Кар кайра качан жаайт? Келерки аптага карата аба ырайы

© Sputnik / Михаил ДудинВид на утренний Бишкек
Вид на утренний Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Метеорологдор аптанын эки күнү айрым жерлерде кар жаай тургандыгын эскертти.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Кыргызгидромет 26-ноябрдан 30-ноябрга чейинки аба ырайынын божомолун жарыялады.

Принудительный спуск снежных лавин на автодороге Бишкек-Ош - Sputnik Кыргызстан
ӨКМ Бишкек — Ош жолундагы бүгүнкү кырдаал тууралуу маалымат берди
Синоптиктер 26-ноябрда жаан-чачын күтүлбөстүгүн айтты. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңуп, тайгалак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет.

27-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, ал эми күндүз жана эртеси, 28-ноябрда, айрым жерлерде кар жаашы мүмкүн. Жолдор тоңуп, тайгалак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

29-30-ноябрда  күндүн көзү бузулбайт. Жолдор тоңуп, тайгалак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0