Кыргызстанцы заняли первое место на международном турнире по спортивным танцам среди подростков Осенний вальс — 2018

Кыргызстандык жаш бийчилер эл аралык турнирде алтын тагынды

152
(жаңыланган 21:02 27.11.2018)
Мелдеш узаган аптада Казакстандын Алматы шаарында өтүп, ага бир нече мамлекеттен 1400дөн ашык бийчи катышты.

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Кыргызстандык эки өспүрүм спорттук бий боюнча "Күз вальсы — 2018" эл аралык мелдешинде алтын медаль тагынды. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине спортчулардын машыктыруучусу Алия Булатаева билдирди. 

Кыргызстанцы заняли первое место на международном турнире по спортивным танцам среди подростков Осенний вальс — 2018
© Фото / предоставлено Алией Булатаевой
Международный турнир по спортивным танцам "Осенний вальс — 2018"

Мелдеш узаган аптада Казакстандын Алматы шаарында өтүп, ага бир нече мамлекеттен 1400дөн ашык бийчи катышты.

Булатованын айтымында, Кыргызстандын атынан 12 жаштагы Либгольд Мораст менен 13 жаштагы Алёна Мелникова латын америка программасынын өспүрүмдөр категориясында чогуу бийлеп, натыйжада биринчи орунга ээ болушкан.

152
Белгилер:
бий, өспүрүм, алтын, Кыргызстан
Тема боюнча
Бул кыздардан модель чыкмак... Кыргыздын күчтүү жана ажарлуу спортчулары сүрөттө