Ич кийимчен бийлеген эркектер, роботко "айланган" аял. Тойдогу ооз ачырган 10 оюн

Жазылуу
Той-топурлардагы обужок тамадалар жана алардын ыксыз, акылга сыйбаган оюн-зооктору барган сайын көбөйүп баратат. Уялбагандан өзүң уял болуп, жакшы бир иш кылып жаткансып улгайган эле адамдарды ортого чыгарып алып жыргаган тамадаларга таң бересиң.

Sputnik Кыргызстан агенттиги тойдогу ушундай оюндардын топтомун сунуштайт.

"Аялыңдын кайсы жери жагат"

Интернетти барактап отурсаң, "Аялыңдын кайсы жери жагат?" деген оюнду ойноткон тамадалар көп эле экен. "а", "к", "э" тамгаларын берип, "Аялыңдын кайсы жери жагат?" — деп элден биринчи өзү жыргаган тамаданы көргөндө таң каласың. Той, албетте, шаңдуу болуш керек, бирок сөзсүз эле ушундай оюн уюштуруу кажет эмес да. Тамгаларды кармаган чоң эле кишилер, аны менен кошо коноктор жаш-кары дебей боору эзилип отурат. Эх, кайда баратабыз…

Күрөшкөн кудагыйлар

Бул окуя кайсыл жакта болгонун так билбейбиз, бирок Кыргызстанда экени сүйлөгөн сөздөрүнөн даана эле көрүнүп турат. Аялдарды тегерете отургузуп алып эки кудагый күрөшүптүр. Экөө балбандардан бетер кармашыптыр.

Жигиттер менен жанаша бийлеп, робот болгон аял

Жашы 40-50дөн өтүп калган аял жаш жигиттер менен жарыша бийлеп, анысы аз келгенсип, көпчүлүк алдында бийчи Атай Өмүрзаковду туураптыр. Бул өнөрүн теңтуш же чакан кечеде эле көрсөтсө болмок деп тим болдук…

Робот болгон кишилер дагы жок эмес

Эркектерден экинчи аялын, саунага барарын сураган тамада

Экинчи аял, сауна тууралуу үй-бүлөсү менен тойго келген кишиден суроонун кажети барбы?

Мындан башка оюн, мындан башка суроо таппай калгансып тамгаларды карматып "Саунага ким менен бардыңыз?"- деп сураган тамадалар да жок эмес.

Калпакты кордогон тамада

Бул той Лейлекте болгон окшойт. Анда тамада ортого баш байгеге жылыткыч коюп эркек-аялдарды оюнга чыгарыптыр. Баарын стол айландырып бийлетет экен. Жөн бийлетпей бири-бирине калпак кийгизиш керек экен. Баш байгени жеңиш үчүн аял-эркек, жаш-карысына карабай бири-бирине матырып калпакты кийгизип, айтор баш кийимди бир топ эле кордошуптур. Калпак кийген аялдарды ушул жактан көрсөңөр болот.

Ич кийимчен бийлеген эркектер

Чоң эле кишилердин тойдо шымын чечип, ич кийимчен бийлеген дагы видеосу бар экен.

Короз болгон абышка-кемпир

Короздун бийине бийлей элек абышка-кемпирлер эле калды эле. Бул дагы тамаданын тапшырмасы. Аларды карап келин-кесеги, небере-чөбөрөсү отурат. Оюн десе эле ойното бергендин канчалык кажети бар?!

Жаңылыктар түрмөгү
0