"Кыргыз Туризм" мамлекеттик ишканасын түзүү сунушталууда

Жазылуу
Өкмөт башчы конкреттүү мөөнөттөрдү белгилеп, туристтердин агымын көбөйтүү үчүн уникалдуу маданий-тарыхый объектилердин жанындагы инфраструктураны жакшыртуунун маанилүүлүгүнө өзгөчө басым жасады.

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев жер-жерлердеги туристтик инфраструктураны жакшыртуу, туристтик статистиканы иретке келтирүү, чет элдик туристтердин келүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча комплекстик чараларды иштеп чыгууну талап кылды.

Өкмөттүн маалымат кызматынын билдирүүсү боюнча кеңешме өтүп, Абылгазиев өлкө аймагындагы туристтик кемпингдерди жана эс алуу тармагын уюштуруу боюнча чараларды кабыл алуу керектигин белгилеген.

"Туризм — экономикабыздын дээрлик бардык тармактарына стимул берүүчү социалдык-экономикалык өнүгүүнүн бирден-бир натыйжалуу катализатору болуп саналат. Биз 2023-жылга дейре туризмдин өлкө ИДПсындагы үлүшүн 5 пайыздан 10 пайызга жеткирүү милдетин койдук. Бул өтө амбициялуу цифра, бирок Кыргызстандын туристтик потенциалын эске алуу менен биз туризмди өнүктүрүүнүн натыйжалуу механизмдерин иштеп чыгуубуз керек", — деди Абылгазиев.

Өкмөт башчы конкреттүү мөөнөттөрдү белгилеп, туристтердин агымын көбөйтүү үчүн уникалдуу маданий-тарыхый объектилердин жанындагы инфраструктураны жакшыртуу маанилүүлүгүнө өзгөчө басым жасады.

"Келечекте ар бир райондо бир нече уникалдуу туристтик объектилер болушу тийиш. Бизге ар бир облустун чегинде тигил же бул объектинин деталдык сүрөттөлүшү менен так картасы керек", —деди ал.

Туристтер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Туристтер үчүн эң кооптуу өлкөлөр аталды. Кыргызстан кайсы орунда?
Премьер-министр ошондой эле өлкө боюнча конкреттүү туристтик долбоорлорду ишке ашыруу үчүн туризм тармагына жергиликтүү жана чет элдик инвестицияларды тартуу иштерин күчөтүүнү талап кылды.

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов өкмөттүн 2019-2022-жылдарга туризм тармагын өнүктүрү боюнча программасынын долбоорун сунуштады.

Анын маалыматында, учурда бардык туристтик долбоорлорду инвентаризациялоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары, өлкөнүн туристтик тармагын өнүктүрүү иштеринин таасирдүүлүгүн арттыруу максатында "Кыргыз Туризм" мамлекеттик ишканасын түзүү сунушталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0