Жапжаш кыз-жигиттердин оозу эмнеге жыттанат? Стоматологдун маеги

© Sputnik / Александр Гальперин / Медиабанкка өтүүПризыв на военную службу в Санкт-Петербурге
Призыв на военную службу в Санкт-Петербурге - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Стоматолог Асира Жанузакова 30 жылдан бери тиши ооругандардын азабын арылтуу менен алектенип келет. Ал акыркы жылдары "ооздогу жыттан кантип кутулам" дегендер көбөйдү деп коңгуроо какты.

Ооздун жыттануусу адамды ар убак кыжалат кылып, комплекс пайда кылып, стресске чейин алып келет дейт Жанузакова. Ал илдеттин келип чыгышын жөнөкөй тил менен түшүндүрүп берди. 

© Sputnik / Гулдана ТалантбековаЖогорку категориядагы тиш дарыгери Асира Жанузакова
Столичный стоматолог Асира Жанузакова - Sputnik Кыргызстан
Жогорку категориядагы тиш дарыгери Асира Жанузакова

Акыркы 10-15 жылдан бери ооз жыттануу менен кайрылгандардын саны үзүлбөй келет. Бейтаптар биз сурай электе эле курт жеп кеткен, пломба коюлган же жакынкы убакытта дарыланган тишин көрсөтүп, жыт ушундан чыгып жатат деп ойлой беришет. Дарыгер бүтөгөн тиштен эч кандай жыт чыгышы мүмкүн эместигин айтты.

Эмнеге жыттанат? Курт жеген тиш эбак оюлуп, ага тамактын калдыктары тыгылып калган учурда же ашказандын күптү болушунан пайда болот. Өзгөчө той-аштан ар кайсыны жей беребиз дагы, ал ичте топтолуп отуруп өзүнчө эле бир "ачыткыга" айланып, жыт берет.

Национальный центр охраны материнства и детства - Sputnik Кыргызстан
Жанына киши тура албай калат... Наристе гана ооруй турган 8 дарт
Ошондой эле ооз көңдөйүндөгү пародонтит жана гинвивит ооруларынын кесепетинен жыттанат. Пародонтит — тиштин тамырынын айланасын камтып турган эттин сезгенүүсү. Тиштин түбүнө пайда болгон таштар акырындык менен көбөйүп, этин ириңдетип, бошотуп түшүрүп салганга чейин алып келет. Мурда пародонтит менен улгайгандар кайрылчу, азыр жаш балдар да келүүдө.

Ал эми гингивит оорусунда тиштин бүйлөсү жалпысынан сезгенет. Бир караганда пародонтитке окшош. Айырмасын тиш дарыгери гана ажыратып биле алат. Гингивит оорусу кош бойлууларда жана өспүрүмдөрдө кездешет. Белгиси тиштин эти кызарып, барсайып шишип, кээде канап, жагымсыз жыт берет. Гингивитти убагында дарылап, түп-тамыры менен жок кылуу мүмкүн. Пародонтитти жакшылап карабаса, өнөкөт кармаган адаты бар.

Жапжаш кыздар, балдар "оозум жыттанып жатат, сүйлөгөндөн уялам" деп келишет. Жадакалса "неберелеримди өпсөм, "апа, оозуң жыттанып атат" деп жатышат" деп чоң апа, чоң аталар кайрылышат. Биз ооруну абдан кылдат аныктаганга аракет кылабыз. Бул бүйлөнүн сезгенүүсүбү, пародонтитпи же курт жеген тиштен чыгып жаткан убактылуу жыт экендигин билишибиз керек. Эгер бейтапта ушунун баары аныкталбаса, ооздогу жыт ички органдардан келип жатат деп түшүнүүгө болот. Маселен, өтү ооруп оозуна сары зил келгендер же ичеги-карын, ашказаны жабыркагандар бар. Бул ооруларды башка адистер карайт.

Жагымсыз жыттын айынан ментол кошулган сагыздарды чайнап, атайын оозго себе турчу спрей колдонушат. Бул нерсенин баары убактылуу. Пародонтит менен гингивитте тиштин айланасына же жалпы организмге дарылоо жазылат. Ага дары-дармек, ийне саюу, физиодарылоо, витаминдерди берүү, таштарды тазалоо (пародонтит оорусунда) жана укалоо кирет. Ооба, тишти укалоо! Арзыбаган иштей көрүнүшү ыктымал, бирок абдан натыйжалуу. Колду таза жууп ооз көңдөйдүн ичи же тышы укаланат. Бул кан айланууну жакшыртып, дарттын тезирээк айыгышын шарттайт. Айтылгандардын бардыгы дарыгердин көзөмөлү менен гана жүргүзүлүүгө тийиш.

Көчөдө бараткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Турмушка кеч же эрте чыкса эмне болот? Гинекологдун маеги
Иш тажрыйбама таянсам, карыган адамдардын оозум жыттанат дегенин чанда угам. Себеби алар тишин таза кармайт, жаштарга салыштырмалуу зыяндуу химикат тамактарды аз жейт, ошондой эле улгайган адамдар өзүн жакшы карап ашты ылгап ичет. Ошондой эле намаз окугандардын тиши жылмакай жана бүтүн келет. Сураштырсам, мисвак (дарактын бутагынан же тамыранан жасалган тиш жуугуч) менен жуушат экен. Мен, албетте, дарыгер катары окурмандарга мисвакты түздөн-түз сунуштай албайм, бирок колдонгондордон терс пикир укканым жок.

Бейтап дарыгерден тартынбашы керек. Албетте, иш учурунда медициналык беткабы жок иштегенге мүмкүн эмес. Ансыз деле өзүн ыңгайсыз сезип келген адамдарга аяр мамиле жасоого аракет кылабыз. Келген бейтаптын оозунун жытынан мурун чүйрүбөйм. Тамашага салып, "Жигитиң барбы, же кызың барбы, сага жыттанып атат деп айта элекпи?" деп дарыланууга үгүттөйм. Негизи эле келгендер менен тил табышканга аракет кылып сөзгө тартам. Бизде бир эле учурда кол, бут (аппаратты башкарып), ооз иштеп турушу керек да.

Мурда стомалогдор кабинетте отура бербей аймактарга үгүт иштерине барчубуз. Агезде калкка ден соолукка кам көрүү боюнча маалыматтар абдан көп берилчү. Азыр көбү билип-билбей эле тишин жулдура берет же таптакыр дарылаганга болбой калганда келишет. Жаштардын бардыгы брекет кийип калышты. Илгери пластинка менен оңдоп койчу. Брекет деген асмандын башы, миң доллардын тегереги! Аны дагы ай сайын 500-1000 сомго коррекциялап туруш керек. Тишим соо деп ойлосоңуз дагы бир жылда бир көрүнүп койгон ашыктык кылбайт. Өнөкөт оорулары барлар дарыгерге жарым жылда бир келиши керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0