагынып турган.

Коңурук тарткан адамдын жанында жата алчу эмес. Бөлмөдө кимдир бирөө коңурук тартса, уктай албай жүрө берчү экен. Ошон үчүн ошондой адаты бар адамдарды мен уктап калгандан кийин келип жаткыла дечү дешет.

Кагаз чаңына аллергиясы болгон. Эски гезит барактарын, эски кагаздарды барактоодон аябай кыйналчу. Эгер барактарда чаң болсо, колдорунун манжалары кызарып, кычышып кетчү. Айтылгандарга караганда мындай нерсеге "Жамийла" повестинин Жазуучулар союзунда катуу сындалганынан кийин тушуккан экен. 

Кыргызский писатель, герой Кыргызской Республики Чингиз Айтматов с семьей за столом
© Фото / из архива семьи Айтматовых
Айтматов үй-бүлөсү менен

Ырдабаса да ырдап коёр эле. Бир жолу студент кезинде Ленинди, Сталинди аралаштырган бир орусча ырды ырдап, анысы ошол кезде радиого жазылып, эфирге чыккан экен. Бир туугандары угуп ыраазы болушуптур. Дагы бир жолу Индонезиянын королу ар түрдүү өлкөлөрдөн конок чакырып, дасторкон үстүндө ар ким өз тилинде ырдасын деп сураныптыр. Анда атактуу жазуучу "кыргызча ким түшүнмөк эле" деп секетбайлардан бир куплет созуп ийиптир. Кийин дагы бир конок — казак делегациясынын өкүлү анын ошол ырын аябай мактаган экен.

Учакта өтө көп учкан. Айтматов дүйнө кыдырган жазуучу жана коомдук ишмер болуу менен өмүрүнүн көп сааттарын, күндөрүн учакта өткөргөн. Учкучтарга да, стюардессаларга да асманда жүргөн белгилүү бир саатын толтурган соң учууга уруксат бербейт. Ал эми жазуучу бир адамга мүмкүн болбогон убакыт-саатын асманда өткөргөн.

Ар дайым кызыгуу менен окуп турган жазуучулары — Эрнест Хемингуэй, Габриэль Гарсие Маркес, Джеймс Джойс, Марсель Пруст, Фазиль Искендер.

7704
Белгилер:
ыр, факты, окуу, улуу жазуучу, котормо, гезит, Чыңгыз Айтматов
Тема:
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (285)
Тема боюнча
"Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт" тууралуу 10 факты. Айтматов идеяны кайдан алган?
Роза Айтматованын ыймандай сыры. Сагыныч, атак-даңк жана арман
Бий үчүн жаралган... Балет ханышасы Бүбүсара Бейшеналиева тууралуу 7 факты